Акылбек Жапаров 2003-жылы Кумтөр боюнча документтерге кол койбогонун айтты

Экономика жана финансы министри, «Кумтөрдү» текшерүү боюнча мамкомиссиянын башчысы Акылбек Жапаров Кумтөрдү реструктуризациялоо боюнча 2003-жылдагы өзү сындап жүргөн документтеги кол тамгасына байланыштуу комментарий берди.

Анын айтымында, Акылбек Жапаров өзү салык жана бажы алымдары боюнча комитеттин жетекчиси болуп турганда кол коюуга келген көп сандаган документтердин эң алгачкысы — ушул өкмөттүк документ.

«Эл алдына чыгып сүйлөгөн сөздөрүмдө бир нече ирет белгилегендей, Кыргызстан үчүн мындай кыйла пайдасыз алтын кен долбоорун реструктуризациялоо долбооруна принципиалдуу каршылыгымдан улам, андан кийинки документтерде, анын ичинде канадалыктар менен сүйлөшүүлөр боюнча жыйынтыктоочу протоколдордо менин колум жок», — деп жазган ал фейсбук барагына.

Ошондой эле ал эксперттердин 2003-жылы Торонтодогу жыйынтыктоочу жолугушуусунун протоколунун сүрөтүн чыгарган, ал жерде анын колу жок.

Ал өз дарегине маалыматтык чабуул болорун күткөнүн кошумчалап, бирок аларды «кудурети жок экени айдан ачык болуп тургандандыктан» таптакыр пайдасыз деп атады.

Буга чейин 24.kg маалымат агенттиги финансы министрлигинин Кумтөрдү реструктуризациялоо боюнча 2003-жылдагы расмий катында Акылбек Жапаровдун колу турганын билдирген. Анда финансы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев ошол кездеги өкмөт башчысы Николай Танаевге кыргыз делегациясынын «Камеко» корпарациясы менен сүйлөшүүсү тууралуу отчётун жөнөткөн.

* «Камеко» — Кумтөр кенин иштетүү боюнча алгачкы келишим түзүлгөн канадалык компания. 1992-жылкы келишимге ылайык окшош аталыштагы алтын казуучу ишканада Кыргызстандын үлүшү 67%, ал эми «Камеконун» үлүшү 33% түзгөн. 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун «Камеконун» «туунду» компаниясы «Центерра Голд» менен кайра түзүмдөштүрүү боюнча келишим түзүлгөн.

Жапаровду айыптоо

Мурдараак Кыргызстандын кулатылган биринчи президенти Аскар Акаев азыркы учурда сынга алынып жаткан кенди иштетүү боюнча 2003 жана 2009-жылдардагы канадалыктар менен түзүлгөн келишимдерди түзүүгө Акылбек Жапаров активдүү катышканын жана ал азыркы түзүлгөн кырдаалга «эң биринчи күнөөлүү» экенин билдирген.

«2003-жылы мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын негизги мүчөсүнүн бири ошол Жапаров болгон, Жогорку Кеңештин депутаты катары. Ал ошол комиссияда толук иштеп, Канаданын Торонто шаарына барып, “Камеконун” штаб-квартирасында болуп, сый-урматын көрүп келип, анан өтө мактаган: “Камеко” өтө бай тажрыйбасы бар, татыктуу компания экен.

Келишим дагы ар тараптуу кызыкчылыктарга толук жооп берет деп өзү мактап, колдоп берген ошол 2003-жылы. Ошонун негизинде Танаев премьер-министр катары келишимге кол коюп, чечим кабыл алышкан болчу. Ошондо Жапаров кемчилик тууралуу эч жерде ачык айткан эмес», — деген мурдагы президент.

Кыргызстандын экинчи бозгун президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин үзөңгүлөшү жана ошол убакта «Центерранын» директорлор кеңешине мүчө болгон адвокат Алексей Елисеев дагы Акылбек Жапаровго байланыштуу келишим тууралуу терс оюн билдирген. Бирок Елисеев 2007-жылдагы келишимге токтолгон.

«Ал кезде «Камеко» жана «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдү Данияр Үсөнов жүргүзгөн. Үсөнов 2006-жылы алар менен меморандумга кол койгон. Андан кийин анын ордуна Атамбаев менен Акылбек Жапаров келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2007-жылы келишим түзүп парламенттин кароосуна жөнөтүлгөн. Ошол маалда бул ишке мен дагы кошулдум — мени маркум Медет Садыркулов чакырган. Мага адвокат катары юридикалык корутунду даярдоону тапшырышкан. Мен иш менен таанышканда чачым тик туруп калды. Кандай нерселерди күчүнө киргизүү сунушталганын көрдүм. Келишим абдан начар болчу», — деп ынандырган Елисеев.

2007-жылдагы келишимди өлкөдөн качкан Курманбек Бакиев дагы эскерген.«Акылбек Жапаров 2007-жылы иштеген келишимди парламент кабыл алган эмес. Эсимде болсо ага Атамбаев кол койгон, бирок парламент ратификациялаган эмес. Экинчиден, 2003 жана 2009-жылдагы келишимдердин ортосундагы айырманы түшүнүш үчүн окуганды эле билген жетиштүү. Азыр сан жана фактыларды келтиргим келген жок, анын баары ачык булактарда бар, каалаган адам окуп, жыйынтык чыгарып алса болот», — деп билдирген ал.

Мурдагы президенттердин жана алардын айланасында мурда жүргөн адамдардын баары «Кумтөр» маселесине келгенде күнөөлөрү жоктуган, алардын учурундагы келишимдер ийгиликтүү болгонун айтып, өздөрүнөн кийин келгендерди же кийинки өлкө башчыларын күнөөлөшүүдө. Ошондой эле алар Акылбек Жапаровду дагы сынга алышууда — Акаев, Бакиев жана Садыр Жапаровдун учурунда да «Кумтөр» боюнча комиссияда болгон.

Тема боюнча:

«Акылбек Жапаров эң биринчи күнөөкөр». Аскар Акаев Кумтөр боюнча айыптарга жооп берди