Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү жасады. Ал эки өлкөнүн куралдуу кагылышуусу жөнүндө маалыматты өтө чоң тынчсыздануу менен кабыл алганын билдирди.
«Кыргыздар да, тажиктер да бизге боордош калк, баарыбызды орток маданий баалуулуктар менен жалпы тарых бириктирип турат. Элибизге толеранттуулук мүнөздүү, өз ара сый мамиледе болуп келгенбиз», — деди Токаев.
Казакстандын президенти эки өлкө ортосундагы ок атышууларды токтотуу жана аскер күчтөрүн чыр-чатак чыккан аймактан алып чыгып кетүү боюнча түзүлгөн келишимди колдой турганын билдирди. Ошондой эле, казак президенти Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чыр-чатакты чечүүгө жеке өзү салымын кошорун дагы айтып өткөн.
Буга чейин Өзбекстандын ТИМи Баткен облусунун аймагындагы эки өлкөнүн чектеш жериндеги куралдуу кагылышууга байланыштуу Кыргызстан жана Тажикстанга кайрылган.
«Тараптарды куралдуу кагылышууну дароо токтотуп, кырдаалды турукташтыруу үчүн биргелешкен чараларды көрүүгө жана чыңалууну мындан ары күчөтүүгө алып келиши мүмкүн болгон иш-аракеттерден баш тартууга чакырабыз», — деп Өзбекстан билдирүү жасаган.
Андан сырткары Ташкент чатакты жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экенин кошумчалашкан.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун реакциясы
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы кагылышуу тууралуу үн катты.
Анын айтымында, «чек арадагы жаңжал токтотулушу керек, кырдаалды тынчтык жолу менен гана турукташтыруу зарыл», — деп белгиледи.
«ЖККУ бул жаңжал токтотулушу керек деп эсептейт. Аны тынчтык жолу менен гана чечиш керек. Бул жаңжалды жөнгө салуу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүүдө», — деп уюмдун басма сөз катчысы Владими Зайнетдинов ЖККУ башкы катчысынын сөзүнөн цитата келтирди.
Зайнетдиновдун айтымында, Дүйшөмбү шаарында ЖККУ отуруму өтүп жаткан кезде Станислав Зась түзүлгөн кырдаалды Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев жана Тажикстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулоо Махмудзода менен талкуулады.
29-апрелде Дүйшөмбү шаарында ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өткөн. Ал эми 27-апрелде — ЖККУнун Коргоо министрлер кеңешинин жыйыны болгон.
ЖККУнун курамына Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Беларус кирет. Аталган уюм «тынчтыкты сактоо, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо, уюмга мүчө мамлекеттердин көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин жамааттык негизде коргоо» максатында түзүлгөн.
БУУ «кырдаалга тынчсызданууда»
Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын орун басары Фархан Хак кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга БУУ тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирди.
«Биз окуяларга тынчсыздануу менен көз салып жатабыз, ал билдирүүлөрдү дагы көрдүк. Ошондой эле, Тажикстан менен Кыргызстан ок атышууну эки тараптуу токтотуу тууралуу сүйлөшкөнүнөн дагы кабарыбыз бар. Бул маалымат чын болсо, биз колдойбуз», — деди Хак.
Ал БУУ эки тарапты тең сүйлөшүүгө жана келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырарын кошумчалады.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр
Жаңжал 28-апрелде башталган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. 29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — эки тараптан тең курал-жарактар колдонулган.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитети Тажикстан ИИМинин атайын багыттагы аскерлер бөлүмү жана жоокерлери Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу тосмосун 29-апрелде саат 14:00до миномёт, пулемёт жана автоматтар менен жапырт аткылоону баштаганын билдирген.
Чек арадагы ок атышуудан улам Баткен жана Лейлек райондорунан 20 миңге чукул жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. Ал эми Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан Көк-Таш айылынан 600дөн ашуун адам эвакуацияланганын кабарлаган.
30-апрелде таңкы саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 134 киши жабыркап, алардын ичинен 13 киши набыт болду.
УКМК берген соңку маалымат боюнча, 29-апрелде атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын үч жоокери тажик тарап менен болгон кагылышуулардын жүрүшүндө шейит болду. 22 жоокер ар кыл оордукта жарадар болгон. Эки жоокердин абалы оор бойдон калууда.
Саламаттык сактоо министрликтин маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасынан 25 адам атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алар Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган. Алардын экөөсүнүн абалы оор, калгандарыныкы орто оор жана салыштырмалуу канааттандыраарлык деп бааланууда.
Тажик тараптан дагы жабыркагандар жана каза тапкандар бар. «Азия-Плюс» басылмасы өздүк булактарына таянып, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгонун жазган.