Бишкекте поезд эркек кишини өлтүрө сүзүп кетти

Иллюстративдик сүрөт

Темир жолдон өтүп бараткан эркек кишини поезд сүзгөндөн кийин мерт болгон. «Кыргыз темир жолу» мекемесиндегилер ал өз жанын кыйган деп эсептешет, ал эми милиция азырынча бүтүм чыгара элек.

Адам өмүрүн алган окуя 12-декабрь күнү эртең менен Бишкектин Асаналиев көчөсүнө жакын жердеги темир жолдо болгон. «Кыргыз темир жолунун» (КТЖ) басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ал адам поезд менен сүзүшкөндөн улам жан берген.

КТЖнын басма сөз катчысы Эркинбек Каимов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, эркек киши өзү поезддин алдына секирген.

«Учурда себептери аныкталууда. Азыр ал жакта комиссия менен укук коргоо органдары иштеп жатышат», — деди ал.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү «Клооптун» кабарчысына азырынча набыт болгон адам поезддин алдына өзү секирген деп айтканга эртелик кылат деди.

«Тергөөчүлөр дыкат териштиришет. Азырынча ал өзү секиргени же бул күтүлбөгөн кырсыкпы белгисиз. Машинист ал тез пайда боло калганын айтты», — деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Бир күндөгү эле эки окуя

Дагы бир окуя «Токмок» темир жол бекетинде болгон. 18 жаштагы кыз маневрдук локомотивдин (поезддердин атайын бир түрү) алдында калып бирок кырсык аны жандап өткөн.

«Ал өзү күнөөлүү. Поезддин алдында калган окуялардын көпчүлүк учурунда жөө жүргүнчүлөр менен айдоочулар күнөөлүү», — деп эсептейт Каимов.

ИИМден Токмоктогу поезддин алдында калган кыздын бутун ампутация кылышканын кошумчалашты. «Ал вагондордун ортосунан өткүсү келип, ошол учурда курам ордунан жыла баштаган», — деп маалымдашты басма сөз кызматтан.

КТЖ өзүнүн маалым катында жөө жүргүнчүлөрдү темир жолдордо этият болууга чакырган.

«Поездди дароо токтотуу мүмкүн эмес экенин түшүнүү керек. Токтотуунун жолу 500-800 метрди түзөт», — деп айтылган маалым катта.

КТЖ «адамдардын темир жолдорго уруксатсыз чыга калган учурлары үчүн жоопкерчилик тартпастыгын» белгилеген.


ТЕМА БОЮНЧА: