Суракматовго байланышы бар делген компаниялардын башында кимдер турат?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 26-майда Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовду «коррупция» жана «мыйзамсыз баюуга» шектеп кармады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Суракматов мэр болуп турганда ири курулуш компанияларга муниципалдык жерлерди берүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөн.

УКМК Суракматов жана анын жакындарынын активдери «негиздүү кирешелерсиз» ыкчам өскөнүн белгилеп, экс-мэрге байланыштуу активдердин баасын 50 млн долларга баалады.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Суракматовдун жакындарына Бишкек шаарында 15 компания, Ысык-Көл облусунда эки коттедж жана бир эс алуучу жай катталган.

УКМК Суракматовго байланышы бар делген компаниялардын тизмесин да жарыялаган. Юстиция министрлигинин базасына ылайык, аталган компаниялардын дээрлик бардыгында экс-мэрдин карындашы Гүлбара Суракматова негиздөөчүлөрдүн бири катары көрсөтүлгөн.

«Елизавета»

Сүрөт: «Елизавета» курулуш компаниясы

Суракматовдордун үй-бүлөсү ээлик кылган «Елизавета» курулуш компаниясы көп кабаттуу турак жайларды жана коммерциялык имараттарды курат. Алардын сайтында компания Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 14 объектини куруп бүтүрүп, бирөө салынып жатканы кабарланган.

Курулуш компанияга Гүлбара Суракматова жана Суракматовдун уулу Айдар Суракматов ээлик кылат. Ал эми «Елизаветаны» Нуржан Тынымсеитова жетектейт — ал Бишкек шаардык кеңешинде депутаты.

«Елизавета» Суракматовдорго таандык делген бир нече компаниялардын имараттарын салган. Алар:

«Сфера Кей-Джи» — бул компания «адистештирилген эмес дүң соода» менен алектенгени көрсөтүлгөн. Анын ээлери — Гүлбара Суракматова жана Нурсауле Арапбаева, ал эми директору Нуржан Тынымсеитова деп көрсөтүлгөн. Арапбаева Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин жубайы. Ал мындан сырткары «Араван цемент заводуна» да ээлик кылат.

«Столица Строй» — курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрү Айдар Суракматов, Гүлбара Суракматова жана Жайлообек Жумалиев. Компаниянын директору Жумалиев.

«Ливерпуль» — аталган компания соода менен алектенет. Анын ээлери Нурсауле Арапбаева, Аида Жумалиева жана Айдар Суракматов. «Ливерпуль» ЖЧКсынын директору Айзада Кубанычбек кызы.

«Ак-Нан» — негиздөөчүлөрү Гүлбара Суракматова, Аймэн Бакаев жана Анаркүл Мамбеталиева. Компанияны Бакаев жетектейт.

«Поларис Групп» — бул компания Суракматовдордун үй-бүлө мүчөлөрүнө катталган эмес, бирок аны экс-мэрдин бир нече компаниясын жетектеген Нуржан Тынымсеитова бар. Ошондой эле негиздөөчүлөрдүн арасында Александр Ким да бар. «Поларис Групп» финансылык ортомчулук менен алектенери көрсөтүлгөн.

«Юрист Риэлт Строй» — курулуш компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарында Гүлбара Суракматова, Анаркүл Мамбеталиева жана Гулипа Арыкова бар. Арыкова буга чейин Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. Компанияны Нуржан Тынымсеитова жетектейт.

«Самолет» — бул курулуш компанияга Гүлбара Суракматова, Азаматбек Мураталиев жана Назира Жумалиева негиздөөчү болуп көрсөтүлгөн. Аны Надира Эркинбек кызы башкарат.

«Центр Офис»

«Центр Офис» ЖЧКсы «өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү ижарага берүү» менен алектенет. Компаниянын негиздөөчүлөрү катары Гүлбара Суракматова, Айдар Суракматов жана Нурзат Осмонова көрсөтүлгөн.

Осмонова Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты. Анын атасы, Курманбек Осмонов экс-депутат жана Жогорку соттун мурдагы төрагасы. Осмонованын кайын атасы Мамытбай Салымбеков, ал «Дордой» ассоциациясынын директорлор кеңешинин мүчөсү — ал «Эмгек» партиясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун бир тууган агасы.

Осмонова 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынын тизмесинде 16-орунда турган.

Fort бизнес борбору

«Центр Офис» компаниясын Элмира Сапарбаева жетектейт. Ал эми компания Fort бизнес борборунда жайгашкан — ал жерде «Елизаветанын» кеңсеси да орун алган.

«Слон» аталышындагы бир нече компаниялар

Суракматовдордун үй-бүлөсү «Слон» аталышындагы үч компанияга ээлик кылат. Алар:

  • «Слон» күзөт-детективдик агеттиги — негиздөөчүлөрү Гүлбара Суракматова жана Назира Жумалиева. Директору Аймир Султангазы уулу;
  • «Слон» юридикалык агенттиги — негиздөөчүлөрү Гүлбара Суракматова жана Жайлообек Жумалиев. Директору Нуржан Тынымсеитова;
  • «Слон» кыймылсыз мүлк агенттиги — негиздөөчүлөрү Гүлбара Суракматова жана Айдар Суракматов. Директору Анвар Өмүрзаков.

«Финанс Кредит Строй»

Аталган микрокредиттик компания Гүлбара Суракматовага таандык. Ал эми аны Гүлмира Максутова жетектейт. 2018-жылдын август айында Улуттук банк «Финанс Кредит Стройдун» лицензиясын чакыртып алган.

«Новый город»

«Новый город» ЖЧКсынын жетекчиси Аймэн Бакаев мурда Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын жетектеген.

2010-жылы Бишкектеги «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) өкүлдөрү мэрия аларга таандык жер тилкени Аймэн Бакаевге мыйзамсыз өткөрүп салганына даттанышкан. Кийинчерээк алар сотко кайрылып, жерди кайтарып алышкан.

Бул чырдан бир ай өтпөй Бакаев «жумушундагы көптөгөн бузуулар» үчүн кызматынан четтетилген.

Компания эмне менен алектенгени так жазылган эмес, бирок УКМК тараткан маалыматта «Новый город» ар кандай эмеректерди жасай турганы көрсөтүлгөн. «Новый городго» Бакаевден сырткары Гүлбара Суракматова жана Рафкат Тулендыбаев ээлик кылат.

«Папа Карло»

Суракматовго байланыштуу делген дагы бир эмерек жасоочу «Папа Карло» компаниясынын негиздөөчүлөрү Гүлбара Суракматова жана Анвар Өмүрзаков. Ишкананы Нуржан Тынымсеитова башкарат.

«Улитка»

Ысык-Көл облусундагы Бостери айылындагы «Улитка» эс алуу жайы «Елизавета» курулуш компаниясы курган. Бирок анын ээлери ким экени так белгисиз.

Ошондой эле, Бостери айылындагы «Кыргыз деңиздин жээги» санаторийдин аймагында экс-мэрдин бир туугандары Азат Суракматов жана Гүлбара Суракматовага катталган коттедждер бар.

Мындан сырткары Ысык-Көлдөгү Сары-Ой айылындагы «Ак-Марал» эс алуучу жайында Аида Жумалиевага катталган коттедж бар.