Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды

Өзбекстан Кыргызстанга өз өндүрүшүнөн чыккан 20 тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барган. Ташкенттин аэропортунан аны премьер-министр Абдулла Арипов тосуп алган. Бул Жапаровдун президент катары чет өлкөгө болгон үчүнчү сапары.

Өзбекстандын президенти Шавкад Мирзиёев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду 12-мартта Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркындагы электромобил өндүрүш цехи менен таныштырды.

Мамлекет башчылары менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

«Яшнабад» - бул Өзбекстандагы жогорку технологиялуу, атаандашууга жөндөмдүү, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу тармактарды түзүү боюнча тапшырмаларды практикалык ишке ашырууга багытталган өнөр жай ишканаларынын тобу.

Компания инновациялык ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ушул багытта натыйжалуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү орнотуу багытында иш алып барат.

Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду.

Жапаровдун Өзбекстанга сапары. Кыргыз-өзбек мамилесинде эмне өзгөрөт?