Аймактардагы медициналык жардамды жакшыртуу максатында беш мобилдик клиника алынып келди

Маалымат 16:40 жаңыртылды.

Ислам өнүктүрүү банкынын «Фаель Хайр» программасынын алкагында Кыргызстанга Түркияда жасалган беш мобилдик клиника алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Клиникалар республиканын айыл-кыштактарындагы жана алыскы райондорундагы медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Өлкө башчы Садыр Жапаров мобилдик клиникаларды тапшыруу аземине катышып жатып, клиникалар Баткен облусунун бийик тоолуу райондоруна жана алыскы айылдарына биринчи берилерин айтты.

«Долбоор 5 жылга эсептелген жана донорлор ушул убакыттын ичинде миниклиниканы тиешелүү дары-дармектер, шаймандар жана күйүүчү май менен, ал эми дарыгерлерди эмгек акы менен камсыз кылышат. Жакынкы жылдары ушундай болгон дагы бир нече комплекстердин келиши күтүлүүдө», — деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Клиниканын базасында врачтар үчүн кабинеттер, компьютердик тамограф, УЗИ аппараты, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф сыяктуу медициналык жабдууларды камтыган диагностика бөлүмү, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар, ошондой эле операция бөлүмү бар.

Ошондой эле, мобилдик клиниканын курамында калкты ташуу үчүн Mercedes-Benz Sprinter кичи автобустары, анын ичинде C класстагы тез жардам унаасы бар.

Аталган мобилдик мультидиагностикалык клиникаларды алып келүү боюнча 2014-жылдын 3-декабрында Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда келишимге кол коюлган. Келишим «Фаель Хайр» программасынын негизинде түзүлгөн. Аталган банк бул программанын алкагында бир катар мусулман өлкөлөрүнө мобилдик клиникаларды жардам катары берет. Кыргызстан бул долбоор ишке ашырылган биринчи өлкө болду.

Ислам өнүктүрүү банкы аталган долбоорду ишке ашыруучу үчүн тендер өткөрүп, Норвегиянын NORMEKA AS компаниясын тандап алган. Бул компания мобилдик клиникаларды Түркиядагы заводдордо өндүрүп, Кыргызстанга жеткирген.

Жыл башында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев мобилдик клиникалар алынып келерин айткан.

Жакында эле Өзбекстан Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркындагы электромобил өндүрүш цехинде даярдалган 20 тез жардам унаасын Кыргызстанга белек кылган.