Кум шекер менен өсүмдүк майына болгон бааны мамлекет жөнгө салмай болду

Кыргызстанда социалдык-маанилүү азык-түлүктөрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин (МК) басма сөз кызматы билдирди.

Чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ал расмий жарык көргөн күндөн 15 күн өткөндөн кийин, тагыраагы 25-майда күчүнө кирет.

Документке ылайык, бийлик өсүмдүк майына жана кум шекерге 90 күндүк максималдуу үстөктү белгилейт. Бул алардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында киргизилди. Министрлер кабинети бул азык-түлүктөр үчүн максималдуу үстөктүн пайызы канча болорун так айткан жок.

Чечимдин аткарылышын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көзөмөлдөйт. Ошондой эле министрликке Евразия экономикалык комиссиясына жана Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге кабыл алынган чечим тууралуу кабарлоо тапшырылды.

Мурдарак министрлер кабинети кум шекерди жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салган. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда кум шекердин 56%ын атамекендик компаниялар өндүрөт, калган 44% коңшу өлкөлөрдөн кирет. Буга байланыштуу, Орусияда, Казакстанда жана Тажикстанда баалардын өсүшү Кыргызстанда кум шекердин кымбатташына таасир этет.

Министрлер кабинети 2020-жылы мартта дагы социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына 90 күндүк мамлекеттик жөнгө салуу киргизген. Анда чектөө ун, нан, сүт, өсүмдүк жана каймак майына, этке, кум шекерге, күрүчкө, макарон азыктарына, жумуртка жана картошкага тиешелүү болгон.

Мындан тышкары, 2020-жылы өлкөдө экидкырдаалга байланыштуу алгачкы жолу дары-дармектин баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Себеби 2020-жылы июлда дары-дармектердин тартыштыгы байкалган. Финпол ал убакта дары-дармекти кымбаттаткан дарыканаларга рейд жүргүзө баштаган. Ири фармкомпаниялардын жетекчилерине карата бир нече сотко чейинки өндүрүш башталып, «Гепарин» жана «Клексан» дарыларын кымбаттатылган баада алып саткан бир нече адам кармалган.

Мыйзамдарга ылайык, өлкө жетекчилиги мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын, табигый монополия субъектилеринин (электр жарыгы, газ, канализация, аэропорт, темир жол аркылуу жүк ташуу) жана айрым социалдык маанилүү товарлардын баасын гана жөнгө салууга укуктуу.

Бир ай ичинде баалардын өсүшү 20%дан ашса мамлекет тарабынан бааны көзөмөлдөө киргизилет. Бул калктын аярлуу катмары дагы өздөрүнүн жашоо муктаждыктарын канааттандырыш үчүн керек. Социалдык маанилүү азыктардын тизмеги дагы мамлекет тарабынан аныкталган.