Ошто муниципалдык транспортко накталай төлөгөндөр үчүн жол акы 10 сомго көтөрүлдү. Эмне үчүн?

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Ош шаарындагы автобус менен троллейбустар үчүн жол акысы накталай төлөгөндөргө 10 сомду түзүп калды. Мындай чечимди жергиликтүү бийлик жүргүнчүлөр арасында электрондук картанын колдонулушун көбөйтүү максатында кабыл алган.

Шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин жетекчиси Мурзабек Дубанаев «Клоопко» билдиргендей, накталай төлөгөндөр үчүн жол акыны жогорулатуунун артында шаардыктар арасында электрондук картанын колдонулушун көбөйтүү максаты жатат.

«Шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен накталай төлөм менен автобуска жана троллейбуска түшүү акысын 10 сомго көтөрүштү. Тиешелүү токтомду 14-майда чыгарып беришкен», — деди Дубанаев.

Жетекчи кошумчалагандай, электрондук карта менен төлөөдө жол кире акысы өзгөргөн эмес: автобус үчүн 8 сом, ал эми троллейбус үчүн 6 сом. Мектеп окуучулары муниципалдык транспортторго 1 сомдон төлөшөт. Бирок 2019-жылдын 1-январынан тарта окуучуларга жол кире 3 сомду түзөт.

Электрондук картаны кайдан сатып алса болот?

Картанын үч түрү бар: жеңилдик алгандар, окуучулар жана жалпы тургундар үчүн. Аны Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинен, ОшМУ, ОшКУУ жогорку окуу жайларынан, ХБКдагы диспетчердик түйүндөн жана «Раяна» окуу борборунан сатып алса болот.

Ушул эле жерлерде картаны толуктоо үчүн терминалдар орнотулган. Ар бир кардар картанын балансын андагы номери аркылуу толуктай алат. Мэрия төлөмдөрдү «ЭЛСОМ» электрондук капчыгы аркылуу кабыл алууну киргизүүнү пландап жатат.

Маанилүү: Электрондук картаны алууну каалагандар өздүгүн тастыктоочу документтерин көрсөтүшү керек болот.

Жалпы 30 миң электрондук карта сатыкка чыгарылган. Учурда анын 6 миңге жакыны жүргүнчүлөр тарабынан колдонулууда.

Электрондук тейлөө кызматы коомдук транспорттогу тейлөөнүн сапатын жакшыртууну көздөйт. Долбоор 2016-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, аны ишке ашырууга 684 миң евро бөлүнгөн.