«Кумтөр» мамлекетке 262 млд сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди

Сүрөт: «Кумтөр Голд Компани»

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд Компани» алтын өндүрүүчү ишканасы мамлекеттин пайдасына 261,7 млд сом төлөп бериши керек деген чечим чыгарды.

Буга чейин жарандык активисттер Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутманов аталган ишкананын үстүнөн сотко арыз жазышкан. Анда алар Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоо мыйзамсыз экендигин белгилеп, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.

«Доогерлердин арызы канааттандырылып, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөнсүн жана 1 миллиард 300 миллион сом пошлина алынсын», — деп жазылат соттун чечиминде.

Чечимди канадалык компания Бишкек шаардык сотуна 30 күн ичинде даттана алат.

Соттун мындай чечими чыккандан кийин «Центерра Голд» компаниясынын акциялары 30%га түшүп кетти. Кыргызстан аталган компаниянын 26%дан ашуун акциясына ээлик кылат.

*«Центерра Голд» компаниясынын штаб-квартирасы Канадада жайгашкан. Анын үч негизги алтын кенин өндүрүүчү рудниги бар — Кыргызстандагы «Кумтөр», Британиянын Колумбия провинциясында «Маунт Миллиган» жана Түркиядагы «Оксют» кендери.

8-майда «Центерра Голд» компаниясы да билдирүү таратып, анда компания сотко арыз жазгандардын бири Кемелбек Кутманов Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын уулу экенин маалымдаган.

Ошондой эле, аталган компания 2017-жылы Кыргызстандын бийлиги менен айлана-чөйрөнү коргоо боюнча стратегиялык келишим түзгөнүн эскерткен. Келишимге ылайык, компания мөңгүлөргө кендин калдыктарын топтоонун натыйжасында экологияга алып келген залал үчүн кенемте төлөөдөн бошотулганын белгилеген.

Кумтөрдү текшерүүчү депутаттык комиссия 17-февралда «Республика — Ата-Журт» фракциясынын демилгеси менен түзүлгөн. Комиссиянын башчысы болуп депутат Акылбек Жапаров дайындалган.

Үстүбүздөгү жылдын мартында «Центерра Голд» команиясы «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүнө депутаттардын жана мамкызматтардын текшерүүлөрү тоскоолдук жаратып жаткандыгын билдирген.

Анда мамлекеттик комиссиянын төрагасы депутат Акылбек Жапаров аталган ишкананын жетекчилигинен убактылуу кеңсе жана бардык докмунеттерге жеткилик сурап жаткандыгы жазылган.

Ошондой эле, билдирүүдө компания Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу комиссия түзүү укугуна ээ эмес деп белгиленген. Мындан сырткары, компания парламент «мамлекеттин жашап кетиши үчүн техникалык функцияларды гана аткарышы керек» деп эсептейт.

«Бүгүнкү күндүн шартында компания өзүнүн негизги ишмердүүлүгүн токтотуп, мамлекеттик органдардын сурам каттарына жана текшерүүлөрүнө жооп берип отурушу керек дегендей пикир калтырып жатат. Мындай абалда өнүгүү тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес», — деп белгилешкен компаниядан.

Жогорку Кеңеш түзгөн биринчи комиссия биринчи эмес. Мурдагы президент Курманбек Бакиев кулатылгандан кийин эл өкүлдөрү алтын кенди текшерүү үчүн 2012-2013-жылдары депутаттык жана мамлекеттик комиссияларды түзгөн. Ал учурда депутаттык комиссияны азыркы президент Садыр Жапаров жетектеген.

Алар 2009-жылы Бакиевдин тушунда түзүлгөн макулдашуу «өлкөнүн кызыкчылыктарына толук жооп бербейт» деген чечим чыгарып, аны кайра карап чыгууну сунушташкан. Centerra Gold Inc. компаниясы менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосундагы узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин 2017-жылы Стратегиялык келишимге кол коюлган

Кумтөр Кыргызстандагы эң ири алтын кени — анын аянты 26,3 миң гектарды түзөт. Кенди 1992-жылдан бери канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы иштетип келет. Кыргызстан бул компаниянын 26% үлүшүнө ээлик кылат. Жылдын башында экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев алтын казуучу компанияга кошумча жерди «мыйзамсыз» берген деген шек менен кармалган.