Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Марат Иманкулов

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 8-майда кол койду.

Буга чейин аталган кызматты Рыскелди Мусаев аркалаган. Мусаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду.

Марат Иманкулов — 61 жашта. Ал Киевдеги жана Ташкенттеги Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектептерин аяктаган. Ал эми Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 1986-жылдан тарта эмгектенип баштаган. Ал атайын кызматта 2010-жылга чейин ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2010-жылдын август айында Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган.

Иманкулов 2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын августуна чейин УКМКнын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Кийинчерек ал УКМКнын ошол учурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди сындагандыгы үчүн ага карата «саясий куугунтук» болуп жатканын айткан. Иманкулов мындай билдирүүнү бир тууганы Мурат Иманкулов УКМКдан четтетилгенден кийин билдирген.

«Атайын кызматтын жетекчилиги, ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз буйруктарды кабыл алып жатат. Өзүнүн жумушун кынтыксыз аткарып жаткан адамдарды мыйзамсыз буйруктарды чыгаруу менен жумуштан кетирип жатат», — деген Марат Иманкулов.

Ал эми атайын кызматтан болсо, подполковник Мурат Иманкулов «келишимдин шарттарын аткарбагандыгы» үчүн жумуштан алынганын билдирген.

Мындан сырткары, атайын кызматтын ардагерлери да кайрылуу жасап, анда Иманкуловду «УКМКнын [башчысынын] биринчи орун басары болуп турганда, саясий пиар менен алектенгенсиз» дешкен.

Ошондой эле, Марат Иманкулов 2012-жылы президентикке талапкер болгон. Ал эми 2016-жылы Иманкулов «Таза Кыргызстан» саясий партиясын негиздеген.