«Шайтанды дагы пайдаланышыбыз керек». Текебаев Кумтөр маселесинде саясий күчтөр биригиши керек деген ойдо

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө Кумтөр кени маселеси боюнча жана буга байланыштуу козголгон кылмыш иштер тууралуу пикирин билдирди.

Текебаев Кумтөр кенинин Кыргызстанга «миллиарддаган пайда» алып келип, мындан ары бюджетке да ири өлчөмдөгү киреше алып келүүчү потенциалы бар деп белгиледи. Саясатчынын айтымында, антен менен 2003-жылы кол коюлган «кылмыштуу келишимдин» айынан ал «башка субъектилердин» кызыкчылыктарына иштеп келет.

*2003-жылга чейин Кыргызстан «Кумтөр» долбоорунун 67 пайызына ээлик кылган. Бирок ошол жылы кыргыз бийлиги реструктуризация боюнча атайын комиссия түзүп, анын натыйжасында 2004-жылы Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшү 33 пайызга түшүп кеткен.

Текебаев 2003-жылы канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен келишим түзгөн бийлик өкүлдөрүн аныктап, алар камактан кутулуп кетсе дагы иш-аракеттерине юридикалык баа берилиши керек деген ойдо.

«Эмне үчүн? Анткени бизди Эл аралык [арбитраждык] сот күтүп турат. Анда биз Кумтөр боюнча келишим башынан эле коррупциялык экендигин — президент, өкмөт баш болуп кол алдындагыларга тапшырма берип, зордоп, ошентип жасап жатканын — далилдеп алып барсак дүйнөлүк коомчулукта коррупция дегенге, ошол эле Канада, Америка, Европа деле терс [пикирин] билдирет. Бүгүн баарын массалык түрдө кармап, ошону далилдеп аткандын себеби бул “өч алуу же пиар” катары карабастан, биз далилдик базабызды бекемдөө катары караш керек», — деди Текебаев.

Ошол эле учурда Текебаев кармалган аткаминерлердин күнөөсү бар же жогу азырынча белгисиз болгонун, ошондуктан УКМК иштин жүрүшү тууралуу коомчулукту маалымдап турушу керек деген пикирде.

*31-майда атайын кызмат депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду «Кумтөр ишинин» алкагында кармаган. Кармалгандардын баары тең тергөө абагына эки айга киргизилди.

«Артка жол жок»

Текебаев Centerra Gold Inc. менен соттошкондон сырткары Кумтөр кенин улутташтыруу зарыл деп билдирди.

«Артка жол жок. Аны алыш үчүн бардык саясий күчтөр, Кыргызстандын коомунун бардык топтору бир муштум болуп биригишибиз керек. Бул жерде эч кылтыңдап, коркуп-үркүп, шек саноого жол бербешибиз керек», — деди саясатчы.

«Ата Мекендин» лидери улутташтырууну Бириккен улуттар уюмунун кабыл алган Дүйнөлүк табият жөнүндө хартиянын жана башка резолюциялардын негизинде жүргүзсө болот деп билдирди. Анын айтымында, аталган хартияда «табигый ресурстарды жана байлыктардын эркин эксплуатациялоо укугу жөнүндө деп мамлекеттин укуктары да» камтылган.

Саясатчынын айтымында, бул эгерде чет өлкөлүк компаниялар же ишкерлер экологиялык нормаларды бузуп жатса мамлекет «элдин кызыкчылыгы үчүн ар кандай менчиктерди тартып алып коюуга толук укуктуу» дегенди билдирет. Менчикти тартып алуу мамлекеттин соту аркылуу дагы жүргүзүлө алат деп эсептейт Текебаев.

*Октябрь райондук соту майдын башында «Кумтөр Голд Компани» өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын экологиялык талаптарды бузуу менен топтогонун аныктаган. Компания 263 млрд сом же 3 млрд долларлык кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилген.

«“Бирок [компаниянын] баасын төлөп бериши керек” дейт. Биз Кумтөрдү тартып алсак, анын баасын жана качан беришибиз керектигин биз аныктап беришибиз керек. 10 жылда беребиз, 300 млн доллар болот экен — аны түшкөн пайданын эсебинен да берип койсок болот. Бардыгы коркуп жатат: “Кумтөрдү улутташтырсак 3-4 млрд акчабыз жетпейт” дейт. “Кумтөр Голддун” 2012-жылкы бухгалтердик отчётунда анын балансында баасы аныкталган — 615 млн доллар. Макул быйыл 700 млн доллар болсун, бирок анын 67 пайызы биздики да. Ошондой жарымынан азын төлөп берет экенбиз. “Төлөп беребиз” деп соттон чечим чыгарышыбыз керек. Алар [“Кумтөр Голд Компани”] бизге карыз болуп калды — карыздын эсебинен жабып койсок болот», — деди Текебаев.

«Биздин позицияны начарлаткан бир жагдай бар»

Давыдов мөңгүсү

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын соту «Кумтөр Голд Компанини» 3 млрд доллар төлөөгө милдеттендиргени менен алдыда Эл аралык арбитраждык сот бар экенин дагы бир жолу эскертти. Анын айтымында, арбитраждык сотто Кыргызстандын позициясын начарлаткан бир жагдай бар.

«Бул 2017-жылы Суу кодексине “Кумтөр Голд Компани” жана Centerra Gold Inc. “мөңгүлөрдү талкалай берсе болот” деп мыйзам кабыл алып берип койгонбуз. Депутаттарды зордогон, өкмөт киргизген, президент кол койгон. Бул кылмыштуу мыйзам», — деди Текебаев.

*Суу кодексинде мөңгүлөрдүн ээришин тездетүүгө таасир эткен ар бир иш-аракетке тыюу салынган. Бирок 2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул чектөөлөр Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө тиешеси жок.

Ошондой эле Текебаев мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Centerra Gold Inc. ишканасынын буга чейинки жана мындан кийинки экологиялык зяндарга доо коюудан баш тартканын билдирди. Саясатчы ушул эки документ Эл аралык арбитраждык сотто Кыргызстанга каршы иштеп калышы мүмкүн дейт.

«Шайтанды дагы пайдаланышыбыз керек»

Акылбек Жапаров

«Ата Мекендин» лидери экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд Компани» менен соттошууга даярдык көрүп жатканы тууралуу да комментарий берди. Текебаевдин айтымында, Centerra Gold Inc. менен соттошууда Кыргызстанга «коёндун жатагына чейин билген» адам керек.

«Керек болсо биз ушул ишти аягына чыгаруу үчүн шайтанды дагы пайдаланышыбыз керек. Бирок Акылбек Жапаров Кумтөрдү толугу менен Кыргызстанга өткөрүп алгандан кийин анын жоопкерчилиги болсо каралат. Анан ал каралып жатканда анын жасаган иши эске алынат», — деди Текебаев.