«Клооп» басылмасы буга чейин фейктер тууралуу жазып, керек болсо атайын иликтөөлөрдү жаcаган. Бирок мода сыяктуу эле аталган чөйрөдө тенденция өзгөрүп турат. Бул материалда биз референдум алдында троллдор менен фейктер эмне үчүн күрөшкөнүн, социалдык тармактын колдонуучуларын электр энергиясына тарифтин жогорулашы жөнүндө жаңылыктан алаксытыш үчүн алар кандай «тышкы душман» табышканын, бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун түрмөдөн бошотулушу ж.б. айтып беребиз.
Фейк Suyutai kambarova Кыргызстан үчүн «кабатырланат» — ЛГБТ, НПО, «Клооп» жана «Азаттык» басылмалары анын өлкөсүн жок кылууда деп коркот. Ал 2-мартта ушинтип жазган. Фейк Камбарова жекшемби сайын «мыйзамдуулук» үчүн өткөн митингдерге байма-бай реакция кылып, Улан Үсөйүндүн фотошоп менен жасалган сүрөттөрүн жарыялайт. Ал активисттин сүрөттөрүн жазган постторунун маанисине төп келгендей кылып жасайт. Азыр «Фейсбукта» пропаганда жана маалыматтык согуш мына ушундай иштейт.
Cүйүтай ушундай фейктердин бирөөсү гана. Бир нече редакциядан, анын ичинде «Клооптун» редакциясынан турган мониторинг жүргүзүү тобу жүздөгөн фейк, тролл жана боттордун жаңы базасын топтоду. Пропаганданын бул үч, бирок ар башка ыкмасы бизнести, саясатчыларды жана бийликтин айрым демилгелерин жайылтууда эле эмес, тукуруу, кастыкты козутуу, жакпагандарды куугунтуктоо үчүн да колдонулат.
Шайлоо алдында — жокко чыгарылган парламенттик шайлообу, президенттик же шаардык кеңештин шайлоосубу — фейктер тигил же бул саясатчылар жана партияларды жайылтуу менен алектенишкен. Алар дайыма эле агрессивдүү болгон эмес, көп учурда жөн гана фейсбуктагы тайпаларга саясатчылар менен партиялардын билдирүүлөрүн бөлүшүп турушкан. Бирок фейктердин айрым топтору жек көрүү сөздөрүн камтыган билдирүүлөрдү 2020 жана 2021-жылы өткөн бардык үч шайлоодо тең таратышкан. Тукуруу объектилери катары Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Клара Сооронкулова, «Баштан Башта» кыймылынын активисттери жана Садыр Жапаров демилгелеген эки референдумдун каршылаштары болушкан.
Бул активдүүлүк 2020-жылы парламенттик шайлоо алдына фейктердин чабрикасын эстетип турат. 2020-жылкы парламенттик шайлоо маалында «Клооп» «Медиа Полиси институтунун» жардамы менен 400 чукул шектүү аккаунттардан турган база даярдап, фейсбукка берген — ушундан кийин социалдык тармактагы аталган бардык аккаунттар өчүрүлгөн. Ал база өзү жана андагы шектүү аккаунттардын саны, ошондой эле шайлоого таасир этүү аракети жана жек көрүү тилин колдонуу боюнча фактылар, интернеттеги кыргыз сегментине социалдык тармактын көңүлүн көбүрөөк буруп — натыйжада дагы 400дөй фейк өчүрүлгөн.
2020-жылкы парламенттик шайлоодогу фейктердин көнүмүш билдирүүлөрү, аты аталган бардык аккаунттар фейсбуктун базасына киргизилген.
Президенттик шайлоо
Садыр Жапаров тездик менен бийликке келгенден кийин парламенттик шайлоонун алдында өчүрүлбөй калган фейктер Фейсбуктагы тайпаларда анын кызыкчылыктарын коргой башташкан. Алар Садыр Жапаровдун тарапташтарынын тайпаларын ачышкан. Күмөндүү аккаунттар Жапаровдун демилгелерин тайпаларга таратып, ал тургай саясатчынын аракеттерин сынга алгандар менен урушуп да кетишчү. Ошол эле фейктер, андан тышкары жаңы ачылган күмөндүү аккаунттар үстүбүздөгү жылда өткөн президенттик шайлоо учурунда Жапаров тууралуу маалыматтарды жайылтып, аны колдошкон. Андан кийин алар жаңы конституция жана аны кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү демилгесин сүрөмөлөшкөн.
Фейктер президенттикке ат салышкан башка талапкерлерге дагы үгүт жүргүзүшкөн. Мисалы, Абдил Сегизбаевди колдогон шектүү аккаунттар табылган. Алар шайлоо-фейктеринен алда канча «улуу». 2016-2017-жылдары ачылып, УКМКнын мурдагы төрагасынын кызыкчылыгын коргоодон мурун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге иштеген — Атамбаев ал кезде өлкө башчысы болчу. Алар элди Атамбаев демилгелеген конституциялык реформага каршы чыккан атаандаштарына каршы тукурган.
Мисалы, «Кристина Хвандын» аккаунту — 2016-жылы пайда болгон, жүзү жабык, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо Сегизбаевди колдогон постторду жайылткан, ал эми 2017-жылы болсо — Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматовго — Атамбаевдин каршылаштарына — каршы чыккан. Дагы бир мүнөздүү өзгөчөлүк, 2017-жылы Хван оппозициянын дарегине негативдүү постторду жарыялап турган тайпа ал кезде куугунтукталып жүргөн Садыр Жапаровду колдогон аталышта эмес болчу — кийин Жапаров бийликти басып алгандан кийин аталышын өзгөрткөн.
«Динара Биримкулованын» баракчасы дагы фейк сыяктуу көрүнөт. 2017-жылдын январь айында пайда болгон. Мурдараак «Айжан» деп аталып, кийин аккаунттун атын өзгөрткөн. Абдил Сегизбаев жетектеген УКМКнын натыйжалуулугу жөнүндө макалаларды жарыялап турган. Ал эми президенттик шайлоодо Сегизбаевдин өзү жөнүндө пост чыгара баштаган.
Шардык кеңеш жана Референдум
Шаардык кеңештерге шайлоо Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга туш келди. Эгерде партиялардын фейктери негизинен зыянсыз болсо, «референдумдун тарапташтары» орой болушкан.
«Фактчек» басылмасы шайлоодогу фейктер тууралуу материал жазып, анда кайсыл партиянын фейки көбүрөөк экенин аныктаган.
НДПК партиясы шайлоочуларды сатып алганы үчүн шайлоодон четтетилгенде партиянын мүчөлөрү мындай чечим менен макул болбой, айтылган жүйөлөрдү четке кагышкан. НДПК партиясы элди манипуляциялоо менен алектенген эместигин жана фейктер же боттор менен иштебегендигин билдирген. Бирок биз 2020-жылдын 22-23-августунда түзүлгөн фейк аккаунттардын бар экени тууралуу далилдерди таап сактап койгонбуз, алар партиянын жарыяларын таратуу менен алектенген болчу. Шайлоодон кийин ал аккаунттар өчүрүлгөн.
Ал эми Социал-Демократтарды колдогон жарыяларды чыгарган «Надежда Румянцеванын» аккаунту жөн гана партиянын жарыяларын бөлүшкөн зыянысыз аккаунт болгон жок. Ал президент Садыр Жапаровдун, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жана экс-президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине багытталган негативдерди жазууга адистешкен.
Эгерде шаардык кеңештин шайлоосунда партиялардын фейктери негизинен жөн гана партия чыгарган жарыяны бөлүшүү менен алектенсе, референдумдун жайылтуучулары өз ишин Баш мыйзамды өзгөртүү сунушу жарыяланаары менен башташкан. Алар мамлекетке референдум керек деп ишендирип жана жазып гана тим болбостон, баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды куугунтуктоодон кайра тартышкан эмес.
2020-жылы сентябрда пайда болгон «Жазира Таалайбекова» фейк-аккаунт сыяктуу көрүнөт, бирок аны тролль деп кабыл алууга болот — бул реалдуу адам, аты-жөнү, сүрөтү бар, ал соцтүйүндөрдө чагымчылдык менен алектенет. Таалайбекова президент Жапаровдун шайлоо өнөктүгүнө демөөрчүлүк кылган жана үгүт кампаниясына катышкан. Өзүнүн барагына президентти колдогон постторду жарыялап, Конституцияны өзгөртүүнү жайылтып, ал эми референдум кабыл алынгандан кийин коронавирусту уу коргошун менен дарылоону (президенттин сунушу) кубаттап, зомбулукка каршы чыгып, Айзада Канатбекова уурдалып, андан соң өлтүрүлгөндөн кийин ИИМ башчысынын отставкасын талап кылган митингдин катышуучусу ырчы Зереге каршы калкты тукурган.
«Нурия Нурия (Исакулова)» профили Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга үгүттөө жана президентти колдоо үчүн ачылган сыяктанат.
Аккаунт 2020-жылдын декабрында түзүлгөн. Референдумдан кийин аккаунт актуалдуу көйгөйлөргө багыт алган — коомчулук Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып жатат? Демек алдыда «кимдир бирөө кошуналардан алыстоого өбөлгө түзүп жатат» деген жарыя чыккан. Ал эми эгерде Өзгөндүн жашоочулары митингге Адахан Мадумаровду чакырышса (президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун башкы атаандашы болгон), демек ага «Каркыраны» эстеткен бир катар ачуу жарыяларды арнашат.
Аккаунт өзүн инфлюенсер же толук кандуу ЖМК сыяктуу алып жүрөт — бир күндө актуалдуу темадагы, бийликти мактаган ондогон посттор жарыяланат.
ЖМК менен НПОлорду куугунтуктоону да унутушкан эмес — марттын аягы жана апрель айында фейктер бул тема боюнча колдон келишинче иштешкен. Ушундай эле пост президент Жапаровдун телеграм-каналында пайда болгон (мурда басма сөз кызматы президентке таандык экенин мойнуна алган), андан соң өлкө башчысынын администрациясы ал постту «кайсы бир фанаттар» жазганын айтып чыккан. Ушул эле схема президент Садыр Жапаровду колдоп жазган ондогон фейктерден байкалган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарын жана бейөкмөт уюмдарды куугунтуктоого Райымбек Матраимовдун тарапташтары жасалма жана фейк аккаунттар менен колдоо көрсөтүп жатат. Алар керек болсо «Азаттыкка» каршылардын тобун түзүшкөн.
Апрелде мамлекеттик эмес ЖМКга жана НПОго кол салуу күчөдү (негизинен өлкөдөгү паракорчулук жөнүндө иликтөөлөрдү жасагандар). Ютуб каналдар ачылып НПОго, «Клоопко» жана «Азаттыкка» каршы видеолор жарыяланып турган. Мындай видеолордо фейк эмес адамдын сүрөтү колдонулган, бирок комментарийде тукуруу жүргүзүшкөн — жек көрүү сөздөрү колдонулган комментарийлердин көбүнчөсүн аккаунттары апрель айында ачылган фейктер жазышкан. Бул каналдарда мындан башка эч кандай аракеттер болгон эмес.
Кыргызстанда кандай гана резонанстуу тема пайда болбосун, ЛГБТ, НПО менен байланышы жок болсо деле аларга куугунтуктоо күч алат — анан калса буга фейктер, шектүү басылмалар жана коррупционерлердин тарапташтары гана эмес, коррупцияга аралашкан атка минерлерди колдоп митингге чыккан же парламенттин жыйынынды ушул темаларды козгогон депутаттар да активдүү катышат.
Материалды даярдагандар: Айдай Иргебаева, Александра Титова жана Адеим Убакеева.
ДАГЫ КАРАҢЫЗ:
Кыргызстанда фейктер фабрикасы кантип түзүлөт жана алардын акысы канча турат?
Фейктер эмне жөнүндө айтышууда? Инстаграмда Жээнбековду кантип коргошту?
Фейктер аккаунттары реалдуу көрүнүшү үчүн кандай амалкөйлүктөргө барышат?