Чек ара кызматы: Лейлектин Арка айылында тажик аскерлери үйлөргө ок чыгарып атат

УКМКнын Чек ара кызматынан саат 12:45ге карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде «кырдаал чыңалуу» деп маалымдады. Мындан улам мекеменин чек ара тарамдары коргонуу позицияларын ээлешти.

«Баткен облусунун Лейлек районунун Арка жерлигинде тажик аскер кызматчылары Кыргызстандын жарандарнын турак жайларына карат ок чыгарып жатышат. Айылдын тургундары буга чейин эвакуацияланган», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Социалдык тармактарда Лейлек районунун Интернационал (Борбордук) жана Арка айылдарында тартылган тасмалар тарап жатат. Анда тажик аскерлери турак үйлөрдү оор техникалар менен бузуп, өзүнүн байрагын орнотконун көрүүгө болот.

Ал эми Лейлек районунун тургундары видео кайрылуу жасап, Тажикстандын аскерлери айылдарды басып алышканын жана ар жерлерге снайперлерди коюп жатышканын маалымдады.

«“Атам” дейт, “ат” дедим. Мейли эми, аксакал экенсиң, бул биздин аймак деп унаамдын номерин ушинтип жулуп салды. Борбордукту (Интернационалды) биздин территория деп айтты. 50-100 метр казып, менин өрттөнгөн үйүмдү пост, оорук кылып алыптыр. Биздикилерден эч ким жок ал жакта, армия жок. Өз үйүбүздө эркин жүрө албасак. “Арка айылы бизге өттү” деп отурат тажиктер», — деген Интернационал айылынын тургундарынын бири.

Лейлектин дагы бир жашоочусу кыргыз чек ара бекеттеринде «эч ким калган эмес» деп кабарлады. Анын айтымында, айылдарды карапайыл эл өзү коргоп жатат.

«Урматтуу, бийлик башчылары. Сиздерге кайрылабыз, чек араны өз убагында чечип бербесеңер болбойт. Акыбал, кырдаал бизде оор. Борбордук айылын басып алышкан, жолду тосуп турушат. Бул ава барса жарым жолдон кармап, номерлерин уруп түшүргөн, өзү качып келиптир. Эртеңки күнүбүз кандай болорун билбейбиз. Бүгүн 1-май, чек арада, өткөрмө бекетте эч ким жок. Аялдар, кары-картаңдарды айылдан кетиргенбиз. Айылдын балдары курал кармап, кайтарып отурабыз. Атайын кызмат өйдө кетип калган. Тажиктер спринтер, маршруткалар менен Кыргызстанды аралап жүрөт», — деген ал.

Чек ара кызматы саат 11:30да тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толук жаап алганын билдирген. Бул тилке Баткен районуну менен Лейлек районунун байланыштырат. Ошондой эле жол жабылгандыктан Баткен районунун бир нече айыл өкмөттөрүнө да жетүү мүмкүн эмес болуп калды.

Мындан сырткары, УКМКдан Тажикстан тараптан тажик-кыргыз чек арасын көздөй аскерий техникалар багыт алганы байкалганын жана чек арадагы абал чыңалуу бойдон деп билдиришкен.

Буга чейин УКМК саат 9:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин билдирип, 1-майга караган түнү ок атышуулар катталбаганын билдирген. Андан сырткары Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарында абал турукташканын маалымдаган. Ошондой эле, Ош — Исфана жолунун Жака-Өрүк жана Төрт-Көчө аймактары тазаланып, жол ачылганы айтылган.