Тажикстандын Башкы прокуратурасы 29-апрелде Кыргызстандын аскерлер тобуна эки кылмыш ишин козгогонун билдирди.
Аталган иш Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Агрессивдүү согуш баштоо жана жүргүзүү», ошондой эле «Эки же андан көп адамды өлтүрүү» беренелеринин негизинде козголгон.
Башкы прокуратура кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууда, Кыргызстандын жарандары аскерлердин жардамы менен «Тажикстандын жергиликтүү тургундарына, инфраструктура объектилерине жана чек ара пунктарына ок чыгарышкан» деп ишендирүүдө.
Алардын версиясында жаңжал 29 апрелде, кыргызстандык аскерлердин тобу жергиликтүү жашоочулар менен бирге «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына чогулганда башталган. Анда тажик инженерлери байкоочу камераларды орнотуп жаткан.
«Жогоруда айтылган адамдар, эч кимден сурабастан, расмий бийликтин, тактап айтканда Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскерлеринин уруксаты жана катышуусу менен Тажикстандын жарандарын таш менен уруп, тажик жараны иштеп жаткан мамыны аралап киришкен. Андан соң провокация Кыргызстандын Чек ара кызматынын чагымчылдыгы астында массалык башаламандыкка өсүп жеткен», — деп эсептейт ведомство.
Тажикстандын башкы прокуратурасы ок атуу болгон жерге кийинчерээк укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана Исфара шаарынын башчысын жөнөткөнүн кошумчалады.
«Алардын расмий статусу жөнүндө билгендиктен, атайын жок кылуу максатында автоматтан багытталып ок атылган. Бул куралдуу кол салуунун кесепетинен Исфара шаарынын мэри Баходурзода Баховаддин жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү тургундар жарадар болушкан» — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.
Андан соң, көзөмөл органынын версиясы боюнча, Кыргызстандын куралданган аскерлери аскер техникасын колдонуп Тажикстандын жергиликтүү элине, инфраструктура объектилерине жана чек ара тозотторуна чабуул жасаган.
«Мындай куралдуу кол салуунун кесепетинен бир нече адам каза таап, ондогон киши жарадар болгон. Көптөгөн үйлөр, чек ара пункттары жана башка инфраструктура объектилери өрттөлгөн. Жарандарга жана мамлекетке ири материалдык зыян келтирилген», — деп билдирген Тажикстандын Башкы прокуратурасы.
Көзөмөлдөө органы куралдуу күч колдонуу бул агрессия катары саналат деп эсептешет.
«Мамлекет тарабынан куралданган бандиттик топторду жөнөтүү жана алардын башка мамлекетке каршы олуттуу мүнөздөгү курал колдонушу дагы агрессия катары саналат» , — деп прокуратура эсептейт.
Тажикстандын Башкы прокуратурасы өлкө бийлиги жаңжал боюнча иликтөө башталганын белгиледи.
Кыргызстандын бийлиги эмне дейт?
Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан эч кандай келишим, макулдашуу кылбастан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согду облусунун губернатору чырдын чыгышына себеп болгон камераларды алууну убада кылганын, бирок Исфара районунун акими жетекчилигинин буйругун аткарбай койгонун билдирген.
Тажикстандын Чек ара кызматы гидрокурулма 1968-жылы эле курулган, ал толугу менен Тажикстандын аймагында жайгашкан деп айтып жатат.
Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу өлкөнүн чегарачылары тараткан маалымат «чындыкка дал келбесин» билдирген.
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ошондо эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. 29-апрелде чар-чатак курчуп кеткен — чектеш аймактарда миномёт, пулемёт жана автоматтар колдонулган. Тараптар 29-апрель күнү кечке маал гана курал колдонууну токтотууну макулдашышкан.
Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата берген маалыматы боюнча чек арадагы ок атуунун кесепетинен 36 кыргызстандык көз жумган жана 183 адам жарадар болгон.
Чек ара тилкесиндеги ок атуудан улам 40 миңден ашуун кыргызстандык эвакуацияланган, алардын ичинен 20 миңи жаш балдар. Андан тышкары ондогон айылдар кыйрап, 70тен ашык турак үйлөр өрттөлгөн. Чек ара тозоттору, мектептер жана бала бакчалар жок кылынган.
Тажик тараптын расмий маморгандары жабыр тарткандардын так санын айты элек. Бирок Озоди радиосунун маалыматына караганда, жаңжалдан бери дегенде 16 тажикстандык каза тапкан.