Баткен: Чек ара аймактарынан 20 миңден ашык киши эвакуацияланды

Көк-Таш айылынан эвакуацияланган кыргызстандыктар. 29.04.2021. Сүрөт: Хамидулло Узаков.

Лейлектеги чек арага жакын аймактардан 13 500 киши, ал эми Баткен районунан 7 093 киши Баткен шаарына көчүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Эвакуациялангандарга жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө, гуманитардык жардамдар жеткирилүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Баткен районунун Көк-Терек айылында 17 үй толугу менен өрттөлүп, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Сада, Максат, айылдарында, Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык, Борбордук, Арка айылдарында турак үйлөр жана май куюучу бекет өрттөнгөн.

Расмий органдар эки тараптуу ок атышуу токтоп, сүйлөшүүлөр журүп жатканын билдиришкен. Бирок жеринде жүргөндөр ок атышуу уланып жатканын айтышууда.

Кыргызстандын күч түзүмдөрү абалды толугу менен колго алганын билдирди. Акыркы маалыматтарга караганда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна келди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында кырдаал курчуп, 29-апрелде ал атышуу менен коштолгон. 30-апрелге караган түнү чыр күчөп кеткен. Анын кесепетинен үйлөр, дүкөндөр жана май куюучу жайлар өрттөнгөн.

30-апрелде таңкы саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 134 киши жабыркап, алардын ичинен 13 киши набыт болду.

Бир нече айылдарга өзгөчө кырдаал режими киргизилип, жергиликтүү тургундар эвакуацияланган.

Президент Садыр Жапаров чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, чек ара чырын чечүү милдетин биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковго жүктөгөн.

29-апрель күнү кечинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуп, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Эки өлкөнүн министрлери 29-апрелде саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүүнү макулдашышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:Чек ара чырынан каза тапкандардын саны 13 адамга чыкты — ССМ