Баткен: Президент Хожаи Аъло — Ворух жолу тууралуу суроо узаткандарды «чагымчылдар» деп атады

Садырбек Саматов, Садыр Жапаров жана Элдияр Жээналиев. Коллаж: Kloop

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылынын тургундары менен жолукту. Анда Жапаров курулушу пландалып жаткан Хожаи Аъло — Ворух жолу боюнча суроо берген тургундар Элдияр Жээналиевди жана Садырбек Саматовду «чагымчылдар» атады.

*Кыргызстан менен Тажикстан Ворух анклавына барчу альтернативдик жол куруу боюнча келишим түзгөнү белгилүү болду. Аталган жол Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырып, ал Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы. Бирок Тажик тарап аны өзү колдонот жана жолду өзү тейлейт. Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат.

Дагы окуңуз: Кыргызстан менен Тажикстан Хожаи Аъло — Ворух жолун курууну макулдашты

Эмне болду?

Жээналиев «Клоопко» билдиргендей, ал Саматов менен гумжардам таратып жүргөн жеринен жолугушуу болоорун угуп шашып Кулундуга келген. Жолугушууда Тажикстан менен Кыргызстандын Ворухка альтернативдик жол куруу боюнча келишими тууралуу суроо берүүнү каалаган балдарга микрофон араң жеткен. Микрофон жеткенден кийин Жээналиев «мактоону азыраак кылалы» деп белгилеген.

«Атайын даярдалган суроолор болуп, мактап гана жатышкан. Суроо бергиле деп микрофон берсе эле алганы суроосу жок эле мактап атты. Анан эл өзүнүн суроосун да бере алган эмес, себеби жолугушууга катышкандардын дээрлик жарымы президент менен кошо келген органдардын балдары болгон», — дейт Жээналиев.

Жолугушууда журналисттерге жана тургундарга сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынгандыктан, балдар узаткан суроону жашыруун тасмага тартышкан. Муну Жээналиев президенттин жообун жаздырып калууну каалаганы менен түшүндүрдү.

«1924-1927-жылкы протокол боюнча келишим болуптур деп жатат, ал жакта Ворух анклав эмес. Лейлекке таптакыр пайдасы жок. Бул айтылып жаткан сөздөр канчалык чындык? Кыргызстан протоколду качан жарыялайт? Экинчиден жолугушууну бир гана мамлекеттик каналдарга тартууга уруксат берилип жатат, эмнеге мынчалык тыюу салып, эмнени жашырып жатасыздар?» — деп сураган Садырбек Саматов.

Мындан сырткары ал, Исфанадан баштап жолго спецназ жана милиция кызматкерлери «бийликтегилерди кайтаруу» үчүн тизилгенин сынга алган. «Ушинтип Максатты, Арканы кайтарбайсыздарбы?» деген ал.

Анда президент Ворух менен Исфара районунун бириктирген айланма жолду «Баткенге тиешелүү деп көрсөтүп жатабыз» деп жооп берген.

«Иним мындай да, Тажикстандын расмий бийлиги эч качан азыр Ворух анклав эмес деп айта элек. Аларда да биздикине окшогон эле фейктер бар. Аларда да оппозиция бар, ушундай тынчтыкты бузган күчтөр бар. Мына кечээ күнү да сүйлөштүк, Ворухка жолду биз Баткенге тиешелүү деп көргөзүп туруп, тоонун түбүнөн 2 километр 900 метр берип жатабыз», — деп жооп кайтарган президент.

«УКМКнын кызматкерлери сүрүп чыкты»

Соцтармактарда балдардын президентке суроо берген учурда тартылган тасманын үзүндүсү тарап жатат. Анда президент курулчу жол боюнча жооп берген жерине чейин бар. Жээналиев «Клоопко» жолдогон толук видеодо ал «ошондо коридор берилди э» деп кайрадан суроо узатканын көрүүгө болот.

Анда президент «жок, коридор эмес» деп жооп бере баштаганда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев балдарды колу менен кезеп көрсөткөн. Белги берилгенден соң аларды УКМКнын кызматкерлери жыйындан четтеткен.

«Ошол жерден видео өчкөн. Анан эл менен органдар бизди талашып калган, органдар “алып кетебиз” десе эл “алып кетпегиле” деген. Ошентип ызы-чуу болуп калганбыз. Жапаров бизди “провокатор” деп атаганын, кийин Ташиев “тарбия көрбөпсүңөр” деп айтканын элден билдик. Биз укпай калдык», — деди ал.

Жолугушууга катышкан «Азаттыктын» журналисти Айбек Бийбосунов да президенттин Жээналиев менен Саматовго «чагымчылдар» деп айтканын тастыктады.

Жээналиев жолугушуу бүткөндөн кийин гана тургундар аларды «туура суроо бердиңер» деп колдогонун кошумчалады.

Бийликти сындап «провокатор» аталгандар

Президент Садыр Жапаров өзү баш болуп ага карата сын айткандарды кайра сындап келет. Ал эми бийликти сындаган айрым активисттерге кылмыш иштери козголуп, айрым саясатчылар камакка алынды.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да буга чейин Кемпир-Абад маселеси боюнча жолугушууда ага карата сын айткандарды «чагымчыл» деп атаган — Ынтымак айылынын тургуну Кыял Эргешбаева «мурдагы президенттер кен байлык сатса, азыркы президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев жерлерди сатып жатат» деген оюн айткан эле.

Тургундар менен жолугушууга келген Ташиев жер алмашуу боюнча келишимди сындагандардын арасында «чагымчылдар бар» деп, ошондой эле кайсыл жерде иштээрин да эскертип өткөн.

Анда тургундардын бири буга чейинки шайлоодо Садыр Жапаров менен Ташиевди колдогонун айтып, УКМКнын башчысы аларды азыр «чагымчыл» деп атаганына нааразы болгон.