Финпол дары-дармектердин баасы кымбаттаганы боюнча иликтөө баштады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) өлкөнүн ири фармкомпанияларынын жетекчилерине карата бир нече сотко чейинки өндүрүш иштери башталганын кабарлады.

Финполдун маалыматына ылайык, өлкө дарыканаларына жүргүзүлгөн рейддерден кийин камсыздоочулар дары-дармектердин бааларын кымбаттатып атышканы белгилүү болгон. Рейддин жүрүшүндө ведомствонун кызматкерлери көп колдонулган препараттардын баалары кымбаттатылганын аныкташкан.

Тамчылатма дарылары үчүн системалар, физэритмелери жана кычкылтек жаздыктары, айрым антибиотиктер (левофлоксацин, цефтриаксон), дене табын түшүргүчтөр (парацетамол) жана вируска каршы препараттар (арбидол, эргоферон) жана башка каражаттар кымбаттаган.

«Жарандар, ошондой эле “Коом коррупцияга каршы” жана “Демилгелүү жаштар борбору” коомдук уюмдары арыз менен кайрылышкан, алар ири фармкомпанияр тарабынан дары-дармектердин жасалма тартыштыгын жаратып жатканын жана жогорулатылган баалардын фактыларын көрсөтүшкөн», — деп билдиришти Финполдон.

Факттардын бардыгы Жазык кодексинин «Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча КЖБРге катталды.

Ведомство жасалма таңсыктык жана бааларды кымбаттатууну баштаган «азгырыктарды» табууну пландап жатат.

Мындан тышкары, Финпол мыйзам бузууларга тиешеси бар болгон фармкомпаниялар менен дарыканалардын аттарын жарыялоону көздөйт.