Москва: Кыргыз жана тажик жарандары мушташып, алты адам ооруканага түштү

Москвада Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, алты адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Орусиянын РБК басылмасы ИИМдин башкы башкармалыгына таянып кабарлады.

Алардын айтымында, 15 чакты адам катышкан мушташ Москванын Вернадский проспектисиндеги кафелердин биринде чыккан. Массалык мушташ тууралуу кабар полицияга 18-майда саат 23:09да келип түшкөн.

Укук коргоо органынын кызматкерлери тогуз адамды кармап, полиция бөлүмүнө жеткиришкен. Калгандарын тез жардам уунасы ооруканага алып кеткен.

Кармалгандардын ичинен эки адам миграциялык мыйзамдарды бузган, калган жетөө майда бейбаштык үчүн административдик жазага тартылганын кошумчалашты.

«Полиция бул факты боюнча текшерүү жүргүзүп жатат», — деп билдирет басма сөз кызматы.

ТАСС басылмасынын маалымат булагы билдиргендей, мушташтын чыгышына тараптардын жеке таарынычтары себеп болгон жана ал катардагы жаңжал.

Кыргызстандын Орусиядагы өкүлчүлүгү окуяга байланыштуу үн ката элек. «Клооп» басылмасы элчилик менен байланыша алган жок.

Москвада буга чейин да Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. 2020-жылдын июль айында Орусиянын баш калаасынын турак жайларынын биринин короосунда 200гө чукул адам катышкан мушташ катталган.

Ал окуяда полиция тарабынан Кыргызстандын тогуз жана Тажикстандын тогуз жараны кармалып, Москва шаардык ИИБинин Убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.