HRW: кыргыз-тажик чек ара чырында каза болгон жай тургундардын өлүмү дароо иликтениши керек

Human Rights Watch эл аралык уюму Кыргызстан менен Тажикстанды жай тургундардын өлүмү, алардын мүлктөрүнүн талкаланышы боюнча дароо иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Ошондой эле, укук коргоочулар тараптарды жай тургундардын укуктук коргоо үчүн аларга бардык тийиштүү шартты камсыз кылып берүүгө чакырат.

Human Rights Watch аскер мыйзамдарына ылайык, чек арада кагылышуулар болгондо, тараптар аскердик жана жарандык объектилерди айырмалашы керек экенин, үйлөр, мектептер, медициналык мекемелер сыяктуу жарандык объектилер согуш максатында колдонулбашы керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле, укук коргоо уюму согуш аракеттери улана турган болсо, эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү калктуу конуштарда абдан чоң аянтка зыян келтире алган жарылуучу куралдарды колдонуудан баш тартышы керек экенин билдирди.

Мындан тышкары, Human Rights Watch Кыргызстан менен Тажикстанды өз жарандарын чектеш аймактарда кылмыш жасоосуна жол бербөөгө чакырды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак боюнча ЖККУ жана БУУнун комментарийлери

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась «чек арадагы жаңжал токтотулушу керек, кырдаалды тынчтык жолу менен гана турукташтыруу зарыл», — деп белгилеген.

Ошондой эле, Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысынын орун басары Фархан Хак кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга БУУ тынчсыздануу менен көз салып жатканын билдирген.

«Биз окуяларга тынчсыздануу менен көз салып жатабыз, ал билдирүүлөрдү дагы көрдүк. Ошондой эле, Тажикстан менен Кыргызстан ок атышууну эки тараптуу токтотуу тууралуу сүйлөшкөнүнөн дагы кабарыбыз бар. Бул маалымат чын болсо, биз колдойбуз», — деп айткан Хак.

Ал БУУ эки тарапты тең сүйлөшүүгө жана келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырарын кошумчалаган.

Чек арада чыккан чыр-чатак

Жаңжал 28-апрелде башталган. Ошол эле күнү эки өлкөнүн 100-150гө чукул жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. 29-апрелде чыр-чатак курчуп кеткен — эки тараптан тең курал-жарактар колдонулган.

Саламаттык сактоо жана соцөнүгүү министрлигинен 1-майда саат 18:30га карата жалпы каза болгондордун саны 34 кишиге жеткенин билдиришкен, алардын арасында Лейлектин 2008-жылы туулган тургуну, 12 жаштагы кыз болгон. Жарадар болгондордун жалпы саны 173 киши, 49у Бишкекке дарыланууга жеткирилген.

Баткен облусундагы эвакуциаланган адамдардын жалпы саны 28 350 адамга жеткен. Алардын 15 505ин жаш балдар түзөт.

Тажик тараптан дагы жабыркагандар жана каза тапкандар бар. «Азия-Плюс» басылмасы өздүк булактарына таянып, 90го жакын адам жарадар болуп, 10го чукул адам набыт болгонун жазган.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.