Билим берүү министри болуп Болотбек Купешов дайындалды. Ал ким?

Болотбек Купешов

Жаңы министрлер кабинетинин курамына билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев кирген жок. Анын ордуна Болотбек Купешов дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 5-майда кол койду.

Бейшеналиев фейсбук баракчасына министрлик кызматка өлкөдө саясий абал курч болуп турганда, оор кырдаалда келгенин айтып, ага колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.

«Мамлекетимдин бюджетинин ири бөлүгүн алган менен билим, илимдеги өнүгүүгө тыйын бөлүнбөгөн финансылык тартыштык маселеси турду. Бирок ага карабастан элибиздин колдоосу, мугалим, педагог, илимпоздорубуздун күжүрмөндүгү менен позитивдүү маанайда иш алып барганга аракет кылдык», — деп жазган ал.

«Марал FM» басылмасы депутат Рыскелди Момбековго таянып Алмазбек Бейшеналиев Бельгияга элчи болоорун жазды. Бирок бул тууралуу расмий буйрук чыга элек.

Болотбек Купешов деген ким?

Купешов 61 жашта. Ал 2004-жылы Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын директору болуп иштеген. Андан бир жылдан кийин Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Мындан сырткары, 2008-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районун башкарган. Жаңы кызматка дайындалганга чейин Соода-өнөр жай палатасынын түндүк аймактар менен иштешүү департаментинин жетекчиси кызматын аркалаган.

Алмазбек Бейшеналиев деген ким?

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү министри болуп өткөн жылдын 14-октябрында дайындалган. Ага чейин ал Борбордук Азия регионалдык институтунун директору болгон. 2018-жылга чейин өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүн жетектеп келген.

Ошондой эле, Бейшеналиев 2012-жылы Польшанын Варшава шаарынын Вистула университетинде проректор кызматын аркалаган. 2013-жылдан тартып Жонс Хопкинс университетинде профессор болуп, сабак берип келет.

Мындан сырткары, Бейшеналиев Германиянын Людвигсбург педагогикалык университетинин магистратурасын аяктаган. Кыргызстанга келип Жаш ишкерлер ассоциациясын негиздеген.