Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын троллейбустун 30дай айдоочусу 6-майда нааразычылык акциясына чыкты. Алар ишкананын эсебине түшүүчү күнүмдүк планды төмөндөтүүнү жана жетекчи Саибжан Турдуевди иштен алууну талап кылып жатышат. Айдоочулар бул талап менен Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго да кайрылуу жасашты.

45 жылдан бери троллейбустун айдоочусу болуп эмгектенип келген Бектемир Мамыров ишканага жаңы келген жетекчи менен кызматкерлер иштеше албай жатканын айтат. Анын айтымында, Турдуев коллектив менен кеңешпей, өз алдынча чечимдерди кабыл алып, буйруктарды чыгарат.

«Бизге техникалык билими бар, адамгерчиликтүү жетекчи керек. Нааразычылык акциясына чыккан бул жерде турган балдардын талабы да ушундай. Биз өзү ашып барса 6-7 миң айлык алабыз. Кээде план толбой калса карыз болобуз. Аны айлыктан кармап калып жатат», — дейт Мамыров.

Мындан сырткары, айдоочу аталган ишкана коомдук автоунаада жол акыны электрондук карта аркылуу төлөө боюнча 100 миң сом карыз болгонун кошумчалады. «Ал карызды ар бирибизге бөлүп, айлыктан кармап калабыз деп жатат. Биздин карта менен эч кандай ишибиз жок болсо, эмнеге биз төлөшүбүз керек?» — деп суроо салган Мамыров.

Дагы бир айдоочу Ильяз Хусанов жаңы келген жетекчи аны себеби жок жумуштан кетирип жатканын айтат. Ал бир күн жумушка унаасы жолдо бузулуп калгандыктан чыга албай калган.

«Жумушка келе жатсам унаам жолдо бузулуп калды, андан кийин келсем 20 күнгө иштен четтетип коюптур. 20 күн өткөндөн кийин жумушка келсем “сен жумушттан берене менен кеттиң” деп жетекчинин атынан биздин бөлүмдүн Санжар атуу башчысы айтты. Бирок мени жетекчи арыз жазууга чакырта элек, мен аны көрө элекмин. Мен да жазбайм, иштейм деп турам. Мен да үй-бүлөмдү багышым керек да», — деп кейиди Хусанов.

Ал эми айдоочу Нурила Кенжебаева ишкана жетекчилеринин тез-тез алмашуусу кызматкерлер үчүн ыңгайсыз болуп жатканын айтат. Анткени жетекчи алмашкан сайын жаңы буйруктар чыгып турат. Ошондой эле, Кенжебаева күнүмдүк планды толтурууда көйгөйлөр жаралып жатканына даттанды.

«Кээде машина бузулуп 3-4 каттам кылып калсак да, 7 каттам кылып толуктап анан иш күнүн жаптырышат. Учурда пандемияга байланыштуу окуулар онлайн болуп жаткандыктан студенттердин жоктугунан күнүмдүк план да толбой калат, айлык да аз бизде [...]»? — дейт Кенжебаева.

Мындан сырткары 35 жылдан бери троллейбустун айдоочусу болуп иштеген Нурулло Жураев күнүмдүк пландын толбой калгандыгынан 4-5-майда эки миң сом карыз болуп калганын айтып кейиди. Анын айтымында, бир каттам үчүн коюлган пландын суммасы 650 сом, бир күндө 7 каттамдан ишкананын кассасына 4500 сом төлөөсү шарт.

«Күнүмдүк пландын суммасы айдоочулардын макулдугу менен көтөрүлгөн»

«Клооптун» кабарчысы Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын директору Саибжан Турдуев менен байланышты. Турдуев калаадагы троллейбусттардын бир каттамы үчүн төлөм 200дөн 250 сомго чейин көтөрүлгөнүн ырастады. Анын айтымында, тарифти көтөрүү айдоочулардын макулдугу менен ишке ашырылган.

«Буга чейин бир каттам үчүн айдоочулар 200дөн 300 сомго чейин төлөп келишкен. Андан кийин пандемия болуп ишкана артка кеткен. Кийинчерек элдин агымы көбөйүп, окуу жайлар ачылганда биз хронометраж кылып көрдүк. Акыркысы 2021-жылдын 19-апрелде 50 сомго айдоочулардын макулдугу менен көтөрүлдү», — деди Турдуев.

Учурда Курманжан Датка көчөсү боюнча жүргөн троллейбус бир каттамга 350 сом, ал эми Масалиев көчөсү менен жүргөн экинчи каттамы 650 сомдон төлөшөт. Ишемби жана жекшемби күндөрү бул көрсөткүч 180ден 200 сомго чейин түшүрүлөт.

Мындан сырткары, Турдуев нааразычылык акциясына чыккан айдоочулар менен жолукканын айтат. Анын айтымында, 15-майга чейин 650 сом күнүмдүк планга коюлган сумма 500 сомго түшүрүлдү. Ошондой эле, жетекчи айдоочулар 2-3 майда планды толтура албай калгандыктан ушундай жолго барышкандыгын айтат.

«Айдоочулар алгач мага кат аркылуу кайрылышса болмок, бирок андай кылышкан жок. Алар эки күндө планды толтура албай калышты чындыгында. Анткени студенттер онлайн окууга байланыштуу шаардан кетишти жана май айындагы майрамдарга байланыштуу элдин агымы азайды. Бирок биз эксплуатация башчысы менен биргеликте хронометраж кылып көрүп убактылуу тарифти түшүрдүк», — деп түшүндүрдү Турдуев.

Ошондой эле, Турдуев троллейбус айдоочусу Ильяз Хусанов жумуштан четтетилгендигин кошумчалады. Анын айтымында, Хусанов буга чейин эмгек тартибин бир нече жолу бузуп, түшүнүк кат жазган. Эскертүүлөрдүн берилгендигине карабай жумушка себепсиз чыкпай коюу жана кечигип келүү улангандыктан, мыйзамга ылайык жумуштан бошотулган.

«Электрондук карталар боюнча ишкана 100 миң сом карыз эмес»

Турдуев Коомдук автоунаада жол акыны электрондук карта аркылуу төлөө боюнча Ош автоунаа муниципалдык ишканасы 100 миң сом карыз болгону тууралуу маалыматты четке какты. Анын айтымында, ишкананын кызматкери ишканага карыз болгон жана кызматкерлер кесиптешине жардам берүү максатында жардам берүү сунушун киргизишкен.

«Жол акыны электрондук карта аркылуу төлөө долбоору 2018-жылы башталган. Ошол мезгилден бери ишканын бир кызматкери айдоочуларга карталарды сатуу максатында таркаткан. Ал карталардын кээ биринин ичинде акчасы да болгон. Кийинчерек алардын эсебин таппай, жыйынтыгында өкмөткө карыз болуп калган. Анын кесиптештери ага жардам иретинде акча чогултуп берүү чечимин өздөрү кабыл алышкан», — деп билдирди Турдуев.

Мындан сырткары, Турдуев ар бир кызматкер жардам көрсөтүү чечимин өз кабыл ала тургандыгын айтып, бул милдеттүү эмес деп белгиледи.

Саибжан Турдуев — Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын директору кызматына 2021-жылдын 13-январында келген. Ага чейин ал Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп турган. Ошондой эле, Турдуев 2018-жылы Ош шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткарган.

Колдонууга ыңгайсыз электрондук карталар

Мындан эки жыл мурда Ош шаарында троллейбус жана автобустарда жол акысын электрондук карта аркылуу төлөө системасы ишке кирген. Долбоор 2016-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, аны ишке ашырууга 684 миң евро бөлүнгөн.

Картанын үч түрү бар: ардагерлер жана майып адамдар, окуучулар жана жалпы тургундар үчүн. Анын баасы 64 сом.

Электрондук картаны сатып алуу үчүн ардагерлер, майып адамдар жана окуучулар өздүгүн тастыктоочу жана жеңилдик берүүчү документтерди көрсөтүшү керек болот. Жөнөкөй карталарды документ жок деле алса болот.

Электрондук карталардын киргизилгенине эки жылдан ашуун убакыт болсо да, көпчүлүк жүргүнчүлөр накталай акча менен төлөөнү улантышууда. Анткени жүргүнчүлөргө карта алуу жана анын балансын толуктап туруу аңгайсыз. Ошондой эле, автоунаа ишканасы жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүктөн электрондук карта системасы жолго коюлган эмес.

2019-жылдын июнунда жергиликтүү бийлик жүргүнчүлөр арасында электрондук картанын колдонулушун көбөйтүү максатында автобус менен троллейбустар үчүн жол акысын накталай төлөгөндөргө 10 сомго көтөргөн. Шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен бул сунушту колдошкон.

Редактору: Зарина Маматжанова