Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга вакцина алуу үчүн 20 млн доллар берет, анын жарымы — кредит

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитети 31-майда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүүрү ассоциациясынын ортосунда (ЭӨА — Дүйнөлүк банктын тобу) «COVID-19 боюнча шашылыш долбоору үчүн кошумча каржылоо» жөнүндөгү макулдашуунун долбоорун жактырды.

Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга долбоордун негизинде 20 млн доллар берүүнү пландап жатат. Анын ичинен 10 млн доллар — грант, дагы 10 млн доллар 0,75%дык ченде кредит түрүндө берилет. Насыя мөөнөтү 6 жылдык жеңилдик убактысын кошкондо 38 жылды түзөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бул долбоордун негизги максаты — «COVID-19 вакцинасына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо» экендигин белгиледи.

Кыргызстан жана Дүйнөлүк Банк

2020-жылдын июнь айында Кыргызстан Дүйнөлүк Банктан табият кырсыктарын алдын алуу жана мектептердин сейсмикалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу үчүн 55 млн доллар алган. Бул сумманын жарымын Дүйнөлүк Банк грант катары, ал эми калган бөлүгүн 38 жылда төлөп берүү шарты менен 0,75%дык ченде берген.

Кыргызстан 2020-жылдын июль айында дагы Дүйнөлүк Банктан Ош облусун өнүктүрүү үчүн 60 млн доллар кредит алган — анын 30 млн доллары грант жана дагы 30 млну кредиттик каражат. Кредитти Кыргызстан 2026-жылдан 2057-жылга чейин төлөп бүтүүсү керек.

Тема боюнча окуңуз: 

Кыргызстандын мамлекеттик карызы дээрлик 5 млрд долларга жетти — Каржы министрлиги