2020-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 928,67 млн доллар же 407 353, 36 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бул сумманын көп бөлүгү — 4 220, 31 млн доллар — сырткы карызга туура келет.
Кыргызстандын мамлекеттик карызы
2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам жана экономикалык, андан кийинки саясий кризистен кийин республикада тышкы карызды төлөө маселеси курчуган. Былтыр март айынын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 млрд долларды түзгөн.
Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстандын бюджети чыгым тарткан, мындан улам парламент майдын ортосунда биринчи окууда түзөтүлгөн бюджетти рекорддук 28 млрд сом таңсыктыгы менен жактырган.
2020-жылдын бюджети парламент тарабынан алгач болгону 10 млрд сом таңсыктык менен жактырылган.
Ушундан кийин экс-президент Сооронбай Жээнбеков тышкы кредиторлорго бир нече жолу кайрылып, тышкы карызды, реструктуризациялоону же төлөө мөөнөтүн узартууну суранган. Ошондой эле, Жээнбеков тышкы карызды төлөө шарттарын жеңилдетүү өтүнүчүн Кытай тарапка дагы жолдогон: республиканын кытайга болгон карызы 2 млрд доллардан ашкан.
Сүйлөшүүлөр 2020-жылдын октябрь айында өлкөдө бийлик алмашкандан кийин дагы уланган.
Ноябрь айында ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровдун демилгеси менен тышкы карызды төлөө үчүн атайын эсеп ачылган. Жапаровдун айтымында бул мигранттардын, ишкерлердин жана башка эл арасындагы адамдардын өтүнүчү болгон.
Ошол эле мезгилде кыргызстандыктар мамлекеттик карызды төлөөгө көмөктөшүп келишет — 2020-жылы бюджет дээрлик 80%га салык төлөмдөрүнөн куралат деп пландалган.
Демек, кыргызстандыктар тышкы карызды төлөө үчүн атайын эсепке акча которсо, эки жолу төлөгөн болот.
Каржы министрлигинин маалыматында, 2021-жылдын 1-январына карата бул эсепте болгону 1 млн 29 миң сом каражат болгон. Атайын эсеп ачылгандан бери 2000 сом жеке тараптардан, 27 миң сом юридикалык жактардан түшкөн. Калган миллион сомду Адылбек Асанов аттуу ишкер төккөн. Аты аталган ишкердин «Кыргызстан» партиясы менен кыйыр байланышы бар.
Кыргызстан кимге карыз?
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн тогуз кредитору бар, алар менен эки тараптуу жеңилдетилген милдеттенмелер байланыштырат.
Алардын ичинен эң чоңу — Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкы. Ага мамлекеттик тышкы карыздын 41,8% же 1 766,00 млн доллар туура келет.
Кыргызстанда эки өнөктөшү менен эки тараптуу жеңилдетилген милдеттенмелер бар. Бул Даниянын Экспорттук-Кредиттик фонду (2,60 млн доллар) жана Германиянын Гермес Кредитверзихерунгс-Актингезельшафт (5,68 млн доллар). Алардын ар бирине тышкы карыздын 0,1% туура келет.
Кыргызстандын ондогон уюмдар жана бирикмелердин алдында көп тараптуу жеңилдетилген милдеттенмелери бар. Баарынан дагы бул категорияга Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын алдындагы карыз кирет [МАР - Дүйнөлүк Банктын тобу] — 677,43 млн доллар же жалпы тышкы карыздын 16,1%ын түзөт.
Бул категориядагы карыздар боюнча экинчи орунда Азия өнүктүрүү банкы турат. Ага Кыргызстандын тышкы мамлекеттик карыздын 14,3% же 605,40 млн доллар туура келет.
Үчүнчү орунда Эл аралык валюталык фонд, мамлекеттик карыздын 8,9%ы же 376,38 млн доллар ага туура келет.
Мындан тышкары Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы деген дагы кредитор бар, анын алдында Кыргызстанда көп тараптуу жеңилдетилген милдеттенмелери бар. Ага мамлекеттик карыздын 1,2% же 50,23 млн доллар туура келет.