Мыйзам долбоору: Иш учурунда аялдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөр жазаланат

Иллюстрация: Christophe Gowans

20-майда парламент «Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Демилгечилердин маалыматы боюнча бул долбоор кызматкердин кол тийбестик укугун коргоого жана жумуш үстүндөгү кызматкерге асылуудан коргоону камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан.

Түзөтүүнүн демилгечилери депутаттар Айнуру Алтыбаева, Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова, Евгения Строкова, Наталья Никитенко, Бурун Аманова жана Махабат Мавлянова.

Мыйзам долбоорунда эмне сунушталып жатат

Мыйзам долбоорунда Эмгек кодексине бир нече өзгөртүү киргизүү, анын ичинде «Сексуалдык асылууга тыюу салуу» беренеси менен толуктоо сунушталган.

Ага ылайык:

  • Ар бир адам жеке кол тийбестик укугуна жана коопсуз эмгек шарттарына, асылуудан эркин болууга укуктуу.
  • Эч ким кесиптештери жана иш берүүчүлөр тарабынан басымга, куугунтукка кабылышы мүмкүн эмес, анын негизинде алар өздөрүнүн жеке кол тийбестигин асылуудан коргой алышат.
  • Иш берүүчү асылуу учурларына жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
  • Эгерде иш берүүчү өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери менен кызматкерди жумуштан бошонууга мажбурласа, иш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.
  • Кызматкерге асылуу фактысы аныкталган учурда сот тартибинде моралдык жана материалдык зыяндын орду толтурулат.

Иш берүүчү кызматкерге карата асылуу учурларын териштирүүнү кесиптик бирликтердин өкүлдөрүнүн же уюмдун кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү органдарынын, атайын ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен өз убагында жана так жүргүзүүгө милдеттүү.

Кызматкерге карата асылуу учурларын териштирүүдө жабырлануучунун ишенимдүү адамы катышууга укуктуу. Эгерде ишенимдүү адам териштирүүгө катышпаса, анда иш берүүчү аны териштирүүнүн материалдары менен тааныштырууга милдеттүү.

Кызматкерге карата ырасталган асылуу фактылары жоктугу жөнүндө комиссиянын тыянагы тиешелүү мамлекеттик көзөмөл органы же кесиптик бирликтин эмгек техникалык инспекциясы менен макулдашылууга тийиш.

Иш берүүчү териштирүүдөн баш тартканда, кызматкер же анын ишенимдүү адамы асылуу фактысы жөнүндө акты түзүп, эмгек мыйзамдарын сактоо үчүн көзөмөл жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, кесиптик бирликтерге, прокуратурага, сотко кайрыла алат.

Мындан тышкары, мыйзам долбооруна ылайык, иш берүүчү кызматкерлерге асылуудан улам келтирилген зыян үчүн жада калса ал иш берүүчүнүн аймагынан тышкары жерде анын күнөөсү менен болсо жоопкерчилик тартат.

«Кызматкер жана иш берүүчү асылуу фактылары аныкталган учурда, мыйзамда белгиленген тартипте медиация жол-жоболоруна кайрылууга укуктуу», — деп белгиленген документте.

Маалымкат-тиркеме

Мыйзам долбоорунун маалымкат-тиркемесинде бирге башкаруу боюнча USAID программасынын колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөдөн үзүндү келтирилген. Анда Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы Бишкек, Кара-Балта, Ош жана Токмоктогу ар түрдүү жумушчу орундарындагы жана ЖОЖдордогу 877 аялдардан жана кыздардан анонимдүү сурамжылоо жүргүзгөн.

«Алардын сексуалдык асылууга дуушар болгондугу тууралуу сурашкан. Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү көйгөй бар экенин моюнга алышкан. 23% иштеген аялдар жана 21,9% студенттер сексуалдык асылууга дуушар болушкан. Изилдөө 80% асылуу учурлары мамлекеттик мекемелерде болорун көрсөтөт», — деп жазылган документте.

Асылууга 20 жаштан 38 жашка чейинки курактагы никеге турбаган жана катардагы кызматты ээлеген аялдар кабылган (70%).

Мында, изилдөөнүн авторлору белгилегендей, азыраак бийлик ыйгарым укуктары бар аялдар сексуалдык асылууга көбүрөөк кабылган. Сексуалдык асылуу орто жана жогорку звенодогу эркек жетекчилер тарабынан болот (44%).

Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен бул көйгөйлөрдөн арылуу сунуштарды иштеп чыккан — күнөөлүүнү жоопко тартуу үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү, ошондой эле жумушчу орунда көрүлө турган ар түрдүү превентивдүү чаралар.

Мыйзам долбоору төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

  • эмгек укуктук мамилелер чөйрөсүндө кысымга жана асылууга тыюу салуу;
  • кызматкерге асылууда келтирилген материалдык жана моралдык ордун толтурууга укукту камсыз кылуу;
  • иш берүүчүнүн милдеттерине этикалык эрежелерди жана уюштуруу маданиятынын ченемдерин бекемдөөгө багытталаган актыларды кабыл алуу боюнча милдеттерди киргизүү;
  • иш берүүчүнүн милдеттерине кызматкерлерге асылууну жокко чыгаруучу шарттарды түзүү боюнча милдеттерди киргизүү;
  • кызматкердин жеке кол тийбестик укугун коргоо жана асылуудан коргоо чөйрөсүндө эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптарын иштеп чыгуу;
  • кызмааткерге асылуу учурларын териштирүү жана эсепке алуу;
  • асылуудан улам кызматкерге келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликти иш берүүчүгө жүктөө;
  • мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар жана сот тарабынан кызматкерди асылуудан укуктарын коргоо боюнча кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо ыкмаларын киргизүү.

«Эмгек мамилелери чөйрөсүндө укук колдонуу практикасы эмгек мамилелеринде жеке тийбестик укугуна асылуу формасында кол салуу адамдын кадыр-баркын кемсинтээрин, эмгек мамилелеринде өз ара сый-урматты жана кесиптик мамилеге негизделген эмгек маданиятын бузарын ачык көрсөтөт», — деп маалымкат-негиздемеде белгиленген.

Демилгечилер, кызматкерге карата асылуу коопсуздукка жана эмгекти коргоого таасирин тийгизет, бул эмгекти уюштурууга, жумушчу орунда эмгек мамилелерине, кызматкерлердин кызыкчылыктарына, ишкананын жана өндүрүштүн беделине терс таасирин тийгизерин баса белгилешет.

Маалымкат-негиздемеде сексуалдык асылууга аялдар көбүрөөк кабылганы белгиленген. Асылууга туш болгондордун көпчүлүгү кызмат абалы боюнча иш берүүчүгө же кесиптешине көз каранды аялдар болгондуктан, бул аял кызматкерге карата асылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Азыркы убакта өлкөнүн эмгек мыйзамдарында асылуу болгон учурда кызматкердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого мүмкүндүк берүүчү ченемдер жок. Демилгечилердин пикиринде, бул эмгек укук мамилелеринде жеке кол тийбестикке жана кызматкердин коопсуздугуна коркунуч келтирет.

«Практика көрсөткөндөй, кызматкер асылуунун курмандыгы катары көпчүлүк учурда бузуучу катары иш берүүчүдөн же болбосо кесиптешинен кызматтык көз каранды болот, бул жогорку коомдук коркунучка алып келет, анткени асылуунун курмандыгы болгон кызматкерлер дайыма жумуш орундарында болот жана иш берүүчү жана кесиптештеринин асылууларынын булактары менен өз ара аракеттенбей коё албайт», — деп жазылган документте.

Кыргызстан адам укуктары чөйрөсүндө негизги эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын катышуучусу экени баса белгиленген. Кыргызстан Пекин иш-аракеттер платформасына кошулган, Аялдарга карата кысымдын бардын формаларын жоюу жөнүндө Конвенцияны (CEDAW) кошкондо бир катар эл аралык конвенцияларды ратификациялаган жана миӊ жылдык декларацияга кол койгон.

Мунун натыйжасында, мамлекетте эл аралык саясий жана юридикалык милдеттер пайда болгон, анын ичинде БУУнун келишимдик органдарынын алдындагы мезгилдик отчёттуулугу да бар.

«Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүүгө алып келбейт», — деп жыйынтыкташты мыйзам долбоорунун авторлору.

Статистикага ылайык Кыргызстандагы аялдардын 83%ы өмүрүндө жок дегенде бир жолу психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Алардын көпчүлүгү эч убакта укук коргоо органдарына кайрылышкан эмес.

2019-жылдын февралында социалдык тармактарга Кыргыз-Орус Славян университетинин (КОСУ) студент кыздары менен алардын окутуучусу Денис Брусиловскийдин кат жазышуулары делген бир нече скриншот жайылып кеткен. Мугалимдин каттарында зачётту «үч адам катышкан секс» же жылаңач сүрөттөр менен жабуу сунушталган. Брусиловскийдин сексуалдык ыдык көрсөткөнүн 9 студент кыз айтып чыккан, бирөөсү — милицияга кайрылган. Бирок кийин июль айынын аягында укук коргоо органдары окутуучуга карата ишти «кылмыштын белгилери жок» деген жүйөө менен кыскарткан.

Асылуу тууралуу ишти милиция сотко чейин жеткизеээине ишениш кыйын. Биринчиден, юрист Эдил Эралиевдин айтымында сотко чейинки териштирүү 2019-жылы киргизилген жаңы жазык-процесстик кодексинин негизинде укук коргоо органдарына мыйзам чегинде сотко чейинки текшерүүнү создуктурууга мүмкүнчүлүк берет.

Экинчиден, статистика боюнча 2018-жылы милицияга асылуу болгондугу тууралуу арыз менен 34 гана адам кайрылган — алардын 25ине кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.

Асылуулар керек болсо мамлекеттин башкы мыйзам чыгаруучу органы болгон Жогорку Кеңеште дагы болот. Бул тууралуу 2018-жылы ноябрда экс-депутат Элвира Сурабалдиева билдирген. Анын айтымында Жогорку Кеңештин лифтинен бейтааныш эркек киши аны «катардагы кызматкер» катары кабыл алып, «кучактаганга аракет кылган»

«Мен бул окуядан ушунчалык чочудум, ал эми өзүмө келген учурда ал адам жанымда жок болуп чыкты. Мен анын артынан издеп «Ак үйдү» кыдырууга ниетим жок. Бирок бул окуядан кийин мындай учурлар баардык жерде болот экен деп чечим чыгардым», — деген ал Kaktus басылмасына берген интервьюсунда.