«Клооп» шаардык сотто Юстиция министрлигин утту. Ведомство документ берүүдөн баш тартып жаткан болчу

Юстиция министрлиги бул ирет дагы сот териштирүүлөрүндө «Клооптон» утулду. Бишкек шаардык соту ведомствонун маалымат алууну чектеген буйругун жараксыз деп тапкан мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Контекст: «Клооп» Юстиция министрлигин маалымат алууну чектеген буйрук чыгарганы үчүн 2020-жылдын сентябрынын аягында сотко берген. Мекеме чыгарган буйругуна таянып, журналисттерге копманиялар тууралуу документтердин көчүрмөлөрүн берүүдөн баш тартып жаткан болчу. Бишкектин административдик соту 29-октябрда «Клооптун» тарабына өтүп, буйрукту жокко чыгарыш керек деген чечим чыгарган.

Сот отурумунда эмнелер болду?

Сот отуруму эмне үчүн «Клооп» компаниялар тууралуу маалыматтарды (кайра каттоонун хронологиясы, юридикалык жакты түзүү жөнүндө жана негиздөөчүлөр тууралуу маалымат) сурап жатканы жана бул маалымат жеке мүнөздө болушу же болбошу керектиги тууралуу маселени талкуулоодон башталды. Юстиция министрлиги компаниялар тууралуу документтерди бербеш үчүн дал ошол жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө аргументти келтирүүдө.

Буга «Клооптун» адвокаты Фатима Якупбаева суралып жаткан маалыматтар юридикалык жактын түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө толук сереп берүүнү мүмкүн кылат деп жооп берди. Бул журналисттер иликтөө жүргүзүп жатканда абдан маанилүү.

Юстиция министрлигинин өкүлү Жанара Замирбек кызы маалыматтар топтомунун кармоочусу ким экенин аныкташ үчүн кайрадан МТжБМКны сотко тартууну суранды. Мыйзам боюнча, маалыматтар массивинин кармоочусу гана маалымат берүүдөн баш тарта алат, себеп дегенде алар жеке мүнөзгө ээ. Сот министрликтин өкүлүнүн суранычын четке какты.Жыйынтыгында сот тараптартын пикирлерин угууга өттү. Жанара Замирбек кызынын айтымында, компаниялардын катталгандыгы тууралуу документтерде ведомство жеке адамдарга бере албай турган маалыматтар камтылган.

«Анда бул адатка айланып, адамдар Юстиция министрлигинен жеке маалыматтар камтылган документтердин көчүрмөлөрүн талап кыла башташат», — деди ал.

Юстициянын Чүй-Бишкек башкармалыгынын өкүлү Орозбек Сыдыков райондук соттун чечими «мыйзамсыз кабыл алынганын» билдирди.

«Эгер мурдагы соттун чечими күчүндө калтырылса, анда 200 миңден ашуун юридикалык жактын укугу бузулат. Эгер ушундай прецедент түзүлсө, анда муну УКТ, камактагы адамдар пайдаланып, коркутуп-үркүтүүдө жеке маалыматтарды колдонушу мүмкүн. Коммерциялык сектор дагы аярлуу болуп калат», — деп эсептейт ал.

Анын айтымында, Юстиция министрлигинин ачык маалымат базасында бардык актуалдуу жана керектүү маалыматтар илинген.«Бишкектин Административдик сотунун чечимин жокко чыгарууну суранам, себеп дегенде жеке персоналдык маалыматтар суралып жатат», — деди ал.

«Клооптун» адвокаты Фатима Якупбаева мекеменин өкүлдөрүндө админсоттун чечимин жокко чыгартуу үчүн жетиштүү аргументтери жок деп билдирди.

«Мурда министрлик маалымат берип келген, ал эми 2020-жылы бербей калган. Анда бир нече жыл мурда ушундай эле маалыматтарды берип келген кызматкерлерге укуктук баа бериш керек. Алар өздөрү өзү үчүн жазып алган каттын негизинде баш тартып жатышат. Бардык мыйзам бизге мындай маалымат алууну жана талап кылууга жол берет. Биз буга чейин дагы министрлик паспорттук маалыматтар жашырылган маалыматтарды бере алат деп айтканбыз. Биз тынчтык жолу менен эле чечишип алууну сунуштаган элек, бирок жоопкер баш тартып койгон», — деди ал.

Натыйжада сот Бишкектин Административдик сотунун чечимин күчүндө калтырыш керек деп чечти. Буга чейин Административдик сот дагы ведомстовнун маалымат алууну чектеген буйругун жараксыз деп тааныган.

Редакциянын позициясы

Биз өлкөдө мыйзам аткарылышы үчүн бардык административдик процедураларды өтүүнү чечтик. Биз кандай гана болбосун сот адилеттүүлүгүнө ишенебиз жана сот айрым адамдардын кызыкчылыгын эмес, мыйзамдын аткарылышын эске алат деп үмүттөнөбүз.

Аткаминерлер бизнеске ээлик кылаарын тастыктаган ишенимдүү маалымат алуу Кыргызстанда укуктун үстөмдүгү үчүн чоң мааниге ээ. Мындай маалыматтарды эл арасында ачык айтып, чиновниктер менен саясатчылардын мыйзам бузууларын чектесек болот деген пикирдебиз.

Биз окурмандарыбызга кызыктуу, өлкөдөгү саясий жана укуктук өзгөрүүлөргө багытталган журналисттик иликтөөлөрүбүз үчүн документтерди ачык булактан алып, анализдегибиз келет.

Эгерде бизге документтерди беришпесе, анда коомчулук чиновниктер менен саясатчылардын мыйзам бузуулары тууралуу билбей калат. Демек, «Клооп» төмөнкүдөй иликтөөлөрдү жүргүзө албай калат: