Тажик бийлиги маалымат таратууда «Клооптун» сүрөтүн колдонгону үчүн кечирим сурады

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда Согди облусунда бузулган үйлөр тууралуу тараткан маалыматта «Клооптун» сүрөтүн колдонгонун тастыктады. Муну алар техникалык ката деп сыпаттап, ал үчүн кечирим сурады.

«2021-жылдын 3-майында сайтта жарыяланган макала туура эмес иллюстрация менен чыгарылганы үчүн кечирим сурайбыз. Бул сүрөттү чынында “Клооп” кыргыз агенттигинин журналистине таандык жана ал Кыргызстандын аймагында тартылган», — деп берилет билдирүүдө.

Тажикстандын ӨККсы Хамидулло Узаков Лейлек районундагы Максат айылында тарткан сүрөтүн өчүрүп, анын ордуна тажик ЖМКнын журналисти Мехрангез Турсунзоданын Исфара районунда тартылган сүрөтүнө алмаштырды.

«Клооптун» сүрөтү коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетинин сайтында 3-майда жарыяланган. Анда мекеме Согди облусунун Исфара шаарынын Сурх, Ворух, Чорку жамаатында жана Бобожон Гофуров районунун Овчикалъача айылындагы өрттөлгөн жана жарым-жартылай бузулган үйлөр тууралуу маалымат тараткан.

Сүрөттөгү өрттөлгөн турак жай Максат айылынын Назимбай аттуу тургунуна таандык болгон. Үй 30-апрелге караган түнү тажик аскерлери айылга бастырып киргенде өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарап өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу башталган.

Чек арадагы ок атуулардын кесепетинен 189 киши жарадар болуп, анын ичинен 36 кыргыз жараны каза тапкан. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жабыркагандардын санын ачыктай элек, бирок тажик ЖМКлары жаңжалдан 88 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 20 киши набыт болгонун кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 129 турак үй жана 84 объект жабыркаганын маалымдады.

Мындан улам кыргыз өкмөтү Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүүгө 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалат. Ошол эле учурда өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүү милдетин алат, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт. Бул тууралуу мурдараак УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген.