COVID-19дан алты киши каза болуп, 329 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 13-майда өлкөдө коронавирустун 329 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 12 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 205 (алты медкызматкер);

Чүй облусунда — 75 (үч медкызматкер);

Ысык-Көл облусунда — 18 (үч медкызматкер);

Ош шаарында — 9;

Жалал-Абад облусунда — 9;

Нарын облусунда — 5;

Баткен облусунда — 3;

Ош облусунда — 3;

Талас облусунда — 2.

Ошондой эле өткөн суткада 309 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 176, Чүй облусунда — 86, Ысык-Көл облусунда — 24, Ош облусунда тогуз, Нарын облусунда жети, Баткен облусунда төрт жана Ош шаарында үч киши оорудан сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан Бишкек шаарында беш жана Чүй облусунда бир бейтап көз жумду.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 99 645ке жетти. Оорудан 92 718 бейтап айыгып, 1 681 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 1 750 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 82си өтө оор абалда. Мындан сырткары 2 489 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.