Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын аракетин аскерий агрессия катары баалады

Мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын 29-апрелде жасаган аракеттерин аскерий агрессия деп атап, аларды келтирилген материалдык чыгым үчүн эл аралык сотко берсе болорун билдирди. Ал мындай пикирин фейсбук баракчасына жазды.

Айдарбеков тажик тарап заманбап оор аскерий техникаларды — миномет, аскерий тик учактарды Кыргызстандын жай тургундарына каршы колдонгонун белгиледи. Анын кесепетинен турак-жайлар, айылдар, социалдык объектилер максаттуу түрдө өрттөлүп, бузулган. Ошондой эле, жай тургундар арасында каза болгондор бар, алардын ичинде күнөөсүз жаш балдар да мерт кеткен.

«Кыргызстан дүйнө коомчулугуна жана эл аралык уюмдарга (БУУ, ЕККУ ЖККУ) кайрылып, агрессорду кылмыш жоопкерчилигине тартып, *репарация талап кылганганга толук укугу бар», — деп жазды ал.

* Ал эл аралык укуктун башка субъектине карата эл аралык укук бузуунун кесепетинен келтирилген зыян үчүн эл аралык укуктун субъектисинин материалдык жоопкерчилигинин бир түрү.

Экс-министр андан сырткары тажик-афган чек арасын коргоо үчүн берилген аскерий техникалар агрессия үчүн колдонулуп, колдонулбаганын аныктоо керектигин баса белгиледи.

Айдарбеков эл аралык уюмдарга кайрылуунун жол-жобосун мындайча түшүндүрдү.

Репарация маселесин чечүү үчүн бардык фактыларды топтоп, системага келтирүү маанилүү (Жай тургундардын кыйраган үйлөрүн, май куюучу жайларды, кафелерди жана башка объектилерди калыбына келтирүү, жабыркаган үй-бүлөлөргө компенсация төлөө). Ошондой эле, бул маселени эл аралык деңгээлде көтөрүп, аны коргоо үчүн эл аралык укуктарды жакшы билген юристтердин тобун түзүү маанилүү.

Чек арада чыккан чыр-чатак

Жаңжал 28-апрелде «Головной» суу бөлүштүрүүчү жерден башталган. 29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — эки тараптан тең курал-жарак колдонулган.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2-майга карата берген маалымат боюнча, каза болгон кыргызстандыктардын саны 34 адамга жетсе, жабыркагандардын саны 178 кишини түздү. Ошондой эле жаңжал чыккан аймактан 33 388 Кыргызстандын жараны эвакуацияланса, алардын 19 142 кичинекей балдар. Мындан тышкары он чакты айылдар жапа чегип, үй жана башка ушул сыяктуу объектилер өрттөнүп кеткен.

Тажикстандын бийлиги өз тарабынан канча киши каза болгону жана жабыркаганы жөнүндө расмий маалыматтарды али бере элек. Айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгонун жазган.

30-апрель күнү кечинде тараптар аскер техникаларын аймактан чыгаруу жана унаа жолдорун ачуу боюнча кабар беришкен. Бирок 1-майда акыбал кайрадан курчуп баштаган. Тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы Ош — Исфана жолун тосуп алган.

УКМКнын Чек ара кызматынан 1-май күнү саат 12:45ге карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде «кырдаал чыңалуу», Лейлек районунун Арка жерлигинде тажик аскер кызматчылары Кыргызстандын жарандарнын турак жайларына карат ок чыгарып жатышканын деп маалымдаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 1-майда саат 11:30да тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толук жаап алганын билдирген. Бул тилке Баткен районуну менен Лейлек районунун байланыштырат. Ошондой эле жол жабылгандыктан Баткен районунун бир нече айыл өкмөттөрүнө да жетүү мүмкүн эмес болуп калган.

Садыр Жапаров менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон телефон аркылуу эки жолу сүйлөшүп, натыйжада жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү пикирине келишкенин билдиришкен.

Кыргызстандын чек ара кызматы 2-май күнү саат 9:30га карата берген маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу.

1-майда Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов Баткенде жолугушуп, ок атууларды токтотуу жана аскерлерди алып чыгып кетүү боюнча төрт пункттан турган протокол кабыл алышып, «тынчтыкты камсыз кылуу үчүн принципиалдуу макулдашууга жетишкендерин» кабарлашкан.