Эки тараптын аскерлери чек ара сызыгынан өз аймактарына киришти — УКМК

УКМКнын чек ара кызматынын 3-майдын саат 9:30га карата берген маалыматына ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасындагы абал туруктуу.

«Өткөн түнү чыр-чатактар жана ок атуулар катталган жок. Чек ара кезметтери бардык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө», — деп билдирет мекеме.

Чек ара кызматы тараптар кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүү иши да аяктаганын кошумчалады. Кыргызстан менен Тажикстандын корго ведомстволорунун офицерлеринен турган комиссия аскер күчтөрү жайгашкан жерлерди текшерүү боюнча иштерди улантышууда.

ИИМ милициянын кызматкерлери жана УКМКнын чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышканын дагы кошумчалады.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы 

 Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

29-апрелде Көк-Таш айылынын тургундары таңы саат 04:30 чамасында таш ыргытуулардан жана ок атуулардан улам чочуп ойгонушкан. Ошол эле замат эркектер аялдар менен жаш балдарды жана жашы улууларды коопсуз жайга эвакуацияланган. Ал эми өздөрү кайра Көк-Ташка кайтып келип, чек араны жана үйлөрүн кайтарууга алышкан.

14:00 чамасында Ак-Сай айыл аймагындагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайына ок атылган. Баткен ОИИБи Тажикстандын аскерлери автомат, пулемёт, миномёт сыяктуу өтө чоң зыян келтирген ок атуучу куралдарды колдонуп, жай тургундардын турак-жайларын аткылаганын билдирген.

28-апрелден 1-майга чейин кагылышуулардын кесепетинен 184 киши жарадар болуп, анын ичинде 12 жаштан 60 жашка чейинки 35 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Чек ара жаңжалында Баткен жана Лейлек райондорунда 104 үй, эки мектеп, бир ФАП, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ИИМдин бир имараты жана сегиз дүкөн өрттөлдү.

Ал эми «Азаттык» радиосунун тажик кызматы чек ара чырында 15 тажикстандык каза болгонун жана 90 адам жабыркаганын билдирген. Алардын арасында аскер кызматкерлери жана жай тургундар бар.

29-апрель күнү эки тараптын Тышкы иштер министрликтери ок атышууларды токтотуу боюнча макулдашканы менен кагылышуулар уланып турган. Кыргыз-тажик премьерлери, атайын кызматтар жана президенттер чек арадагы акыбал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Казакстан, Өзбекстан, ЖККУ жана БУУ Кыргызстан менен Тажикстанды кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырган. 1-май күнү эки тарап ок атууну токтотуу жана аскерлерди алып чыгып кетүү тууралуу протокол кабыл алган. 3-майда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланууда.