Тажик тарап камераларды албай койгондуктан чыр чыкты — Суваналиев

Өмүрбек Суваналие менен Ражоббой Ахмадзоданын жолугушуусу. Сүрөт: Чолпон Бердикулова

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев «Би-Би-Си кыргыз кызматына» маек куруп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу айтып берди.

Суваналиев учурда «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдагы абал такай өзгөрүп бирде тынчып, бирде жаңжал күчөп жатканын билдирди. Ошондой эле, ал чек ара аймагында «майда калибрлүү жана аңчылыкка пайдаланган куралдар колдонулуп жатат» деген маалыматтар бар экенин, бирок массалык түрдө курал колдонулбаганын белгиледи.

«Бирин-серин маалыматтар болуп жатат. Бирок массалык түрдө курал колдонуу болгон жок. Кечээки таш бараңда жаракат алып калгандар, андан сырткары октон жаракат алган бир-эки учур бар. Жаракат алгандарды ооруканага жөнөттүк. Биз ушундай кырдаалда күч структурасынын баары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз», — деди Суваналиев.

Ыйгарым укуктуу өкүл чыр чыккан күнү, 28-апрелде, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы (губернатору) Ражоббой Ахмадзода менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтты. Суваналиевдин айтымында, Ахмадзода Исфара районунун башчысына чырга себеп болгон байкоо камераларды алып коюу тапшырмасын берген. Бирок райондун акими жетекчисин уккан эмес.

«Суу тосмого келгенде эле аларды укпай, “албайм” деп калды. Анан ошондон чыр-чатак чыгып кетпедиби. Бул чагымчылдыкты жасады деген тыянакка келдик. Анткени өз жетекчисин укпайт деген болбогон нерсе. Бирок биз баарын сүйлөшүп алганбыз [...] Ал тургай коштоп келген эки генералдын дагы сөзүн укпай койду. Мурун конфликт суу талаш, жер талаштан болсо азыр бир эле жанагы видео көзөмөл камеранын айынан ушундай жаңжал чыгып кетти», — деди ал.

Мындан сырткары Суваналиев соцтармактарда тажикстандыктар коргонуучу жайларды даярдаган сүрөттөргө да комментарий берди. Суваналиев бул тууралуу маалымат бар экенин айтып, 2014-жылы дал ушул жерде куралдуу кагылыш болгонун кошумчалады.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр тажикстандыктар «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында байкоо камераларын орноткондуктан башталган. Кийинчерээк ал жерде эки өлкөнүн жарандары бир-бирине таш ыргытып, ондогон киши жаракат алган. Ошондой эле бир кыргызстандыктын көзүнө ок тийип, ал ооруканага жеткирилген.

Учурда Баткен облусуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилди.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты, жаракат алгандар бар

Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын айыптоолорун четке какты