COVID-19: Коронавирустун жаңы 371 учуру катталды, 9 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

3-июнда коронавирустун жаңы 371 учуру катталды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы — 292, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы — 79. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 169;

Чүй облусунда — 91;

Ысык-Көл облусунда — 24;

Ош шаарында — 40;

Ош облусунда — 20;

Жалал-Абад облусунда — 13;

Талас облусунда — 5;

Баткен облусунда — 1;

Нарын облусунда — 8.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 105 840ка жетти.

Ал эми акыркы суткада 299 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бишкек шаарында — 196, Чүй облусунда — 50, Ош жана Нарын облустарында — алтыдан, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында — он үчтөн, Ош шаарында — он, Талас облусунда — беш бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 99 474 киши оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 662 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 448 киши оор, 93 бейтап өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 1 847 киши дарыланып жатат.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 5 387.

Мындан сырткары, акыркы суткада Бишкек шаарында — беш, Чүй облусунда — төрт COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Кыргызстанда илдеттен 1 830 киши көз жумду.

Ошондой эле, акыркы суткада 13 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгы кабарланды. Бишкек шаарында — төрт, Ош шаарында — алты, Чүй облусунда — эки, Ош облусунда — бир медиктен илдет аныкталды. Жалпысынан коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 4 708ге жетти, анын ичинен 4 598 медкызматкер илдеттен айыкты.