Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын БУУдагы өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Алмазбек Бейшеналиевди Бириккен улуттар уюмундагы жана Швейцариянын Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү кылып дайындады. Тиешелүү буйрукка Жапаров 2-июнда кол койду.

Бейшеналиев билим берүү министри кызматынан 5-майдан бошотулуп, анын ордуна Болотбек Купешов келген.

Бейшеналиев билим берүү министри болуп өткөн жылдын 14-октябрында дайындалган болчу. Ага чейин ал Борбордук Азия регионалдык институтунун директору болгон.

Бейшеналиев 2018-жылга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүн жетектеп келген. Ошондой эле, ал 2012-жылы Польшанын Варшава шаарынын Вистула университетинде проректор кызматын аркалаган. 2013-жылдан тартып Жонс Хопкинс университетинде профессор болуп, сабак берип келет.

Мындан сырткары, Бейшеналиев Германиянын Людвигсбург педагогикалык университетинин магистратурасын аяктаган. Кыргызстанга келип Жаш ишкерлер ассоциациясын негиздеген.