Байтерек: Белгисиз жаштар чыр-чатактуу кырдаалды козутууга аракет кылышты

Галина Байтерек

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Баткендеги жолугушуусунда курулушу пландалып жаткан Хожаи Аъло — Ворух жолу боюнча суроо берген балдарды «чыр-чатактуу кырдаалды козутууга аракет кылышты» деп айыптады.

«Айылдын тургундары бул жаштарды тааныбай турганын айтып, аларды бул теманы башка өңүткө бурмалабоону өтүнүштү. Азыр "хайп" кыла турган убак эмес, учурдагы эң маанилүү маселе чыр-чатактарды токтотуу эле эмес, жаңжал биротоло кайталанбашы үчүн бардыгына аракет кылуу», — деди ал.

Ошондой эле Байтерек жолугушууда видео жана сүрөт тартууга уруксат берилбегенин жергиликтүүлөр муну каалабаганы менен түшүндүрдү.

«Садыр Нуркожоевич үчүн баткендиктер менен ачык сүйлөшүү, алардын көкүрөгүндөгү көйгөйлүү маселелерин угуу маанилүү эле. Албетте, бул жолугушуу оңой болгон жок. Бардык эмоцияларды эле көрсөтүп, бардык кайгы-капалар жалпы элге чыгарылбашы керектигин түшүнөсүздөр деп ойлойм», — деп жазды басма сөз катчы.

«Провокатор» аталган Элдияр менен Садырбек

Садырбек Саматов, Садыр Жапаров жана Элдияр Жээналиев. Коллаж: Айбике Адилет кызы/Kloop

Президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 6-майда Лейлек районунун тургундары менен жолуккан. Анда жергиликтүү тургундардын арасынан Элдияр Жээналиев жана Садырбек Саматов элге кайрылып, мактоону токтотуп суроолорду берүү керектигин айтышкан. Аларга микрофон берилгенде президентке курулушу пландалып жаткан Хожаи Аъло — Ворух жолу боюнча суроо беришкен.

«1924-1927-жылкы протокол боюнча келишим болуптур деп жатат, ал жакта Ворух анклав эмес. Лейлекке таптакыр пайдасы жок. Бул айтылып жаткан сөздөр канчалык чындык? Кыргызстан протоколду качан жарыялайт? Экинчиден жолугушууну бир гана мамлекеттик каналдарга тартууга уруксат берилип жатат, эмнеге мынчалык тыюу салып, эмнени жашырып жатасыздар?», — деген Элдияр Жээналиев.

Президент балдардын суроосуна Ворух менен Исфара районунун бириктирген айланма жолду «Баткенге тиешелүү деп көрсөтүп жатабыз» деп жооп берген.

«Иним мындай да, Тажикстандын расмий бийлиги эч качан азыр Ворух анклав эмес деп айта элек. Аларда да биздикине окшогон эле фейктер бар. Аларда да оппозиция бар, ушундай тынчтыкты бузган күчтөр бар. Мына кечээ күнү да сүйлөштүк, Ворухка жолду биз Баткенге тиешелүү деп көргөзүп туруп, тоонун түбүнөн 2 километр 900 метр берип жатабыз», — деген президент.

Балдар жоопту жаздырып калуу үчүн жашыруун тасмага тартып турушкан, Жээналиев президентке «ошондо коридор берилди э» деп кайрадан суроо узаткан . Президент жооп бере баштаган учурда Камчыбек Ташиев балдарды колу менен кезеп көрсөткөн. Андан соң УКМКнын кызматкерлери балдарды жыйындан четтетишкен.

Жолугушуу аяктагандан соң эл Жээналиев менен Саматов Жапаров аларды «провокатор» деп атаганын, ал эми Ташиев «тарбиясы жок» деп белгилегенин айткан. Президенттин «провокатор» деп атаганын жолугушууну чагылдырууга барган «Азаттыктын» журналисти Айбек Бийбосунов да тастыктаган.

Жапаровго суроо узаткан балдар Лейлек районунан болушат. Алар чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин элге гумжардам жеткирүү менен алек болушкан.

6-майда Кыргызстан менен Тажикстан Ворух анклавына барчу альтернативдик жол куруу боюнча келишим түзгөнү белгилүү болду. Аталган жол Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырып, ал Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы. Бирок Тажик тарап аны өзү колдонот жана жолду өзү тейлейт. Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат. Президент Садыр Жапаров айткандай өкмөт жарыялаган билдирүүдө жол Баткенге караштуу болоору жазылган эмес.

Баткен: Президент Хожаи Аъло — Ворух жолу тууралуу суроо узаткандарды «чагымчылдар» деп атады