Баткен: Өкмөт насыянын үстөк пайызына жардам берет, бирок жоголгон мал-мүлккө жоопкерчилик албайт

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков 3-май күнү Баткен облусунда өкмөт кыргыз-тажик чек арасында ок атууда жабыркаган тургундардын кредит боюнча үстөк пайыздарына жардам берерин кабарлады.

Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» өкмөттүн басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алардын маалыматына караганда, бийлик менен Лейлектин тургундарынын жолугушуусунда, мал-жанынан айрылып, үйлөрү кыйраган жарандар насыяларын төлөй албасын билдиришкен.

«Биз Улуттук банкка кайрылып, үстөк пайызын төлөөнү эки айга токтотуп турабыз. Кийин негизги сумма боюнча карап көрөбүз», — деген аларга Новиков.

Ошол эле кезде бийлик чек ара аймактарындагы тургундардын үйлөрүн гана калыбына келтирип берүү милдетин алууда.

«Биз биринчи кезекте үйлөрдү курабыз. Сентябрь айларына чукул турак жайыңарды калыбына келтирип беребиз. Азыр сабырдуу болуп туруңуздар. Бирок биз силердин уурдалган малыңарды, автоунааңарды жана башка чыгымдарыңардын оордун тургузуп бере албайбыз», — деди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жолугушууда.

Буга чейин өкмөт кыргыз-тажик ок атуусунда документтери жоголуп же жок кылынган адамдарга аны акысыз калыбына келтирип берүү убадасын да берген болчу.

3-майда Баткен облусунда объектилерге жана турак үйлөргө келтирилген зыяндын эсебин аныктоо боюнча комиссия ишин баштады.

«Комиссия аэрофото жана видео тартуучу аппараттын жардамы менен маалымат чогултат, ошондой эле объектилерди калыбына келтирүү үчүн долбоорлук сметалык документацияны даярдайт», — деп билдиришти ведомстводон.

ӨКМдин 3-майга карата берген маалыматы боюнча, Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан 105 үй, үч чек ара посту, эки мектеп, бир бала бакча, бир оорукана, милициянын имараты, 10 май куйуучу бекет, сегиз дүкөн, төрт соода түйүнү, төрт соцобъект жана беш мамлекеттик имарат жабыркаган.