«Sputnik Тажикстан» эки үйдүн сүрөтүн тажик айылында тартылган деп туура эмес маалымдады

«Sputnik Тажикстан» 29-майда «Кыйраган Хистеварз: тажик-кыргыз чек арасындагы чырдын кесепеттери сүрөттөрдө» аталышындагы макала жарыялаган. Factcheck.kg басылмасы аталган макалада кыргыз айылында тартылган эки сүрөттү Хистеварз айылы деп көрсөткөнүн аныктады.

Макалада тажикстандык журналист Амир Исаевдин 15 сүрөтү тиркелген — анын экөө Борбордук айылында тартылган. Анткен менен «Sputnik Тажикстан» алардын баары Хистеварзда тартылганын белгилеген.

Журналисттер сүрөттөрдүн кайсы жакта тартылганын Google-карта аркылуу табышкан.

Factcheck.kgнин материалынан кийин «Sputnik Тажикстан» бул макаланы өчүрүп салды.

Мындан сырткары Factcheck.kg тажикстандык журналисттер «кыргыз айылы» же «Кыргызстандын аймагы» дегендин ордуна, «кыргыздар контролдогон талаштуу аймактар» деп жазганына көңүл бурушту. Фактчекерлер «Sputnik Тажикстан» бул ыкма менен окурмандарын манипуляциялап, өзүнүн оюн таңуулаганга аракеттенгенин белгилешти.

Ошондой эле, «Sputnik Тажикстан» Баткен облусунун Лейлек району Тажикстанга караштуу делген басмадан кеткен ката жаңжалда болгон бир тарапты кыжырдантат деген пикирди жазды Factcheck.kg.

«Sputnik Тажикстан» басылмасынан алынган скрин

Максат айылында тартылган сүрөт

Буга чейин Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети (ӨКК) кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда Согди облусунда бузулган үйлөр тууралуу тараткан маалыматта Лейлек районунун Максат айылында тартылган сүрөттү колдонгон. Сүрөттү «Клооптун» оператору Хамидулло Узаков тарткан болчу.

Тажикстандын ӨККсы жарыялаган сүрөттө Максат айылынын Назимбай аттуу тургунунун өрттөлгөн турак жайы болгон. Үй 30-апрелге караган түнү тажик аскерлери айылга бастырып киргенде өрттөлгөн.

Кийинчерээк тажикстандык ведомство өзүнүн билдирүүсүндө «Клооптун» сүрөтүн колдонгонун тастыктап, кечирим сураган.