Парламентте чек арадагы ыйгарым укуктуу жарандарга курал берүү сунушталды

Парламентте 19-майда «Чек ара ыйгарым мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» 2015-жылы кабыл алынган мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.

Бир катар депутат мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады, ага ылайык, мамлекеттик чек араны кайтарган орган жарандарга ок атма-жоокердик курал бере алат. Учурда мамлекеттик чек араны УКМК кайтарат.

Ошол эле маалда куралды чек арадагы ыйгарым укуктуу макамына ээ жарандар гана ала алат деп айтылат. Учурдагы мыйзамга ылайык, жарандарга аталган макам мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча органдын чечими менен берилет.

Ошондой эле, мыйзамга ылайык, чек ара аймактарында туруктуу жашаган, эмгек келишиминин негизинде иштеп жүргөн жарандарга ушундай макам берилет. Курал берүү тууралуу өзгөртүү менен катар, мыйзам долбоорунда чек арадагы ыйгарым укуктуу жарандарды чогултуу, куралды алып жүрүү жана колдонуу боюнча сабактар каралган.

Аткаруудагы мыйзамда чек ара ыйгарым укуктууларына согуш куралын берүү каралган эмес. Мыйзам боюнча, жарандар чек арачыларга мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн жардамдашууга чакырылат.

Кыргызстанда чек ара маселеси узак жылдардан бери актуалдуу болуп келет. Чек ара аймактарындагы райондордо такталбаган жерлердин айынан Кыргызстандын тургундары менен коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын ортосунда кагылыштар болуп турат.

Ушул сыяктуу чыр акыркы жолу 2021-жылдын апрелинде кыргыз-тажик чек арасында чыккан. 28-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары бири-бирине таш ыргытышкан. Ал эми 29-апрелде эки өлкөнүн аскерлери курал колдонууга өтүшкөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, чек ара чыры тажик тарап «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналында видео камера орноткондуктан улам чыккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, чек арадагы жаңжалда 36 кыргызстандык каза таап, 154ү жарадар болгон. Мындан тышкары, чек арага жакын айылдардын 40 миңден ашуун тургуну эвакуацияланган.

Тажикстан тараптан каза тапкан жана жарадар болгондор тууралуу маалымат 6-майда белгилүү болгон. Коңшу өлкөнүн маалыматы боюнча, куралдуу жаңжал учурунда жалпы-жонунан 19 адам каза таап, 87 тажикстандык жарадар болгон.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.