«50 млн доллар». Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамcыз баюуга шектелип кармалды

Азиз Суракматов

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовду коррупция жана мыйзамсыз баюуга шектеп кармады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы 27-майда билдирди.

Маалыматка ылайык, Суракматов мэриянын айрым кызматкерлери жана ири курулуш компаниянын өкүлдөрү менен бирге коррупциялык схеманы түзүп, муниципалдык жерлерди коммерциялык мекемелер жана көп кабаттуу үйлөрдү курууга берүүгө шектелип жатат.

«Ошондой эле Азиз Суракматов кызматтык абалынан пайдаланып, өзүнө байланыштуу адамдарга таандык курулуш компанияларга тиешелүү документтерди бердирүү үчүн мэриянын кээ бир кызматкерлерине жана курулуш иштерин көзөмөлдөгөн органдарга басым көрсөтүп келген [...] Суракматов жана анын жакындарынын активдери негиздүү кирешелерсиз ыкчам өсүп, анын суммасы 50 млн долларга бааланат», — деп берилет УКМКнын маалыматында.

Шектүү 26-майда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азиз Суракматов 2018-жылдын август айында Бишкектин мэриясынын жетектеп баштаган. Ал эми 2020-жылдын октябрдагы төңкөрүштөн кийин ал өз калоосу менен бул кызматтан кеткен.

Суракматов жетектеген Элдик-Демократиялык партиясы (КЭДП) 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке катышып, алдын ала эсептөөлөр боюнча 10 пайыз добуштарга ээ болгон. Партия шаардык кеңештеги 8 мандатка ээ болушу керек болчу.

Анткен менен Борбордук шайлоо комиссиясы 19-апрелде КЭДПны шайлоодон четтетип салган. Буга партиянын өкүлдөрү шайлоо күнү добуштарды сатып алууга шектелип жатканы себеп болду.

Кийинчерээк Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Эмгек» жана «Ак-Бата» партияларын да четтетип, шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныган. Боршайком бул чечимди колдоду.