Москвада массалык мушташ уюштурган кыргыз жана тажик жарандары кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Орусиянын Москва шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын мигранттары ортосунда чыккан массалык жаңжалдын катышуучулары кармалды. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлиги 23-июлда билдирди.

Окуя Москвадагы коомдук жайлардын биринде 21-июлда орун алды.

«Екатеринбург шаарында кыргыздар жана тажиктердин ортосунда болгон чырдан кийин кыргыз жарандары тарабынан социалдык тармактарда, анын ичинде Whatsapp мессенджери аркылуу да — “тажиктерди жазалоого” негативдүү чакырыктар таратылып башталган», — деп берилет ИИМдин билдирүүсүндө.

Москвадагы окуя боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен иш козголуп, анын алкагында 18 шектүү кармалды — 9 Кыргызстандын жана 9 Тажикстандын жараны. Ошондой эле, Москванын полиция кызматкерлери кыргыз жана тажик жарандары тарабынан ар кандай мессенжерлер аркылуу «мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого» чакырыктар боюнча териштирүүнү баштады.

Буга чейин 19чу жана 20-июлда Екатеринбург шаарында ондогон кыргыз жана тажик улутундагы жаштардын ортосунда чыр чыгып, кеминде эки кыргызстандык жабыркаган.

Ал эми 22-июлда Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин имаратында кыргыз жана тажик диаспорасынын өкүлдөрү жолугушуп, улуттар аралык чатактарды болтурбоого багытталган достук мемилелерин бекемдөөнү талкуулашкан.

Укук коргоо органдары массалык уруш «кыргыз улутундагы кызга тажик улутундагы жигиттер тийишип койгону» үчүн башталган деп билдиришкен. Ал эми эки улуттун диаспора жетекчилери жаңжал шаардагы стадиондордун биринде футбол ойноп жатканда кайым айтышуудан башталганын айтышкан.