Кыргызстан Баткенге гумжардам чогултууда. Кантип жардам көрсөтсө болот?

Кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатак тутангандан бери Лейлек жана Баткен райондорунан 20 миң киши эвакуацияланды. Алардын көбү мектеп имараттарында жайгаштырылды.

Гуманитардык каатчылыкка жол бербеш үчүн, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткен облусуна 54 тонна гуманитардык жардам жөнөтүп, керектүү медициналык каражаттардын тизмесин даярдап жатат. Дагы 54 тонна азык-түлүк жана эң зарыл товарлар түндө атайын учак менен Бириккен Араб Эмираттарынан учуп келди — ТИМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жүк Баткен облусуна жиберилди.

Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому дагы гумжардамдын алгачы партиясын чогултту — Баткен облусуна Бишкек жана Ош шаарларынан гигиеналык каражаттар, жууркан-төшөк, ошондой эле балдарга арналган буюмдар, оюнчуктар жөнөтүлдү. Каражат топтоо үчүн реквизиттер бул жакта.

Ошто гумжардамды шаардык мэрия чогултуп жатат — ал жакта атайын эсеп ачылды. Ошондой эле, коңшу облуска азык-түлүк жүктөлгөн алгачкы жардам жөнөп кетти. Качкындардын керектөөлөрүнө каражат чогултууну жаштардын демилгечил топтору да улантууда.

Бишкекте мэрия кызматкерлери бир күндүк маянасын баткендиктерге жардам катары которушту. Андан тышкары, акимиаттардын ар биринде гумжардам чогултуучу түйүндөр ачылды. Борбор калаа муниципипалитети болсо эвакуацияланган баткендиктер үчүн өз ыктыяры менен жардам көрсөтүүнү каалагандарга атайын эсеп ачты.

«Лучи Добра», «Самолёт», «Поколение Бест» ыктыярчылар топторунун формалдуу эмес бирикмеси гумжардам чогултуу үчүн жети пункт уюштурушту. Биринчи чогулган жүк бүгүн Баткенге жөнөтүлөт.

2020-жылы Октябрь окуяларында Бишкек шаарын коргогон «Биздин Бишкек» кыймылы да, гумжардам чогултуп баштады. Бул шилтеме боюнча кыймылга кошулса болот.

Ысык-Көл облусунда гумжардам Каракол шаарында жергиликтүү муниципалитеттин имаратында чогултулууда. Мындан тышкары, Каракол мэриясынын кызматкерлери баткендиктерге жардам катары бир күндүк эмгек акысын которуп беришет.

Чек арада чыккан чыр-чатак

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. 29-апрелде эки өлкөнүн аскерлери ок атуучу курал колдонушкан.

Куралдуу кагылышуунун натыйжасында Баткен районунун үч айылындагы 498 тургуну, Лейлек районунун 350 тургуну эвакуацияланган. Мындан тышкары, Кызыл Ай коому Көк-Таш айылынан гана 600дөн ашуун киши эвакуацияланганын билдирген.

Ошондой эле, чек ара жаңжалында 134 кыргызстандык жабыркап, алардын арасынан 13 адам каза тапканы белгилүү. Муну менен бирге УКМКнын Чек ара кызматы куралдуу кагылышта үч аскер кызматкери каза таап, дагы 20сы жабыркаганын — экөө оор абалда экенин да билдирген.

Садыр Жапаров кагылышууда курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Экс-премьерлер Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Жоомарт Оторбаев, Игорь Чудинов жана Темир Сариев да мекендештерге көңүл айтып, тынчтыкка чакырышты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да кыргызстандыктарга көңүл айтып, кайрат кылууга үндөдү.