Чек арадагы чыр: Үч киши каза тапты — алардын арасында 12 жаштагы кыз бар

30-апрель 2021-жыл. Көк-Таш айылы. Ок атышуу болуп жаткан учур. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдын кесепетинен 23:30га карата үч кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 2008-жылы туулган өспүрүм кыз бар.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, Баткен облустук ооруканасында — эки киши, ал эми Лейлек районунда өспүрүм кыз ооруканага бараткан жолдо каза болгон.

Жаңжалдан жарадар болгон кыргызстандыктардын саны болсо 51ге жетти.

УКМКнын чек ара кызматы саат 23:45ке карата чыр чыккан аймакта ок атышуу токтогонун билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстан ок атууну токтотуу келишимине келди

УКМК: Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын беш чек ара бекетине ок чыгарды

Өмүрбек Суваналиев: Лейлек районунда да атышуу башталды