Чек арадагы ок атуудан кыйраган айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлүндү

Премьер-министр Улукбек Марипов Лейлек районунун жашоочулары менен 3-майдагы жолугушуу учурунда Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

«Анын 500 млн сому социалдык объектилерди (мектептер, бала бакчалар, жолдор) курууга жана ремонттоого жумшалат, ал эми калган 200 млн сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат», — деп билдирди Марипов.

Ошондой эле Марипов 4-майда Көк-Таш айылынын тургундары менен болгон жоолугушуусунда үйү бузулуп же күйүп кеткендердин бардыгына жаңы үй курулуп берилерин айткан.

«Кеп Баткен районундагы – 30, ошондой эле Лейлек районундагы 70 турак-жай тууралуу жүрүүдө. Учурда комиссия эсептөөлөрдү жүргүзүүдө, ал ишин жыйынтыктаары менен курулуш иштери башталат. Биз суук түшкүчө бардык иштерди аякташыбыз керек», — деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ошондой эле өкмөттүн басма сөз кызматы бийлик жаңы жолдорду салууну жана чек ара аймагындагы азыркы жолдорго асфальт төшөп оңдой тургандыгын пландаштырып жатканын кабарлады.

Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт. Бул тууралуу мурдараак УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген.

Мындан тышкары, Марипов тургундар менен жолугушууда Баткен облусуна өзгөчө макам берилип, ал баткендиктер үчүн салыкты жеңилдетээрин билдирди.

«Тийиштүү чечимге мен тарабынан кол коюлуп, парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Ал кабыл алынган соң, Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болот, анда салык жеңилдиктери да каралат», — деди министр.

ӨКМдин 3-майга карата маалыматына таянсак, кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууда 105 турак үй жарактан чыккан. Үч чек ара тозоту, эки мектеп, бир бала бакча, бир медициналык мекеме, милиция имараты, он май куючу жай, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана беш башка мамлекеттик имарат өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

Садыр Жапаров менен Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон телефон аркылуу эки жолу сүйлөшүп, натыйжада жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү пикирине келишкенин билдиришкен.

1-майда эки тараптын УКМК башчылары жетектеген өкмөттүк комиссиянын мамлекеттик чек араны делимитация жана деморкациялоо боюнча сүйлөшүүсү өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ок атышууну толугу менен токтотуу жана аскерлерди туруктуу жайгашкан ордуна алып кетүүнү макулдашкан. Ошондой эле, тараптар «максаттуу макулдашууга жетишкенин» жана төрт пункттан турган протоколго кол коюлганын айтышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги 3-майда ок атуунун кесепетинен 35 кыргызстандык каза тапкан, 183 адам жабыркаганын билдирген. Алардын ичинен 121и жергиликтүү тургун, 31и аскер кызматкери жана бир дарыгер.

Ок атуу болгон аймактан 44 651 кыргызстандык эвакуацияланган, анын ичинде 27 136сы жаш балдар болгон.

Чек ара жаңжалында бир нече айылдар кыйроого учураган, үйлөр жана башка инфраструктура объектилери өрттөлгөн.

Тажик тараптын расмий маморгандары жабыр тарткандардын так санын айты элек. Бирок Озоди радиосунун маалыматына караганда, жаңжалдан бери дегенде 16 тажикстандык каза таап, 90дан ашык адам жаракат алган.