«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр жана өкмөт тарабынан сырттан башкаруу үчүн өкүл дайындалгандан кийин бийлик ишкана өз калыбында иштеп жатканын көрсөтүүнү чечти.

28-майда Экология боюнча мамкомитеттин башчысы Динара Кутманова «Кумтөргө» журналисттер менен биргеликте барып, Centerra Gold тарабынан кен иштетүү учурунда жол берилген бузуулар тууралуу эскерди.

*Ошол эле убакта «Кумтөр Голд Компаниге» каршы доо арыз жазгандардын бири Динара Кутманованын уулу — Кемелбек Кутманов экени белгилүү. Ал Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев жана Аблас Жээнбеков менен биргеликте ишканадан мамлекеттин пайдасына 261.7 млрд. сом төлөп берүүсүн талап кылган. 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту алардын доосун канааттандырган.

«Кумтөр» кенинде алтын казылган карьер / Сүрөт: Клооп

Кутманова Centerraнын туундуу ишканаларынын бири «Кумтор Голд Компани» ишканасынын көзгө урунган эң башкы мыйзам бузуусу бул — Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө жердин үстүңкү катмарын төгүшү экенин айтты. Кутманованын берген маалыматына ылайык, мөңгүлөрдүн жанында 1 млрд. тоннага жакын калдык төгүлгөн.

«Суу боюнча мыйзамга жана суу кодексине ылайык, мөңгүлөрдө калдыктардын бардык түрүн чогултууга тыюу салынган. Ишкана транспорттук каражатын үнөмдөө максатында бул жолго барган. Калдыктардын чогултулушу боюнча маалымат алгач 2012-жылы белгилүү болгон. Бул ишти токтотуу боюнча атайын буйрук чыгып, санкция төлөө боюнча талап коюлган», — деди Кутманова.

«Кумтөр» ишканасына болгон экскурсия учурунда Centerraнын кызматкерлери болгон эмес, алар алтын кендин айланасындагы чыр башталганда Кыргызстандан чыгып кеткен.

Кутманова аныкталган бузуулар боюнча санкциялардын жалпы суммасы 5 млрд долларга жеткенин кошумчалады. Ал эми өкмөттүн жазуу түрүндө берилген эскертүүсүн, компания 2014-жылдан тартып АМЕС эл аралык ишканасынын аудитинен кийин аткарып баштаганын белгиледи.

Тоо кен өндүрүшүнөн чыккан калдыктар чогултулган жер. Мөңгүлөрдөн алыс эмес аймак. / Сүрөт: Клооп

Экологияга келтирилген зыяндан тышкары Кутманованын айтымында, “Кумтөргө” карата коюлган талаптар 2013-2014-жылы АМЕС тарабынан берилген боюнча калган.

Бул талаптардын ичинде төмөнкүлөр бар:

  • тазалоочу курулуштарды куруу;
  • калдык сактоочу жайдагы тазалоочу курулмалардын ишин жакшыртуу;
  • мурда туура эмес сакталган бош тектер боюнча чара көрүү;
  • техникалык муктаждыктарга Петров көлүнүн суусун колдонбоо.

Акыркы талап боюнча Кутманова төмөндөгүлөрдү белгиледи: техникалык муктаждыктарга сууну карьерден же уулуу калдыктарды сактоочу жайдан колдонуу, бирок толук тазалоодон кийин гана.

«Эгер Петров көлүн суу бузуп кетсе, дамба калдык сактоочу жайды жууп кетет, андан барып Кумтөр — Нарын дайраларына кошулат. Ошондуктан, биринчи кезекте, цианид болбошу үчүн тазалоочу курулуштардын ишин жакшыртуу керек», — деди ал.

Петров көлү / Сүрөт: Клооп

Экология боюнча комитеттин башчысынын айтымында, өкмөт «эгер муктаждык болсо» бир нече жыл мурунку аудитке гана таянбастан, кайрадан аудит өткөрө алат. Ошондой эле, анын айтымында өкмөттө Centerra компаниясын арбитраждык сотто жеңүүгө далилдер жетиштүү.

17-майда «Кумтөрдү» иштетип келген Centerra Gold Inc., ишканасы Кыргызстанды арбитраждык сотко бергени белгилүү болгон. Ишкананын билдирүүсүндө бийликтин иш-аракети тараптар тарабынан бекитилген келишимдерди бузуп жаткангы айтылган. Алар өз укуктарын коргой тургандарын айтышкан. Анткен менен Centerra Gold «конструктивдик диалогго» даяр экенин билдирген.

Ишкана Кыргызстандын бийлиги тарабынан жүргүзүлө турган башкарууну токтотууну көздөп жатат жана жакында эле коюлган айып пулдарды жана салыктык доолорду жокко чыгарууну көздөөдө. Centerra бул иш-аракеттер инвестициялык макулдашууларды бузуп жатат деп эсептейт.

АМЕС өзүнүн отчётторунда кен чыгаруучу жай эл аралык практиканын негизинде иштеп жатат деп жазганын «Кумтөрдүн» кызматкерлеринин бири анонимдүү түрдө билдирди.

АМЕС 2013, 2014 жана 2017-жылдары келген. 2017-жылы «Кумтөр» боюнча макулдашуулардын негизги бөлүмүнө ишкана 20 пункттан турган сунуш киргизген. Кен чыгаруучу жай аларды 2019-жылы толук түрдө аткарган.

Өндүрүш боюнча директордун милдетин убактылуу аткаруучу Нурдин Үсөнов

Кутмановадан сырткары журналисттердин суроолоруна өндүруш боюнча директордун милдетин убактылуу аткаруучу Нурдин Усенов да жооп берген.

Нурдин Усенов журналисттерге Тенгиз Бөлтүрүктүн сырттан башкаруусуна карабастан, «Кумтөр» учурда кадимки режимде иштеп жаткандыгын кабарлады.

*Тенгиз Бөлтүрүктү парламент 18-майда сырттан башкарууну киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алгандан кийин бекитишкен. Бул мыйзам долбооруна Садыр Жапаров 14-майда кол койгон.

Centerra кыргыз бийлигинин аракетине жооп кылып «Кумтөр кенин жакында эле кыргыз өкмөтү басып алгандыгына байланыштуу» Бөлтүрүктү сотко берген. Centerra Бөлтүрүк компаниянын башкаруучу директорлорунун мүчөлүгүнөн кеткенге чейин Кыргызстандын өкмөтү менен кенди басып алуу үчүн алдын ала сүйлөшүү жүргүзгөн болушу ыктымалдыгын билдирди.

«Бүгүнкү күндө бардык бөлүмдөр толук штаттык режимде иштеп жатышат. Иштин көлөмү азайган жок, бизде ар жылдын планы бар, ошого карап иш алып баруудабыз. Бардык кызматкерлер өз маяналарын алышты», — деди Үсөнов.

Анткен менен «Кумтөр Голд Компанинин» профсоюзу маяналардын кечигип жатканын маалымдаган. Мындан улам кээ бир кызматкерлер иш таштоо боюнча маселе көтөрүшкөн.

Анда профсоюз кызматкерлердин маянасынын кечигип жаткандыгынын себебин «Эллипс» системасынын иштебей калышы менен түшүндүргөн. Бул система кызматкерлердин иш убактысын автоматтык түрдө каттап, маяналарды ошого жараша эсептейт.