Акыркы суткада коронавирустун жаңы 385 учуру катталды, үч бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 7-майда коронавирустун жаңы 385 учуру катталгандыгын маалымдашты. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 303, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 82.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 226;

Чүй облусунда — 108;

Ош облусунда — 4;

Ысык-Көл облусунда — 15;

Ош шаарында — 12;

Баткен облсусунда — 4;

Нарын облусунда — 16.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 97 663кө жетти.

Ал эми акыркы суткада 348 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 244, Чүй облусунда — 76, Ош шаарында жана Баткен облусунда — экиден, Ош жана Нарын облустарында — жетиден, Ысык-Көл облусунда — бир, Талас облусунда — төрт, Жалал-Абад облусунда — беш бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 90 959 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 600 бейтап, ал эми үй шартында 2 465 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 4 291 .

Мындан сырткары, Бишкек шаарында — эки жана Ысык-Көл облусунда — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 643 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 7 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Бишкек шаарында — беш, Чүй обулсунда — эки медиктен коронавирус катталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 478ге жетти, анын ичинен 4 405 медкызматкер илдеттен айыкты.