«Ооруканага жете алган жокпуз». Абидиндин жакындары кырсык тууралуу

Лейлектин Арка айылынын төрт жаштагы тургуну Абидин Турсунбаев 29-апрелде каналга түшүп чөгүп кеткен. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн Кулунду айылынын ооруканасына жеткирүү керек эле. Бирок кыргыз-тажик чек арасында ок атышуудан улам жолдон өтүү мүмкүн эмес болгон. Наристе ооруканага жетпей чарчап калган.

Абидиндин чоң атасы Турсунбай Темиров «Клоопко» кырсык кандай болгонун айтып берди. Анын айтымында, ошол күнү эки небереси ок атуулар башталгандан жарым саат мурун самокат тээп ойноп жатышкан. Үйдөгүлөр дааватчыларды коноктоп жатышканда Абидин күүлөнүп барып токтоно албай ылдыйкы каналга түшүп кеткен.

Ошол мезгилде башка кошуналар чек арадагы ок атуулардан коркуп, айылдан тоого карата качып жөнөшкөн эле. Ал эми Темиров Абидиндин дүкөн иштеткен атасы менен апасына чалганда телефонго жооп беришкен эмес. Кийин чоң атасы дүкөнгө барып сураштырганда Абидин каналга түшүп кетип, ата-энеси Кулунду ооруканасына алып кетишкенин билишкен.

«Достук айылындагы медпунктка алып барса алыбыз жетпейт деген окшойт, Кулундуга алып жөнөшкөн экен. Ок атышуу болуп аткандыктан аларды жолдон кайтарыптыр. Уулум анан “Абидинден айрылдык” деди. Келиним машинанын ичинде чарчап калган неберемди алып отурат. Андан кийин тамак-аш алып тоо тарапка кеттик», — деп көзүнө жаш алды Абидиндин чоң атасы.

Наристенин чоң энеси Айшабүбү Темирова неберелеринин бири аман калганына жана Абидиндин сөөгү Тажикстандын аймагына агып кетпегенине шүгүр кылып отурабыз дейт.

«Абидиндин 3 жаштагы иниси “Абидин сууга түшүп кетти” деп ыйлап чуркап келди. Анан чуркап барышса бешинчи көчөдө агып баратыптыр. Көпүрөдөн өткөндө Тажикстанга өтүп кетет эле. Чоңураак адам болгон эмес экен баланы суудан тартып алганга. Ушул жерде өзү сууга чөгүп кеткен балдар көп эле. Суу улуу болчу», — деп кейиди чоң эне.

Чоң энеси Айшабүбү Темирова наристе 30-апрелде коңшу айылга жерге берилгенин айтты. Анткени ок атышуулар токтобогондуктан Арка айылына сөөктү коюу мүмкүн эмес болгон.

«Балам боло турган бала эле. Телефон, компьютер баарын түшүнөт болчу. Айылда жаш балдардын баары самокат тээп, буларга да алып берген элек. Мен үйдөн чыгарып, чоң атасы көчөнүн аягынан тосуп алып келет эле. Ошол күнү биз конокторго алаксып, балдар өздөрү эле чыгып кетип ушул окуя болду», — дейт Абидиндин чоң энеси.

Абидиндин чоң атасы Турсунбай Темиров күн сайын үйдөн чыгаарда эшикти сыртынан жагач менен бекитип кетчү. Анын айтымында, окуя болгон күнү конок менен алаксып бекитпей калган. Ошондой эле, чоң ата Абидиндин өлүмү чек арадагы куралдуу кагылышууга байланыштуу эмес дейт.

Абидиндин апасы Динара айым окуя болгон күнү жолдошу менен жумушта болгон. Уулу тууралуу кабарды кайын эжеси айткан. Ал эми Абидинди суудан жездеси алып чыккан. Ата-эне жасалма дем алдыруу ыкмасын жасап, тез жардам унаасын күтпөй эле, унаа менен Достук айылындагы ооруканага барышкан.

«Алар колунан келген жардамды көрсөтүштү. Андан кийин Кулундудагы бейтапканага жөнөтүшү. Бирок жолдо баратканда ок атуулар башталып, кайра Достукка келдик. Кулундунун же Исфананын ооруканасына алып өтө алганыбызда, балким баламды сактап калышмак. Тез жардам кызматкери балада пульс болгону менен жүрөгү сокпой турат, үмүтүңөрдү үзгүлө деди», — дейт Динара айым.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу

28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Чек арадагы ок атуулардын кесепетинен 189 киши жарадар болуп, анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Анын ичинде 12 жаштагы Мадина да бар. Ал 29-апрелде Лейлектин Интернационал (Борбордук) айлында тажик тараптан атылган миномёттун огунан каза тапкан.

Ошол күнү Интернационал айылына ок атыла башталганда, Мадина апасы жана сиңдиси менен кошо айылдан качып чыгууга аракет кылган. Бирок апасы менен ага ок тийип, сиңдиси бутунан жаракат алган. Ок узакка атылгандыктан апасы Мадинага 40 мүнөттөн кийин гана жеткен. Ооруканага алып бара жатканда өспүрүм каза тапкан. Ал эми апасы менен сиңдиси Бишкекке тик учак менен жеткирилип, аларга операция жасалган. Мадина 30-апрель күнү жерге берилген.

Алгач Кыргызстандын бийлиги каза болгондордун санын 35ке жеткенин кабарлаган. Андан кийин 4-майда төрт жаштагы Абидиндин өлүмү кошулду. Анткени ок атышуунун кесептинен Абидин ооруканага убагында жеткирилбей, тийиштүү жардам көрсөтүлбөй калган.

Тажик бийлиги 6-майда 87 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 19 киши набыт болгонун кабарлады.

Редакторлору: Элвира Султанмурат кызы жана

Зарина Маматжанова

Тема боюнча:

Чек арадагы жаңжалда сууга чөккөн 4 жашар наристе ооруканага жетпей каза болду