БШК мүчөлөрүнүн жарымын президент шайлаган мыйзам долбоору сунушталды

Жогорку Кеңеш 18-майда «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Демилгечи депутат Бакыт Төрөбаев.

Сунушталган өзгөрүтүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңеш БШК курамынын жарымын өзү шайлайт, ал эми экинчи жарымы — президенттин сунушу боюнча шайланат. Мыйзам боюнча комиссиянын курамында 12 мүчө болот.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, БШКнын курамынын үчтөн бирин парламенттик көпчүлүк, дагы башка үчтөн бирин парламенттеги оппозиция, дагы үчтөн бири президенттин сунушу боюнча шайланып келген.

Мындан тышкары Төрөбаев БШКнын төрагасынын эки орун басарынын ордуна бирди гана калтырууну сунуштаган.

Калган пунктарды учурдагы мыйзамдагыдай боюнча калтыруу сунушталып жатат: мисалы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн 70%дан ашыгы бир жыныста болбошу керек жана комиссиянын мүчөлөрүн парламент гана кызматтан бошото алат.

Мыйзам долбооруна ылайык, БШКнын курамы мурдагыдай эле беш жылга түзүлөт, анын ишмердиги парламент таркатылганда же президент отставкага кеткенде дагы токтотулбайт.

«Борбордук шайлоо комиссиясынын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары анын биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып башталат. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда аяктаса, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ошол шайлоо өнөктүгү бүткөнгө чейин узартылат», — деп белгилешти мыйзам долбоорунун авторлору.

Төрөбаев БШК жөнүндөгү мыйзамды 2021-жылы 11-апрелде элдик шайлоонун жыйынтыгында кабыл алынган жаңы Конституцияга шайкеш келтирүүнү сунуштады. Анын сөзүнө ылайык жакында Жогорку Кеңешке жана кээ бир жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо боло тургандыктан бул нерсени «БШКнын ишмердүүлүгүнүн легитимдүүлүгү боюнча суроо жаралбаш үчүн» жазаш керек.

Жаңы Конституция

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бирге референдум да өтүп, ал күнү жарандар жаң конституция үчүн добуш беришти. Ал эми 5-майда, Конституция күнү, президент Садыр Жапаров өзү демилгелеген өлкөнүн негизги мыйзамына кол койду.

Жаңы Конституция мурдагы редакциядан өтө айырмаланат. Өзгөртүүлөр бийликтин дээрлик баардык бутактарына чейин жеткен. Президенттин бийлиги күчөтүлгөн, эми ал эки катары менен эки мөөнөткө шайлана алат. Ошондой эле, жаңы Конституцияга ылайык, депутаттардын саны 120дан 90го чейин азайып, Элдик Курултай жаңы органы пайда болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эгерде жаңы Конституция кабыл алынса, эмнелер өзгөрөт?