Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан айыптоолорго жооп кайтарды. Акаев «AVTOR TV» долбооруна кеңири интервью берип, анда өзүнүн дарегине айтылган коррупция боюнча айыптоолорго жана маркум уулу Айдардын Кумтөрдөн акча каражаттарын чыгарып кетүүгө тиешеси бар делген айыптоолорго жооп берген.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердегин иликтеген мамлекеттик комиссиянын жетекчиси депутат Акылбек Жапаров айыптарды 17-майдагы парламенттин кезексиз жыйынында айткан.

Мындан тышкары, Акаев азыркы учурда сынга алынып жаткан кенди иштетүү боюнча 2003 жана 2009-жылдардагы канадалыктар менен түзүлгөн келишимдердин кээ бир жагдайларына токтолгон. Анын айтымында, Кыргызстан үчүн пайдасыз деп эсептелген документтин эки вариантын тең түзүүдө Акылбек Жапаров активдүү катышкан жана азыркы түзүлгөн кырдаалга ал «эң биринчи күнөөлүү».

Жапаров жана анын тарыхтагы ролу жөнүндө

Аскар Акаев белгилегендей, Акылбек Жапаров өз сөзүндө бозгун президент Курманбек Бакиевдин учурунда 2009-жылы түзүлгөн Кумтөр боюнча келишим тууралуу «эч кандай сөз кылган эмес». Ушул эле маалда ал «Акаев жана Танаевдин маалында түзүлгөн 2003-жылкы келишимге басым жасаган».

«Жапаровдун максаты кандай? Негизги максаты — коомчулуктун пикирин ошол 2009-жылдагы келишимден буруп, 2003-жылдагы келишимге басым коюу. Себеби эмнеде? Себеби Жапаров өзү ошол Кумтөрдүн тегерегинде чоң адис, ал башынан эле баардык комиссияларга экономист, депутат катары катышып келген, кызыкчылыгы да болушу мүмкүн», — деди Акаев.

Аскар Акаев 2003-жылы анын бийлиги учурунда Акылбек Жапаров дагы Кумтөр боюнча мамкомиссияда болгонун белгиледи. Ошондой эле, документке кол коюуда Жапаров чоң ролду ойногон.

«2003-жылы мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын негизги мүчөсүнүн бири ошол Жапаров болгон, Жогорку Кеңештин депутаты катары. Ал ошол комиссияда толук иштеп, Канаданын Торонто шаарына барып, “Камеконун” штаб-квартирасында болуп, сый-урматын көрүп келип, анан өтө мактаган: “Камеко” өтө бай тажрыйбасы бар, татыктуу компания экен. Келишим дагы ар тараптуу кызыкчылыктарга толук жооп берет деп өзү мактап, колдоп берген ошол 2003-жылы. Ошонун негизинде Танаев премьер-министр катары келишимге кол коюп, чечим кабыл алышкан болчу. Ошондо Жапаров кемчилик тууралуу эч жерде ачык айткан эмес», — деди мурдагы президент.

* «Камеко» — Кумтөр кенин иштетүү боюнча алгачкы келишим түзүлгөн канадалык компания. 1992-жылкы келишимге ылайык окшош аталыштагы алтын казуучу ишканада Кыргызстандын үлүшү 67%, ал эми «Камеконун» үлүшү 33% түзгөн. 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун «Камеконун» «туунду» компаниясы «Центерра Голд» менен кайра түзүмдөштүрүү боюнча келишим түзүлгөн.

Тема боюнча караңыз: Инфографика: 22 жылдын ичинде Кыргызстандын «Кумтөрдөгү» акцияларынын үлүшү кандай өзгөргөн

Акылбек Жапаровду 2009-жылдагы кен маселелери менен алектенгендердин тизмесинен да көрүүгө болот. Акаевдин айтымында, Акылбек Жапаров Кыргызстанга болгону 33% акция тийген 2009-жылдагы келишимди иштеп чыгууга дагы жардам берген.

«2009-жылы ал экономикалык иштер боюнча вице-премьер болчу. Бакиевдин [Курманбек Бакиев] буйругу менен 2009-жылдагы келишимди ошол Акылбек Жапаров түзгөн. Акылбек Жапаровдун кеңеши менен Бакиев ошол келишимди Жогору Кеңшке алып чыгып, мыйзам катары бекитип берген», — деп белгиледи.

Мына ошондуктан Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссиянын биринчи отчетунда жана парламенттин кезексиз жыйынында дагы 2009-жылдагы келишим жөнүндө өтө аз айтылган.

«Жапаров эмне үчүн мени күнөөлөп жатат? Себеби ал Бакиевди бир дагы сөз менен эстеген эмес. Бир да жолу Бакиевдин фамилиясын айткан жок. Себеби ошол Бакиевдин буйругу менен 2009-жылдагы, мына бүгүнкү кризиске алып келген келишимди ошол Акылбек Жапаров өзү иштеп чыккан», — деди Акаев «ошол убакта “Кумтөр Голд Компаниге” өзгөчө преференциялар берилгенин» жана ошондуктан «алар утуп чыгышаарынан күмөн санашпасын» кошумчалап.

Экология тууралуу

Мурдагы президент дал ушул Жапаровдун аркасы менен өлкө экологиялык зыянга учурады деген пикирде.

«2009-жылы келишимде Акылбек Жапаровдун сунушу менен эки мөңгүнү — Давыдов жана Лысыйды Кумтөргө мыйзам менен бекитип берип коюшкан. Бул өзү одоно бузуу болгон, себеби 90-жылдарда биз изилдеп, мыйзам ченемдүү тыюу салганбыз — ошол Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эч качан иштетилбейт, анын алдындагы алтын казылбайт деген мыйзам кабыл алынган болчу», — деди Акаев.

Ошондой эле, «ошонун баарын Акылбек Жапаров абдан жакшы билгенин» кошумчалады.

Акаев саясатчы эмнеге «эки мөңгүнүн өтүп кетишине жол берген» деп таң калат.

«2003-жылы дагы Кумтөр маселе койгондо, биз айтканбыз: “Эки мөңгү эч качан иштетилбейт, себеби, анда экологиялык катастрофа болот”. 2009-жылы ошону билип туруп ушундай кадамга барган Акылбек Жапаровду биринчи жоопко тартыш керек. Эгерде билбей туруп келишим түзсө кечиримдүү болор эле [...] Биринчи күнөөлүү ошол — Акылбек Жапаров: билип, көзү жетип туруп ушул кылмышка барган», — деди Акаев.

Айыптоолор боюнча

Мурдагы президент, коррупция жана Кумтөрдүн жардамы менен байыган деген айыптоолорду дагы белгиледи. 2005-жылы Акаевди бийликтен түшүрүп мамлекет башчысы болгон Курманбек Бакиев «Акаевдин байлыгын таап элди байытабыз» деп өзүнүн биринчи жарлыгы менен өкмөттүк чоң комиссия түзгөн. Аталган комиссия «анын байлыгын таппаганын» Акаев эскертти.

«Мага, менин маркум уулум Айдарга карата Кумтөрдөн млрд доллар алган, ошол млрдды таап келип элибизди жыргатабыз, байытабыз деп бир топ иш козголгон. Ошол млрдды табыш үчүн Данияр Үсөнов менен Азимбек Бекназаров 1 миллион долларга эл аралык изкубар Либерманды жалдашкан. Ага Американын ФБРи жардам берген. Ошентип бүт дүйнөдөн издеп, Канадага барып “Камекону” изилдешип, бирок кийин Бекназаров өз оозу менен расмий түрдө “Акаевдин бир дагы центин тапкан жокпуз” деген», — деди ал.

«Кумтөрдүн» айланасында эмне болуп жатат?

Парламентте 17-майда Кумтөр кенине жана алтын казуучу «Кумтөр Голд Компани» ишканасына байланышкан кезексиз жыйын өткөн. Анда 91 депутат «Кумтөргө» убактылуу тышкы башкаруучуну дайындоого макулдугун берген — башкаруучуну министрлер кабинети менен Маммүлктү башкаруу боюнча фонду тандайт.

Кумтөр — Ысык-Көл облусунда жайгашкан Борбор Азиядагы эң ири алтын кени. Аны Канаданын Centerra Gold Inc. иштетип келет. Кыргызстан Centerraнын акциясынын 26%на ээлик кылат. «Кумтөр Голд Компани» ишканасы Centerra Gold Inc. аркылуу башкарылат.Октябрь райондук соту 7-майда «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан мамлекеттин пайдасына 261,7 млрд сом же 3 млрд доллар өндүрүп алууну чечкен.

Буга төрт жаран Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын топтоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылып сотко кайрылганы негиз болгон. Сотко доо арыз менен кайрылган доогерлердин экөөсү адамды барымтага алуу иши боюнча айыпталуучу катары өтүшкөн — бул иште президент Садыр Жапаров дагы фигурант болгон.

Ал эми 12-майда Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия ишинин алдын ала жыйынтыгын чыгарып, алтын казуучу компаниядан, буга чейин сот талап кылган каражаттарды эске алуу менен 459 млрд сом (4 млрд 252 млн доллар) өндүрүп алууну сунуштаган.

Ошондой эле депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү.

Буга чейин дал ошол парламенттин депутаттары бул үчүн негиз түптөшкөн — алар дароо үч окууда каалаган компанияга сырткы башкаруу киргизүүгө жол ача турган мыйзамды кабыл алышкан. Мыйзамга ылайык, эгерде компания кеңдерди коргоо талаптарын, мыйзамда бекитилген экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздук нормаларын бузса, же иштин таасир этүүчү аймагында жашаган адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурса, ошол эле маалда келтирилген зыянды жоюу боюнча эч кандай чара көрбөсө сырткы башкаруу киргизилет. Жапаров бул мыйзамга 14-майда кол койгон.

15-майда ЖМКларда укук коргоо органдары Кумтөр компаниясынын кеңселеринде тинтүү жүргүзүп жатканы айтылган. Анда УКМК тергөө жүрүп жатат деген жүйөө менен, комментарий берүүдөн баш тарткан, бирок 17-майда тинтүү жүргөнүн тастыктаган.

Жогорудагылардын баарынан улам Centerra Gold Inc.Кыргызстандын өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылган.Ошондой эле Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) мамлекеттин компанияны «жутуп алуусу» Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүнү да, республиканын инвесторлор алдындагы беделин да түшүшүрүп коркунучка кептээрин билдирген.

Канаданын өкмөтү да Кумтөрдүн айланасында болуп аткан окуяга карата үн каткан. Билдирүүгө ылайык, «Кумтөр Голд» компаниясына тышкы башкаруу киргизүүгө өтүү Кыргызстанга «түз келген чет өлкөлүк инвестицияларга узак убакытка залалын тийгизиши ыктымал». Анткен менен жаңы тышкы башкаруучу — Тенгиз Бөлтүрүк — кендин жааматы менен тааныштырылды.