Юстиция министрлиги утулду. Жогорку сот «Клоопко» маалымат алуу укугун кайтарып берди

«Клооп» юстиция министрлигине каршы сотто жеңди. Жогорку сот 24-майда юстиция министрлигинин даттануусун карады — министрлик журналисттердин маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектеген буйругун күчүндө калтырууну суранган болчу.

Айбек Давлетов, Шералы Камчыбеков жана Бактыгүл Аманалиевадан турган соттук коллегия «Клооптун» минюстка каршы процессинде кабыл алынган соттук актыларды күчүндө калтырды.

Отурумда эмне болду?

Соттук отурум юстиция министрлигинин Жогорку сотко кайрылган даттануусун кароодон башталды. Министрликтин өкүлү Назгүл Ташманбетова биринчи инстанциядагы сот кызыкчылыгын көрсөтүп, доогерге колдоо көрсөттү деп билдирген.

Анын айтымында, «Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, жеке маалыматтар журналисттик максатта колдонулса, маалыматтын ээси менен макулдашылып, жеке жашоонун кол тийбестиги жана сөз эркиндигинин ченемдери сакталууга тийиш.

«Бирок, соттук коллегия өзүнүн кызыкдар экенин көрсөтүү менен, “Клооп Медианын” максаты жеке маалыматтарды алуу эмес, Кыргызстандагы саясий жана экономикалык маселелерди чагылдыруу жана талкуулоодо коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн маалымат чогултуп жатканына басым кылууда», — деп билдирди Юстиция министрлигинин юристи.

Мекеме Административдик соттун чечимин жокко чыгарып, юстиция министрлигинин журналисттердин маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектеген буйругун күчүндө калтырууну суранды.

Бирок өз кезегинде «Клооптун» жактоочусу Фатима Якупбаева Конституцияга ылайык ар бир адамдын маалыматты эркин алууга укугу бар экенин белгиледи.

«“Клооп” сураган маалымат коммерциялык сыр болуп эсептелбейт. Биз юридикалык жактар тууралуу маалымат алууга болбойт деген жооп алдык. Юридикалык тараптын жеке маалыматтары болбойт. Юридикалык жактын өздүк жеке маалыматтары бар деген өзүнчө эле нонсенс. Компания ээлери тууралуу документте поспортунун номери дагы, жашаган жери дагы жазылбайт», — деп тактады юрист.

Мындан тышкары Якупбаева ведомстволук түзүмдөргө маалыматтарды берүүгө тыюу салуу менен Юстиция министрлиги ыйгарым укуктарынан аша чапты деп билдирди.«Юстиция министрлигинин ведомствонун алдындагы түзүмдөргө буйрук берүүгө акысы жок. Мындай ченем мыйзамда жок», — деп белгиледи ал.

Адвокат Юстиция министрлигинин кассациялык даттануусун канааттандырбоону жана мурда кабыл алынган чечимди күчүндө калтырууну суранган.

Натыйжада соттук коллегия Юстиция министрлигинин журналисттердин маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн чектеген буйругун жараксыз деп таап, буга чейин Бишкектин Административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Ошол эле учурда, Жогорку сот Административдик соттун чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, Юстиция министрлигине ведомствого караштуу түзүмдөргө буйрук берүү укугун бекитип берди.

Эмне болгон доо арыз?

«Клооп» Юстиция министрлигин маалымат алууну чектеген буйрук чыгарганы үчүн 2020-жылдын сентябрынын аягында сотко берген. Мекеме чыгарган буйругуна таянып, журналисттерге копманиялар тууралуу документтердин көчүрмөлөрүн берүүдөн баш тартып жаткан болчу.

Бишкектин административдик соту 29-октябрда «Клооптун» тарабына өтүп, буйрукту жокко чыгарыш керек деген чечим чыгарган. 2020-жылдын декабрында Юстиция министрлиги Бишкек шаардык сотунда Административдик соттун чечимине каршы даттанган. Бирок мекеме соттук талашта кайрадан «Клоопко» утулуп калган.

Бишкек шаардык соту ведомствонун маалымат алууну чектеген буйругун жараксыз деп тапкан мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Ал эми Юстигия министрлиги болсо Жогорку сотко аппеляциялык арыз берген.