Милиция сексуалдык ыдыкка айыпталган мугалимдин ишин токтотту

Денис Брусиловский

Бишкек шаардык ИИББи «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренеси боюнча Кыргыз-орус славян университетинин (КОСУ) мугалими Денис Брусиловский фигурант болгон ишти токтотту.

«Иш июлдун аягында кылмыш курамы жоктугунан улам токтотулду», — деп билдиришти Бишкек шаардык ИИББнен.

Милиция Брусиловскийдин аракеттерин 2019-жылы февралда текшере баштаган. Ал учурда студент кыздардын бири мугалимдин үстүнөн милицияга арыз жазган. Студент кыз мугалимди сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптаган.

Ошондой эле коомдук тармактарда Брусиловскийдин студент кыздар менен жазышкан делген каттардын скриншоттору тарап кеткен.

Катта Брусиловскийдин атынан жазган адам студент кыздарга «орой секске» жана «денени өпкүлөөгө» кандай карайсыңар деген өңүттө суроо салып, алардан «эриндин жана клитордун» сүрөттөрүн жөнөтүүнү суранган.

Кийинчерээк мугалимдин сексуалдык ыдыгына кабылып жабыркадык деген төрт кыз «Клоопко» өз окуяларын айтып беришкен.

КОСУнун администрациясы Брусиловскийди «моралдык-этикалык нормаларды бузгандыгы үчүн» гуманитардык факультетте сабак берүүдөн четтетип, сөгүш жырыялган. Бирок ал башка факультеттерде дагы деле сабак өтө алат.

Брусиловский өзү студент кыздарга ыдык кылган делген кат жазышуулардын скриншотторун «фейк» деп атаган. Ал өмүрүндө эч качан студент кыздарга ыдык көрсөтпөгөнүн жана алар менен сексуалдык байланышы болбогонун кошумчалаган.