Президент Баткенде чек ара чырында каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Азыр жалпы өлкө Баткен облусундагы чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон кыргызстандыктар менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм», — деп баса белгиледи президент.

Жапаров бийлик чек ара жаңжалында жабыркагандардын бардыгына ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн да кошумчалады. 

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр

Жаңжал 28-апрелде башталган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. 29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — эки тараптан тең курал-жарактар колдонулган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетти комитети Тажикстан ИИМинин атайын багыттагы аскерлер бөлүмү жана жоокерлери Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу тосмосун 29-апрелде саат 14:00до миномёт, пулемёт жана автоматтар менен жапырт аткылоону баштаганын билдирген.

Чек арадагы ок атышуудан улам Баткен жана Лейлек райондорунан 20 миңге чукул жаран коопсуз аймактарга көчүрүлгөн. Ал эми Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан Көк-Таш айылынан 600дөн ашуун адам эвакуацияланганын кабарлаган.

30-апрелде таңкы саат 07:50гө карата берилген маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 134 киши жабыркап, алардын ичинен 13 киши набыт болду.

УКМК берген соңку маалымат боюнча, 29-апрелде атайын багыттагы «Бөрү» отрядынын үч жоокери тажик тарап менен болгон кагылышуулардын жүрүшүндө шейит болду. 22 жоокер ар кыл оордукта жарадар болгон. Эки жоокердин абалы оор бойдон калууда.

Саламаттык сактоо министрликтин маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасынан 25 адам атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Алар Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган. Алардын экөөсүнүн абалы оор, калгандарыныкы орто оор жана салыштырмалуу канааттандыраарлык деп бааланууда.

Тажик тараптан дагы жабыркагандар жана каза тапкандар бар. «Азия-Плюс» басылмасы өздүк булактарына таянып, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгонун жазган.