2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Бул жөн гана сан же ысымдар эле эмес — ар биринин артында ошончо тагдыр бар.

Бул онлайн-эстелик — курман болгон кыргызстандыктардын окуясын өлбөскө айлантуу аракети, себеби алардын элеси дайыма сакталып калышы керек.

Кымбаттуу окурмандар! Биз окуялардын айрымдарын гана чогулттук, айтылбай калган дагы көптөгөн тагдырлар бар. Набыт кеткен адамдардын элеси арабызда түбөлүк жашап калуусуна жардам сурайбыз. Эгерде сиз чек арада курман болгондордун досу, жакын тууганы болсоңуз, aziza@kloop.kg дареги аркылуу байланышып коюуңузду өтүнөбүз.

Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы

Мадина Рахматжанова, 2008-жылы жарык дүйнөгө келген, Интернационал айылынын тургуну, 12 жашта

Мадина 12 жаштагы секелек кыз, 29-апрель күнү кечинде куралчан жарандар менен тажикстандык аскерлер Кыргызстандын чек арасын бузуп киргенде апасы жана сиңдиси менен кошо качкан. Миномёттун огу жарылып, анын сыныктары чачырап Мадинанын жашоо үчүн маанилүү органдарына тийген. Миномёттун чачырандысы апасы менен сиңдисине да тийген, бирок жарылуунун эпкининен Мадина бир жакка, апасы менен сиңдиси башка жакка ыргыган.

«Аялым сыртка чыкса асманды капкара түтүн каптай баштаптыр, ал үрөйү учуп кошуналарды чакырса эч ким келген эмес. Катуу корккондуктан кулагы да укпай калыптыр. Эки кызын кийинтип, үйдөн чыга качып жөнөгөндө миномёт жарылып, улуу кызым Мадина жерге кулаган. Эки чачыранды Мадинанын бутуна, бирөөсү оң жак төшүнө тийип, жүрөгүн тешип өтүп, кабыргасында такалып калган. Өзүм да экспертизада болдум», — дейт Мадинанын атасы Наимжан Абдуллов Sputnik Кыргызстанга курган мегинде.

Жарадар аял кансыраган Мадинаны алып чыгам деп 40 мүнөт алышкан. Алып чыкканда кызы өлүм алдында болгон. Мадина ооруканага жетпей жан берген.

Атасы аны Лейлек районундагы Эски-Оочу айылында жерге берген.

«Кайгыны жалгыз көтөрө албасымды билип, аялыма наркоз тарай баштаганда айтсам, алгач дарыгерлерге кыйкырды. Анан эс-акылын жоготкон кишидей "ыйлайынбы?" деп мага суроолуу карады. Анын абалын көрүп мен өзүмдү жоготуп коё жаздадым».

Мадина чоңойгондо врач болуп, адам өмүрлөрүн сактайм деп кыялданчу.

Баяман Абдрахманов, 1998-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну, 22 жашта

Баяман үй-бүлөсү менен Баткен шаарында турчу.

Баямандын кичүү иниси Галбай ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүнүн атайын даярдыктагы «Шер» отрядында кызмат өтөйт. Ал күнү Галбай апасына «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналында экенин, позицияларды ээлеп, байкоодо турушканын кабарлаган.

Ушул себептен дагы Баяман окуя болгон жерге жөнөгөн — ал кокус бир нерсе болуп кетсе инисине жардам берип, жанында болгусу келген. Апасы кабатыр болбосун деп:

«Апа, кабатыр болбогула, эч жакка барбайм. Ал жакка бара турган машине деле жок», — деп көңүлүн тынчытып койгон.

Апасынын айтымында, Баяман Көк-Ташка бара жаткан жолдо аткыланган унааны көргөн. Коштоп бараткан башка адамдарга кошулуп, балким айдоочусу тирүү болсо жардамдашайын деп түшкөн. Ошол маалда тажик тараптан от атыла баштаган. Баяман өлүмгө тете жарадар болуп, көп өтпөй эле көз жумган.

Каргаша болбогондо, Баяман эки жумадан кийин 23 жашын белгилемек. Ал үйлөнүп, уулдуу болсо атын 2021-жылы январда каза тапкан улуу агасы Бекназардын атынан коём деп ниеттенип жүргөн.

Алижан Тагайбеков, 1990-жылы туулган, Баткен шаарынын 31 жаштагы тургуну

Алижан мигрант болчу, тез-тезден Орусияга иштегени барып келип турчу. Достору Алижанды «табиятынан жумшак, патриот, лидерлик сапаттарга ээ, айыл ичиндеги активист» деп сыпатташат.

Жакын досу Бекболот Нажимидинов Алижанды акыркы жолу «Головнойго» бараткан жолдо көргөнүн айтат. Каза болооруна жакын WhatsApp тайпаларга төмөнкүдөй чакырык жазган: «Жүргүлө балдар, кеттик, мен чыгып жатам».

Алижандын артында аялы менен эки уулу калды.

Сүрөт Алижан Тагайбековдун инстаграм барагынан алынды

Алижандын инстаграм барагында көбүнчө тамашалуу видеолор, мушкерлердин видеолору, жана бирин-серин өзүнүн сүрөттөрү бар экен. Сүрөттөрүнө караганда, ал өзү да күрөш менен машыккан көрүнөт.

Алижан каргашалуу окуяга чейин бир жума мурда акыркы видеосун киргизген. Видеодон Алижан уулуна «боксташканды» үйрөтөт. Тасмада бактылуу ата-баланын каткырып күлгөнүн дагы көрүүгө болот.

Чыңгыз Темирбаев, 1995-жылы туулган, Бужум айылынын 26 жаштагы тургуну

Чыңгыз үй-бүлөсү менен Бужум айылында жашачу. Артында аялы жана эки уулу калды — кенже уулу жакында эле бир айга толгон.

«Ал намаз окучу, эч кимге зыяны тийбеген жакшы адам эле. Биз Көк-Ташка бара жатканбыз, биздикилерге жардамдашалы дегенбиз. Кимдир-бирөө менен согушалы деген оюбуз болгон эмес. Бир маалда аткылай башташты, миномёт окшойт. Жарылуу болгондо Чыңгыз көз жумду», — деп досу Нуржан Исаков «Настоящее время» басылмасына айтып берген.

Сүрөт: «Настоящее время»

Чыңгызды «апасынын эң башкы тиреги» деп аташат, себеби энеси эрте эле күйөөсүнөн ажырап калган. Чыңгыздын кичүү инилери дагы бар.

Медербек Камчиев, 1995-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну, 26 жашта

Медер Баткен шаарында касапканалардын биринде иштечү.

«Чыр чыкканын угуп, мекенди коргоо үчүн достору менен “Головнойго” барган. Акыркы жолу аны атышуу учурунда ошол жерге баргандардын бири видеого тартып алган экен. Кийин миномёттон атылган снаряд жарылып, ошол жерде каза болуптур. Бир күн сөөгүн ала алган жокпуз. Эртеси тез жардам кызматы менен өлүкканага алып келишти», — деп айтып беришкен Turmush.kg басылмасына анын туугандары.

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында жай тургундарга ок атуу башталган учур видеого түшүп калган — анда Медербек октон жашырынууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Артында жубайы жана эки кызы калды — кыздарынын бири үч, экинчиси бир жашта.

Алтынбек Каработоев, 1982-жылы туулган, Кадамжай шаарынын 39 жаштагы тургуну

Алтынбек Баткен облусунун Кадамжай шаарында жашачу. Көк-Таш айылында элге ок атылып жатат деген кабарды угар замат, ошол жакта жашаган жакындарын сактап калуу үчүн жолго чыккан.

Ошол каргашалуу күнү келини балдары менен айылдан качып чыккан — алар төрт саат бою атышуулардан жашынып олтурушкан.

«Айылда ок атыла баштаганын уккан кайнагам бизге жөнөптүр. Ал деле башка айдоочулар сыяктуу чоң жол менен келе жатыптыр. Жолдо бир айдоочуга ок тийгенин көрүп жардам берейин деген экен. Натыйжада кайнагам өзү жана эки айылдашы — жүргүнчүлөр — ошол жерде ок тийип каза болушкан», — дейт келини Мөлтүр Нишанова Kaktus.media басылмасына курган маегинде.

Алтынбек «Керемет Банкта» насыя берүү боюнча адис болуп иштеп жүрчү, анын артында үч баласы менен аялы калды.

«Балам балдардан башкача элпек, түйшүкчүл жана мекенчил эле, — дейт Алтынбектин атасы Жалил Каработоев Super.kgге курган маегинде, — Мекенчилдик сапаты кармап, менин каршы болгонума карабай, [Көк-Ташка] жолго чыккан экен».

Сүрөт: «Керемет Банк»

Атасынын айтымында, Алтынбек унаасы менен кыргыз аскерлерине жардам берген. 18-майда ал 39 жашка чыкмак.

Манасбек уулу Нурсултан, 1992-жылы туулган, 29 жашта

«Бүгүн биз баатырыбыз Нурсултан Манасбек уулун акыркы сапарга узатып жатабыз. Өлкөбүз ушундай эр жүрөк, багынуу деген эмне экенин билбеген уулдарыбыз турганда эч качан коргоосу жок калбайт», — деген сөздөр айтылып жатты маркумду узатуу зыйнатында.

Боз үйдүн ичинде боздогон кишилер — аял-эркек, жашы да карысы дагы — Нурсултандын өлүмү баарын кайгыга салган.

Жаш экенине карабай, ал №2053 аскер бөлүмүнүн капитаны болчу. Туугандары, 29 жашта баары эле капитан боло албашын баса белгилешет. Алардын айтымында, Нурсултан Түркия жана Индияга барып окуп келген, дайыма жаңы нерселерди үйрөнүүгө далалат кылчу.

Аны шайдоот жана шайыр, «үй-бүлөсүнө арка-бел, колдоочу» жигит катары сүрөттөшөт.

«Кышкыга отун, мал-жандык кышкыга даярбы-жокпу деп сурап тураар эле, кайдыгер эмес эле», — деп эскерет аны аталаш бир тууган агасы Самаган Алыбаев.

Нурсултандын жакындары анын алдыга койгон максатына жете билген өжөрлүк сапатын дагы баса белгилешет.

Нурсултан бала кезинен аскер адамы болом дечү. Агасы анын көздөгөнүнө жетмейин жаны жай албаган өжөрлүгүн айтып берди.

«Белгилүү бир денгээлге жетип, эми гана өз дараметин көрсөтө турган убакта сырткы душмандын колунан мерт кеткени чоң жоготуу болду», — дейт Алыбаев.

Анын айтымында, иниси дайыма алдына коюлган милдеттерди аткарчу, ошондуктан аны ар кыл аймактарга жөнөтүшчү — ал Чүй облусунда да, Ысык-Көл облусунда да иштеген, андан соң Баткенге кеткен.

«Иним менен сыймыктанам. Бул өлүмдүн баары — жалпы элдин жоготуусу, ошондуктан чек ара маселелерин эң эле жогорку кызматтагы аткаминерлер көзөмөлдөшү керек. Эң мыкты юристтер укуктук баа бериши керек. Мунун баары тыкыр иликтениши керек. Мына ушуга үмүттөнөбүз», — деп кошумчалады Алыбаев.

Эсентур Кубанычбеков , 1991-жылы туулган, 30 жашта

Эсентур Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулган. Тажик аскерлери кол салган кезде 30 жашта болгон. Эсентур Нарындагы №2025 аскер бөлүгүнүн атайын даярдыктагы «Бөрү» аскерлер отрядынын командиринин орун басары болуп иштеген. Баткенге ишине байланыштуу 12-апрелде жөнөп кеткен.

Эсентур атасынан эрте ажыраган, ошол себептүү аны атасынын иниси Тилекбек Жумакеримов тарбиялаган. Ал агасынын уулун эскерип, аны «сыймыгым» жана «өз жеринин чыныгы мекенчил уулу» деп атады.

Эсентурдун артында агасы менен карындашы калды. Агасы Амантур Кубанычбековдун айтымында, акыркы жолу иниси менен Эсентур аскерий аракеттер жүрүп жаткан аймакта жүргөн кезинде сүйлөшүшкөн. Телефондон Эсентур бир нече сааттан бери атышуу болуп жатканын айтып, кайра байланышка чыгууну убада кылган.

Бирок агасына берген убадасын аткарууга үлгүргөн эмес.

Сүрөт: Live.kg

«Бала кезинде эле сергек, аракетчил болчу. Жаш күнүнөн билимге умтулуп, өлкөсүн коргойм деп айтчу. Өмүрүн сүйүктүү кесибине арнады. Ошентип биздин арабыздан кетип калды», — дейт классташы Урматбек Нурсейит уулу «Азаттыкка» курган маегинде.

Бекзод Юлдашев , 1991-жылы туулган, 30 жашта

«Түнү менен издедим, видео издедим, сүрөт издедим күйөөм кай жерден көрүнүп калат экен деп. Түнү менен бир окопто жаткан болсо, түндө мен чала койсом [телефондун] жарыгы көрүнүп калып атып койбосун деп корктум», — дейт Бекзоддун өмүрлүк жары Гульхайо Кодирова «Азаттыкка» курган маегинде.

Бекзод Юлдашев №2021 аскер бөлүгүндө «Бөрү» отрядынын курамында кызмат өтөп жүргөн.

Ал кыргыз армиясында кызмат өтөгөнүнө сегиз жыл болгон. Таежеси Зебо Холматованын айтымында, бул жылы Бекзод жаңы аскердик наам алып, эки-үч жылдан кийин ардактуу эс алууга кетүүнү пландап жүргөн.

Бирок апрелдин аяккы күндөрүндө, Тажикстан менен болгон чек арада жаңжал башталганда, Юлдашев «Бөрүнүн» башка аскерлери менен кошо чек арага жөнөтүлгөн.

«Аскер болуу Бекзоддун кичине кезинен берки кыялы болгон. Ушул жолду өзү тандаган. "Мен силерди коргойм" деп көп айтчу. Коргоп жатып кете берди минтип. Азыр көзүбүздөн жаш эмес, кан агып атат», — деп эскерет жээнин Бекзоддун таежеси Зебо Холматова.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууда набыт болду. Эки жумадан кийин 31 жашка чыкмак.

Юлдашевдин артында медайым болуп иштеген жубайы, үч баласы калды: 6 жашар кызы жана эки уулу — бирөө беш жашта, кичүүсү болгону алты айлык.

«Кээде дарбазаны карап отуруп калам, байкем кирип келеби деп, бирок кирип келе албай жатат да. Уруш болуп калса мекеним үчүн жаным берип калышым мүмкүн, билесиң да деп калаар эле. Тамашалап кандай уруш болмок эле дечүмүн ага. Бул сөздөрү чын болуп калаарын билбейт элем», — дейт Бекзоддун иниси Шахзодбек Юлдашев.

Абидин Турсунбаев, 2016-жылы туулган, Арка айылынын тургуну, 4 жашта

29-апрелдин кечинде 4 жаштагы Абидин бала бакчадан келип, көчөдө ойноп жүргөн. Иниси экөө самокат тээп, бир аздан кийин Абидин каналдагы сууга таш ыргытып ойногону кеткен.

Ата-энесинин айтымында, ошол маалда Тажикстан менен чектеш аймакта ызы-чуу чыгыптыр деген кептер айтыла баштаган.

Абидиндин апасы Динара Исабай кызы болжол менен саат 19:00 чамасында кайнежеси ыйлап келип эле бала каналга түшүп, суу агызып кетти деп айтканын эскерет.

Динара жолдошу менен баланы сактап калууга чуркашкан.

«Биз тез жардамга чалдык, бирок аларды күтпөй Достуктагы ооруканага алып жөнөдүк. Алар колунан келгенин кылышты, Кулундудагы врач менен тынбай телефон чалышып жаттык. Баланын пульсу бар деп айтышкан», — дейт ал.

Бирок Достук айылындагы оорукана даяр эмес болгондуктан ата-эне чүрпөсүн сактап калуу үчүн Кулундуга жөнөшкөн. Бирок ал жакка жете алышкан эмес.

«Максат айылы жактан машина абдан көп келе жаткан, бир киши “Кетпегиле, ал жакта атып жатат. Исфанадан келе жаткан маршрутканы аткылап салышты, жете албайсыңар” деди», — деп айтып берди ал.

Сүрөт: «Кабар»

Апасынын айтымында, Кулундуга барчу башка жол болгон эмес, айла жок кайра Достукка кайтып келишкен.

«Биз унаадан чыккан жокпуз. Ошол жерге кычкылтек аппаратын алып келип, жасалма дем алдырдык, кичине суу чыкты. Тез жардамда иштеген киши баланын пульсу болгону менен жүрөгү токтоп калганын айтты [...]. Биз Кулунду же Исфананын ооруканасына жете албай койдук. Максат айылында ок атылып, жолдор жабылып калган экен. Биз балабызды сактап кала албадык», — деп эскерет Динара.

Алар баланын сөөгүн көтөрүп алып тоону көздөй качууга аргасыз болушкан. Бала каза тапкан күндүн эртеси башка айылда жерге берилген.

Абидин 1-июлда 5 жашка чыкмак.

Мадина Рахматжанова, 2008-жылы жарык дүйнөгө келген, Интернационал айылынын тургуну, 12 жашта

Мадина 12 жаштагы секелек кыз, 29-апрель күнү кечинде куралчан жарандар менен тажикстандык аскерлер Кыргызстандын чек арасын бузуп киргенде апасы жана сиңдиси менен кошо качкан. Миномёттун огу жарылып, анын сыныктары чачырап Мадинанын жашоо үчүн маанилүү органдарына тийген. Миномёттун чачырандысы апасы менен сиңдисине да тийген, бирок жарылуунун эпкининен Мадина бир жакка, апасы менен сиңдиси башка жакка ыргыган.

«Аялым сыртка чыкса асманды капкара түтүн каптай баштаптыр, ал үрөйү учуп кошуналарды чакырса эч ким келген эмес. Катуу корккондуктан кулагы да укпай калыптыр. Эки кызын кийинтип, үйдөн чыга качып жөнөгөндө миномёт жарылып, улуу кызым Мадина жерге кулаган. Эки чачыранды Мадинанын бутуна, бирөөсү оң жак төшүнө тийип, жүрөгүн тешип өтүп, кабыргасында такалып калган. Өзүм да экспертизада болдум», — дейт Мадинанын атасы Наимжан Абдуллов Sputnik Кыргызстанга курган мегинде.

Жарадар аял кансыраган Мадинаны алып чыгам деп 40 мүнөт алышкан. Алып чыкканда кызы өлүм алдында болгон. Мадина ооруканага жетпей жан берген.

Атасы аны Лейлек районундагы Эски-Оочу айылында жерге берген.

«Кайгыны жалгыз көтөрө албасымды билип, аялыма наркоз тарай баштаганда айтсам, алгач дарыгерлерге кыйкырды. Анан эс-акылын жоготкон кишидей "ыйлайынбы?" деп мага суроолуу карады. Анын абалын көрүп мен өзүмдү жоготуп коё жаздадым».

Мадина чоңойгондо врач болуп, адам өмүрлөрүн сактайм деп кыялданчу.

Баяман Абдрахманов, 1998-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну, 22 жашта

Баяман үй-бүлөсү менен Баткен шаарында турчу.

Баямандын кичүү иниси Галбай ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүнүн атайын даярдыктагы «Шер» отрядында кызмат өтөйт. Ал күнү Галбай апасына «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналында экенин, позицияларды ээлеп, байкоодо турушканын кабарлаган.

Ушул себептен дагы Баяман окуя болгон жерге жөнөгөн — ал кокус бир нерсе болуп кетсе инисине жардам берип, жанында болгусу келген. Апасы кабатыр болбосун деп:

«Апа, кабатыр болбогула, эч жакка барбайм. Ал жакка бара турган машине деле жок», — деп көңүлүн тынчытып койгон.

Апасынын айтымында, Баяман Көк-Ташка бара жаткан жолдо аткыланган унааны көргөн. Коштоп бараткан башка адамдарга кошулуп, балким айдоочусу тирүү болсо жардамдашайын деп түшкөн. Ошол маалда тажик тараптан от атыла баштаган. Баяман өлүмгө тете жарадар болуп, көп өтпөй эле көз жумган.

Каргаша болбогондо, Баяман эки жумадан кийин 23 жашын белгилемек. Ал үйлөнүп, уулдуу болсо атын 2021-жылы январда каза тапкан улуу агасы Бекназардын атынан коём деп ниеттенип жүргөн

Алижан Тагайбеков, 1990-жылы туулган, Баткен шаарынын 31 жаштагы тургуну

Алижан мигрант болчу, тез-тезден Орусияга иштегени барып келип турчу. Достору Алижанды «табиятынан жумшак, патриот, лидерлик сапаттарга ээ, айыл ичиндеги активист» деп сыпатташат.

Жакын досу Бекболот Нажимидинов Алижанды акыркы жолу «Головнойго» бараткан жолдо көргөнүн айтат. Каза болооруна жакын WhatsApp тайпаларга төмөнкүдөй чакырык жазган: «Жүргүлө балдар, кеттик, мен чыгып жатам».

Алижандын артында аялы менен эки уулу калды.

Алижандын инстаграм барагында көбүнчө тамашалуу видеолор, мушкерлердин видеолору, жана бирин-серин өзүнүн сүрөттөрү бар экен. Сүрөттөрүнө караганда, ал өзү да күрөш менен машыккан көрүнөт.

Алижан каргашалуу окуяга чейин бир жума мурда акыркы видеосун киргизген. Видеодон Алижан уулуна «боксташканды» үйрөтөт. Тасмада бактылуу ата-баланын каткырып күлгөнүн дагы көрүүгө болот.

Чыңгыз Темирбаев, 1995-жылы туулган, Бужум айылынын 26 жаштагы тургуну

Чыңгыз үй-бүлөсү менен Бужум айылында жашачу. Артында аялы жана эки уулу калды — кенже уулу жакында эле бир айга толгон.

«Ал намаз окучу, эч кимге зыяны тийбеген жакшы адам эле. Биз Көк-Ташка бара жатканбыз, биздикилерге жардамдашалы дегенбиз. Кимдир-бирөө менен согушалы деген оюбуз болгон эмес. Бир маалда аткылай башташты, миномёт окшойт. Жарылуу болгондо Чыңгыз көз жумду», — деп досу Нуржан Исаков «Настоящее время» басылмасына айтып берген.

Чыңгызды «апасынын эң башкы тиреги» деп аташат, себеби энеси эрте эле күйөөсүнөн ажырап калган. Чыңгыздын кичүү инилери дагы бар.

Медербек Камчиев, 1995-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну, 26 жашта

Медер Баткен шаарында касапканалардын биринде иштечү.

«Чыр чыкканын угуп, мекенди коргоо үчүн достору менен “Головнойго” барган. Акыркы жолу аны атышуу учурунда ошол жерге баргандардын бири видеого тартып алган экен. Кийин миномёттон атылган снаряд жарылып, ошол жерде каза болуптур. Бир күн сөөгүн ала алган жокпуз. Эртеси тез жардам кызматы менен өлүкканага алып келишти», — деп айтып беришкен Turmush.kg басылмасына анын туугандары.

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында жай тургундарга ок атуу башталган учур видеого түшүп калган — анда Медербек октон жашырынууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Артында жубайы жана эки кызы калды — кыздарынын бири үч, экинчиси бир жашта.

Алтынбек Каработоев, 1982-жылы туулган, Кадамжай шаарынын 39 жаштагы тургуну

Алтынбек Баткен облусунун Кадамжай шаарында жашачу. Көк-Таш айылында элге ок атылып жатат деген кабарды угар замат, ошол жакта жашаган жакындарын сактап калуу үчүн жолго чыккан.

Ошол каргашалуу күнү келини балдары менен айылдан качып чыккан — алар төрт саат бою атышуулардан жашынып олтурушкан.

«Айылда ок атыла баштаганын уккан кайнагам бизге жөнөптүр. Ал деле башка айдоочулар сыяктуу чоң жол менен келе жатыптыр. Жолдо бир айдоочуга ок тийгенин көрүп жардам берейин деген экен. Натыйжада кайнагам өзү жана эки айылдашы — жүргүнчүлөр — ошол жерде ок тийип каза болушкан», — дейт келини Мөлтүр Нишанова Kaktus.media басылмасына курган маегинде.

Алтынбек «Керемет Банкта» насыя берүү боюнча адис болуп иштеп жүрчү, анын артында үч баласы менен аялы калды.

«Балам балдардан башкача элпек, түйшүкчүл жана мекенчил эле, — дейт Алтынбектин атасы Жалил Каработоев Super.kgге курган маегинде, — Мекенчилдик сапаты кармап, менин каршы болгонума карабай, [Көк-Ташка] жолго чыккан экен».

Атасынын айтымында, Алтынбек унаасы менен кыргыз аскерлерине жардам берген. 18-майда ал 39 жашка чыкмак.

Нурсултан Манасбек уулу , 1992-жылы туулган, 29 жашта

«Бүгүн биз баатырыбыз Нурсултан Манасбек уулун акыркы сапарга узатып жатабыз. Өлкөбүз ушундай эр жүрөк, багынуу деген эмне экенин билбеген уулдарыбыз турганда эч качан коргоосу жок калбайт», — деген сөздөр айтылып жатты маркумду узатуу зыйнатында.

Боз үйдүн ичинде боздогон кишилер — аял-эркек, жашы да карысы дагы — Нурсултандын өлүмү баарын кайгыга салган.

Жаш экенине карабай, ал №2053 аскер бөлүмүнүн капитаны болчу. Туугандары, 29 жашта баары эле капитан боло албашын баса белгилешет. Алардын айтымында, Нурсултан Түркия жана Индияга барып окуп келген, дайыма жаңы нерселерди үйрөнүүгө далалат кылчу.

Аны шайдоот жана шайыр, «үй-бүлөсүнө арка-бел, колдоочу» жигит катары сүрөттөшөт.

«Кышкыга отун, мал-жандык кышкыга даярбы-жокпу деп сурап тураар эле, кайдыгер эмес эле», — деп эскерет аны аталаш бир тууган агасы Самаган Алыбаев.

Нурсултандын жакындары анын алдыга койгон максатына жете билген өжөрлүк сапатын дагы баса белгилешет.

Нурсултан бала кезинен аскер адамы болом дечү. Агасы анын көздөгөнүнө жетмейин жаны жай албаган өжөрлүгүн айтып берди.

«Белгилүү бир денгээлге жетип, эми гана өз дараметин көрсөтө турган убакта сырткы душмандын колунан мерт кеткени чоң жоготуу болду», — дейт Алыбаев.

Анын айтымында, иниси дайыма алдына коюлган милдеттерди аткарчу, ошондуктан аны ар кыл аймактарга жөнөтүшчү — ал Чүй облусунда да, Ысык-Көл облусунда да иштеген, андан соң Баткенге кеткен.

«Иним менен сыймыктанам. Бул өлүмдүн баары — жалпы элдин жоготуусу, ошондуктан чек ара маселелерин эң эле жогорку кызматтагы аткаминерлер көзөмөлдөшү керек. Эң мыкты юристтер укуктук баа бериши керек. Мунун баары тыкыр иликтениши керек. Мына ушуга үмүттөнөбүз», — деп кошумчалады Алыбаев.

Эсентур Кубанычбеков , 1991-жылы туулган, 30 жашта

Эсентур Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулган. Тажик аскерлери кол салган кезде 30 жашта болгон. Эсентур Нарындагы №2025 аскер бөлүгүнүн атайын даярдыктагы «Бөрү» аскерлер отрядынын командиринин орун басары болуп иштеген. Баткенге ишине байланыштуу 12-апрелде жөнөп кеткен.

Эсентур атасынан эрте ажыраган, ошол себептүү аны атасынын иниси Тилекбек Жумакеримов тарбиялаган. Ал агасынын уулун эскерип, аны «сыймыгым» жана «өз жеринин чыныгы мекенчил уулу» деп атады.

Эсентурдун артында агасы менен карындашы калды. Агасы Амантур Кубанычбековдун айтымында, акыркы жолу иниси менен Эсентур аскерий аракеттер жүрүп жаткан аймакта жүргөн кезинде сүйлөшүшкөн. Телефондон Эсентур бир нече сааттан бери атышуу болуп жатканын айтып, кайра байланышка чыгууну убада кылган.

Бирок агасына берген убадасын аткарууга үлгүргөн эмес.

«Бала кезинде эле сергек, аракетчил болчу. Жаш күнүнөн билимге умтулуп, өлкөсүн коргойм деп айтчу. Өмүрүн сүйүктүү кесибине арнады. Ошентип биздин арабыздан кетип калды», — дейт классташы Урматбек Нурсейит уулу «Азаттыкка» курган маегинде.

Бекзод Юлдашев , 1991-жылы туулган, 30 жашта

«Түнү менен издедим, видео издедим, сүрөт издедим күйөөм кай жерден көрүнүп калат экен деп. Түнү менен бир окопто жаткан болсо, түндө мен чала койсом [телефондун] жарыгы көрүнүп калып атып койбосун деп корктум», — дейт Бекзоддун өмүрлүк жары Гульхайо Кодирова «Азаттыкка» курган маегинде.

Бекзод Юлдашев №2021 аскер бөлүгүндө «Бөрү» отрядынын курамында кызмат өтөп жүргөн. Ал кыргыз армиясында кызмат өтөгөнүнө сегиз жыл болгон. Таежеси Зебо Холматованын айтымында, бул жылы Бекзод жаңы аскердик наам алып, эки-жүл жылдан кийин ардактуу эс алууга кетүүнү пландап жүргөн.

Бирок апрелдин аяккы күндөрүндө, Тажикстан менен болгон чек арада жаңжал башталганда, Юлдашев «Бөрүнүн» башка аскерлери менен кошо чек арага жөнөтүлгөн.

«Аскер болуу Бекзоддун кичине кезинен берки кыялы болгон. Ушул жолду өзү тандаган. "Мен силерди коргойм" деп көп айтчу. Коргоп жатып кете берди минтип. Азыр көзүбүздөн жаш эмес, кан агып атат», — деп эскерет жээнин Бекзоддун таежеси Зебо Холматова.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууда набыт болду. Эки жумадан кийин 31 жашка чыкмак.

Юлдашевдин артында медайым болуп иштеген жубайы, үч баласы калды: 6 жашар кызы жана эки уулу — бирөө беш жашта, кичүүсү болгону алты айлык.

«Кээде дарбазаны карап отуруп калам, байкем кирип келеби деп, бирок кирип келе албай жатат да. Уруш болуп калса мекеним үчүн жаным берип калышым мүмкүн, билесиң да деп калаар эле. Тамашалап кандай уруш болмок эле дечүмүн ага. Бул сөздөрү чын болуп калаарын билбейт элем», — дейт Бекзоддун иниси Шахзодбек Юлдашев.

Абидин Турсунбаев, 2016-жылы туулган, Арка айылынын тургуну, 4 жашта

29-апрелдин кечинде 4 жаштагы Абидин бала бакчадан келип, көчөдө ойноп жүргөн. Иниси экөө самокат тээп, бир аздан кийин Абидин каналдагы сууга таш ыргытып ойногону кеткен.

Ата-энесинин айтымында, ошол маалда Тажикстан менен чектеш аймакта ызы-чуу чыгыптыр деген кептер айтыла баштаган.

Абидиндин апасы Динара Исабай кызы болжол менен саат 19:00 чамасында кайнежеси ыйлап келип эле бала каналга түшүп, суу агызып кетти деп айтканын эскерет.

Динара жолдошу менен баланы сактап калууга чуркашкан.

«Биз тез жардамга чалдык, бирок аларды күтпөй Достуктагы ооруканага алып жөнөдүк. Алар колунан келгенин кылышты, Кулундудагы врач менен тынбай телефон чалышып жаттык. Баланын пульсу бар деп айтышкан», — дейт ал.

Бирок Достук айылындагы оорукана даяр эмес болгондуктан ата-эне чүрпөсүн сактап калуу үчүн Кулундуга жөнөшкөн. Бирок ал жакка жете алышкан эмес.

«Максат айылы жактан машина абдан көп келе жаткан, бир киши “Кетпегиле, ал жакта атып жатат. Исфанадан келе жаткан маршрутканы аткылап салышты, жете албайсыңар” деди», — деп айтып берди ал.

Апасынын айтымында, Кулундуга барчу башка жол болгон эмес, айла жок кайра Достукка кайтып келишкен.

«Биз унаадан чыккан жокпуз. Ошол жерге кычкылтек аппаратын алып келип, жасалма дем алдырдык, кичине суу чыкты. Тез жардамда иштеген киши баланын пульсу болгону менен жүрөгү токтоп калганын айтты [...]. Биз Кулунду же Исфананын ооруканасына жете албай койдук. Максат айылында ок атылып, жолдор жабылып калган экен. Биз балабызды сактап кала албадык», — деп эскерет Динара.

Алар баланын сөөгүн көтөрүп алып тоону көздөй качууга аргасыз болушкан. Бала каза тапкан күндүн эртеси башка айылда жерге берилген.

Абидин 1-июлда 5 жашка чыкмак.

Кымбаттуу окурмандар! «Клооптун» редакциясы тагдыры айтылбай калган баатырларыбыздын туугандары менен досторун издейт. Эгерде сиз эсиңизде калган окуяны айтып берип, сүрөттөр менен бөлүшкүңүз келсе же курман болгон жарандарыбыздын тагдырын айтып бере алган адамдарды таанысаңыз, сураныч, бизге жазып коюуңуз: aziza@kloop.kg. Биз бул адамдардын элесин өчпөс кылгыбыз келет.

Мырзабек Абрахманов, 1991-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;

Эргешаалы уулу Тынчтыкбек , 1991-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;

Махаматрасул Сайдаров, 1985-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;

Жигитаалы уулу Дуулатбек, 1988-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;

Турдубай Сатаров, 1988-жылы туулган, Кара-Бак айылынын тургуну;

Уланбек Мусаев, 1991-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;

Ганиев Жамшит, 1990-жылы туулган, Чет-Булак айылынын тургуну;

Мооланбек Тажибаев, 1990-жылы туулган, Жаны-Жер айылынын тургуну;

Шухратбек Зикиров, 1989-жылы туулган, Ак-Сай айылынын тургуну;

Жаркынбек Аманов, 1988-жылы туулган, Бужум айылынын тургуну;

Дастан Нурумбаев, 1983-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын тургуну;

Сагын Каратаев, 1977-жылы 26-июлда туулган, Көк-Таш айылынын тургуну;

Үсөн уулу Рашид, 1973-жылы туулган, Баткен шаарынын тургуну;

Асамидин Аманов, 1973-жылы туулган, 49 жашта;

Сүйүн Тагаев, 1969-жылы 14-мартта туулган, Баткен шаарынын тургуну;

Салим Бахтыбаев, 1963-жылы туулган, Кызыл-Бел айылынын тургуну;

Тойчубек Исманов, 1958-жылы туулган, Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айылынын тургуну;

Арыпбай уулу Шумкарбек, туулган жери тактала элек;

Бахридин уулу Өмүрбек, 2003-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну;

Абдывахап уулу Султанбек, 2002-жылы туулган, Кызыл-Жол айылынын тургуну.